"Ата керээзи" тасмасы дагы бир эл аралык сынакта байгелүү кайтты

© Фото / Дастан Жапар уулуКонкурс Международный кинофорум "Золотой витязь"
Конкурс Международный кинофорум Золотой витязь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын Витязь" эл аралык кинофоруму 27-жолу өткөрүлүп, төртүнчү ирет Севастополь шаарында уюштурулууда.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. "Ата керээзи" тасмасы Севастополь шаарында өткөн "Алтын Витязь" аттуу XXVII эл аралык кинофорумунда "Күмүш Витязь" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу тасманын режиссерлорунун бири Дастан Жапар уулу билдирди.

Анын айтымында, форумга дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн көркөм, документалдуу жана анимациялык тасмаларды тарткан чыгармачыл топтор келип, жалпы жонунан 137 тасма ат салышкан.

"Конкурста Мэл Гибсондун "По соображением совести" тасмасы, поляк режиссеру Иоанна Кос-Краузенин "Кигалиде ырдаган чымчыктар" жана россиялык режиссер Клим Шипенконун "Союз-7" тасмалары жогорку даражадагы сыйлыктарды багынткан. Ал эми "Коло Витязь" статуэткасына армян режиссеру Давид Сафаряндын "Ысык өлкө, муздак кыш" аттуу фильми татыган", — деди Жапар уулу.

Народная артистка Киргизской ССР,  Герой Кыргызской Республики Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
Эпейген экөө... "Лифти бар үйдөгү тепкичтердеги" таберик сүрөт
"Алтын Витязь" эл аралык кинофоруму 27-жолу өткөрүлүп, төртүнчү ирет Севастополь шаарында уюштурулууда.

"Ата керээзи" буга чейин да бир катар эл аралык фестивалдарда жеңишке жеткен.

Аталган тасма "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен "Элфильм" кинокомпаниясы тарабынан тартылган. Анда өлүм, өмүр темасы жана атанын керээзин кыйынчылык менен орундаткан уулдун окуясы баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0