"Коркут Ата" спектакли Астанада өтчү "Самгау" фестивалына жолдомо алды

© Фото / Нуркыз Рыскул кызы"Коркут ата" спектакли. Архив
Коркут ата спектакли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык маданий иш-чара 10-16-июнь күндөрү өтмөкчү.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык, режиссер Марат Козукеев койгон "Коркут Ата" спектакли Казакстандын Астана шаарында өтө турган эл аралык "Самгау" фестивалына жолдомо алды. Бул тууралуу Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Анын айтымында, учурда чыгармачыл топ фестивалга кызуу даярдык көрүүдө. Маданий иш-чара 10-16-июнь күндөрү өтмөкчү.

Фестиваль прикладного народного искусства в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Быйылтан тарта Кыргызстанда "Айыл оттору" фестивалы өтүп турат
Башкы ролдорду Адыл Болорбек уулу, Шайгүл Алсеитова, Альбина Имашева, Жылдызбек Касеинов, Канболот Атакан уулу, Сонун Батырова аткарган.

Спекталь буга чейин бир топ эл аралык фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды да алып келген.

"Коркут Ата" — оомал-төкмөл дүйнөдө кандай даражадагы адам болбосун, акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык чыгарма. Коркут жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал, IX кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү болгон. Коркут табияттын мыйзамына каршы туруп, эртеби-кечпи келе турган өлүмдөн качууга аракет кылат. Спектаклде ал өзү издеген өлбөстүктү күүгө салып, чыгармаларында түбөлүккө калтырып, өлүмдү акыры жеңгендиги тууралуу баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0