Жаштар арасында көзгө басар комузчулардын бири Закирбек Дүйшөнбек уулу

Закирбек Дүйшөнбек уулу: эки кол чабылмайын үн чыкпайт, ажырашкым келген эмес

3923
(жаңыланган 09:51 12.06.2018)
Адатта чыгармачыл адамдарды көркөмдөп узак сүйлөйт деп сыпаттап жүрөбүз. Закирбек Дүйшөнбек уулу аз, бирок саз сүйлөгөн бир мүнөз адамдардын катарында.

"Рахмат, сонун күү экен. Ии, анан колуңуз ооруган жокпу? Сырттан караган кишиге оор көрүнөт экен", "Мм… анда бул менин кемчилигим, сиз жеңил кабыл алышыңыз керек эле. Кийинки күүмдү татаалдаштырбаңыз, макулбу?" деди кара тору, бакыраң көз жигит комузун сылай.

Маек бүткөндөн кийин ушинтип өнөрпоз адамдарды ырдатып же музыкалык аспаптарда ойнотуп алабыз. Бул ирет студияга жаштар арасында көзгө басар комузчулардын бири Закирбек Дүйшөнбек уулу баш багып, чыгармачылык жолу, үй-бүлөсү жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

— Өзүңүздөн улуу Замирбек, Зайырбек аттуу агаларыңыз жана Чолпон деген эжеңиз бар экен. Үйдүн кенжеси болгондуктан бала чагыңыз эркелик менен өтсө керек?

— Чүйдө, Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында төрөлгөм. Кийин Кара-Балтага көчүп келдик. Төрт жашымдан тарта медреседе окуп, колума комуз алып чыгармачылыкка аралаштым. Ата-энем эртеден кечке жумушта болгондуктан үйдөн агаларым карачу. Чектен ашып бейбаштык кылып, эрке болчусуң деп деле айтышпайт.

Комузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Закирбек Дүйшөнбек уулу Кыргызстандагы жаш комузчулардын сап башында турат

— Маектерден атаңыз элдик табып экендигин окугам. Учурда медицина адистери менен элдик дарыгерлердин ортосунда тиреш бар. Сиз буга кандай көз караштасыз?

— Ар бир нерсенин башаты болот. Илимий медицинанын башаты элдик медицина болгон деп ойлойм. Дартка даба бере алса экөө тең керек.

— Ата-эне, бир туугандарыңыз деле улуттук аспаптарда ойнойт экен. Бирок арасынан топ жарып чыкканы сиз болдуңуз окшойт, өнөрүңүздүн өрүш алышына эмнелер түрткү берди?

— Атам комуз чертип, дастан, терме айтат. Бир туугандарымдын комуз черткенин көрүп өнөргө кызыктым. Кийин алар кесибине, турмушуна жана каалоосуна жараша чыгармачылыкка кызыкпай калды көрүнөт. Тар чөйрөдө талантын тартуулап калышат. Үйдөгүлөр кичүү бала деп мага көбүрөөк көңүл бурушса керек, атам кароо-сынактардан калтырбай ээрчитип жүрчү.

— Саяпкер күчтүү болбосо күлүк чуркабайт дейт. Устаттардын кеп-кеңеши менен да чыгармачылык жолуңуз бай болсо керек?

— Биринчи устатым — ата-энем. А негизи устаттарым аябай көп. Мунун айынан кыйынчылыктар да болду. Себеби бир адамды бөлүп алып устатым деп айтуу оңой эмес. Капалантып алышың мүмкүн. Бир эле күүнү беш киши беш башка вариантта ойнойт. Андыктан ар бир устаттын өзгөчөлүгүн терип алса болот. Окуу жайлардан Бектен Бейшенбеков, Нуриля Мырзабаева, Калыбек Жекшенов, Руслан Жумабаев аттуу агайлардан, андан тышкары Рахат Көчөрбаев, Намазбек Уралиев, Зайнидин Иманалиев, Болуш Мадазимов, Нурак Абдрахманов аттуу залкар адамдардан таалим алдык.

— Сизди жаш комузчулардын ичинен көзгө басаар деп айтсак жаңылыш болбостур. Комузчу кесиптештериңиздин арасынан сизге көз артып, атаандашкандар көп эле болуш керек?

— Атаандашуу менен бут тосууну алмаштырбаш керек. Мен башкаларга үйрөтөм, кеңеш берем жана мен дагы билбегенимди сурайм.

— Мукаш Абдраев атындагы жатак мектепте окуп жүргөндө скрипка менен комуздун бирөөсүн тандаганга туура келиптир. Азыр комузду безелентип жүргөнүңүзгө өкүнгөн учурлар болдубу?

— Ооба. Скрипканы баалайм, азыр деле аз-маз ойноп калам. 1-классыман тарта скрипкада ойногонду үйрөнүп, сынактарга катыша баштадым. Кошумча комузга да барчу элем. Анан музыкадан берген эже комузда көп ойносом, колумдун ийи скрипкага жарабай каларын айтып ортого тандоо коюп койду. Балалык кылып оңоюна качырдымбы, билбейм, комузду тандап кеттим. Комузчу болгонума деле абдан сыймыктанам. Болгону экөөнү тең эле чогуу алып кетсем жакшы болмок деп калам.

— Комуздарыңыз абдан көп болсо керек?

— Мурда көп болчу, чыгармачылыктагы досторума бергем. Азыр үйдө беш-алтоо турат. Кылдарын чечип койгондуктан, кайсынысы даяр болсо алып кете берем. Комуздарды Орозобай Кенчинбаев, Намазбек Уралиев, Турат Акунов аттуу чыгармачыл адамдарга жасатам.

— Уурдатып жиберген да комуздар арбын болсо керек?

— Абдан көп. Өзгөчө тарыхы 70-80 жылды чапчыган комузду алдырып ийгенди ичим эңшерилген. Элдин баары үнүнө таң берчү, жыгач канчалык карыган сайын керемет үн берет да. Азыркы комуздардын тышы кооз, бирок үнү жоголуп бараткандай. Бийик чыгарам деп көөдөнүн чоң кылып жасап жатышат. 2010-жылкы революцияда дагы сахнага кийип чыкчу улуттук кийимдерим менен эки комузумду алып кетишкен.

— Комуз ээсине таарынганда ийге келбей, чертилбей калат деп коюшат экен…

— Мен андай нерселерге көп көңүл бура бербейм. Таарынып калды деп жоругандарды адамдын колдонгон деңгээлине салыштырат элем. Маселен нымдуу, муздак жерде таштап же жаанда калса комуздун жыгачы көөп, кылдын үнү чыкпай калат. Кээ бирөөнүн комузун алсаң каңгыраган үн чыгып калат, бул комузду сабап ойногондон. Сабап дегеним, күүнү шоуга айландырам деп каккылап-чапкылап чертип ийишет.

Комузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу: чыгармачылыктагы устаттарым аябай көп. Мунун айынан кыйынчылыктар да болду. Себеби бир адамды бөлүп алып айтуу оңой эмес

— Учурда репертуарыңызда канча күү бар?

— Болжолу менен 150нүн тегерегинде. Бардыгын унутпайм. Анын жети-сегизи автордук күүлөр. Эл алдында кол ойнотуп айдама күүлөрдү черткеним менен кара күүлөргө басым жасайм. Бирок салмактуу күүлөр элге оңой менен жетпейт, ошол себептен шоу аралаштырып жиберебиз. Колдон келсе комузчу ар тараптуу болгону ырас.

— Чыгармачылык сапар менен көп эле өлкөдө болсоңуз керек. Мамлекеттер эмнеси менен эсте калды?

— Абасы жана курулушу эсте калса керек. Бир да мамлекет Кыргызстанга тете эмес экендигин билебиз. Казакстанга барганымда бир байке менен кооз имараттын ичинде турсак "Астана адеми гой, Бишкек солай болады" деп айтканынан, "шаарыңардагы курулуштун баарын алып кое турган болсо жалаң саз, айдың талаа гана калат. Курулуш жасалма, табиятты жасап алуу мүмкүн эмес" деп жооп кайтаргам.

— Комузда эң башкысы колду аярлаш керек болсо керек?

— Ооба. Колду катырып албаш керек. Күнүнө эки сааттан чертип машыктырып туруу кажет. Чоло тийбей жумалап чертпей калабыз. Бирок кичине кезибизден кол ойноткондуктан ийге келтиргенден кыйналбайм.

— Комуз чертип берчи дегендер арбын болсо керек, баарына эле макул боло бересизби?

— Кийинчерээк катаал болуп калдым. Уялып да каласыңбы, билбейм. Мурда базардан токтоткондорго деле чертип бере берчүмүнүн. Ыңгайлуу жер болсо баш тартпаганга аракет кылам.

— Өнөр жаатында "Дастанчы", "Саякбай Манасчы", "Айтыш" коомдук фонддору бар. Комузчулук жаатында деле башты бириктирген бир уюм ачылса жакшы болмок беле деп ойлойм…

— Комузга көп көңүл бурулбай келет. Бир кезде "Сайра комуз" фондусу ачылып киши топтолбой калды эле. Кийинчерээк "Устат-Шакирт" борбору иштеп жаткан, ал азыр чачыранды болуп кеткендей. Себеби стимул жок. Ал жакта жүрүүнүн пайдасын же зыянын көрө албайсың. Каржылоо, атаандаштык, шыкак, көзөмөл болбогондон кийин болбойт.

Комузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Закирбек Дүйшөнбек уулу: репертуарымда болжолу менен 150нүн тегерегинде күү бар. Анын жети-сегизи автордук. Эл алдында кол ойнотуп айдама күүлөрдү черткеним менен, кара күүлөргө жакынмын

— Мүмкүн болсо жеке жашооңуз тууралуу суроо берейин.

— Бериңиз.

— Тогуз жыл сүйлөшүп жүрүп түтүн булаткан жубайыңыз менен эки жолго түшүптүрсүз. Ажырашууга эмне түрткү болду?

— Кудайдын каалоосу экен, жакшы эле аракет кылдык, ажырашкым келген эмес. Эки кол чабылмайын ортодо үн чыкпайт. Экөөбүздөн тең күнөө кетти деп ойлойм. Балким менин чыгармачылыгым таасир эткендир же аялга тиешелүү мамилени көрсөтө алган жокмунбу, билбейм. Келинчегимдин дарегине эч кандай сөз айта албайм. Ал балдарымдын сүйүктүү энеси. Балдарым менен катташып турам, апасынын колунда. Бир кыз, эки уулум бар.

— Түшүнүктүү. Бир нече интернет тармагында бар экениңизди билем. Катталгандар эмне тууралуу жазышат?

— Социалдык тармактарда автивдүүмүн. Бирок өзүм сүрөт киргизип, пост жазбайм. Башкалардыкына пикиримди билдирип, келген каттарды көз жаздымга калтырбай окуп жооп берип турам. Көбүнчө чыгармачылык тууралуу жазышат. Жеке жашоом тууралуу билгилери келип сөз ыргытышат, бирок батына алышпайт. Мен дагы көңүл бурбай коем.

— Беш жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Күзүндө чакан комуз мектеп ачайын деп пландап жатам. Жаш комузчуларга чеберчилигимди үйрөтөм. Беш кишиден турган фольклордук-этно ансамбль ачып жатам. Ошого чыгармалар даярдалып жатат. Кудай буюрса үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калаармын.

3923
Белгилер:
күү, чыгармачылык, комуз, маек, Закирбек Дүйшөнбек уулу
Тема боюнча
Керим Турапов: музыка мектебимди тартып алганда баарына кол шилтеп кетип калдым
Марат Жантелиев: "Ош" базарды аралап жарма саткан күндөр болгон