Кыргызстандык ырчы Милана Сариева. Архивдик сүрөт

Хакасияда өткөн "От ыры" эл аралык конкурсунда кыргызстандык ырчы биринчи болду

766
(жаңыланган 12:46 13.06.2018)
Мыкты аталыш үчүн 26 мамлекеттен ырчылар катышкан.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Милана Сариева "От ыры — 2018" V эл аралык этникалык эстрада фестиваль-конкурсунда биринчи орунду алды. Бул тууралуу калыстар тобунун мүчөсү, КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Конкурстун финалы 12-июнда Абакан (Хакасия) шаарында өткөн. Мыкты аталыш үчүн 26 мамлекеттен келген ырчылар ат салышкан. Кыргызстандын атынан Милана Сариева менен Марсиана катышкан.

"Башкалардай эле биздин катышуучуларга тынчсызданып жаттым. Башка мамлекеттен дагы күчтүү ырчылар келиптир. Конкурс жогорку деңгээлде өттү. Биздин катышуучулар мыктылыгын көрсөттү, аларды чындап баалашты. Жаш аткаруучулар үчүн биринчи орун жакшы жетишкендиктердин бири", — деди Иманалиева.

Анын айтымында, Сариева 80 миң рублдик сертификат алды.

766
Белгилер:
фестиваль, конкурс, Милана Сариева, Айчүрөк Иманалиева, Хакасия, Кыргызстан
Тема боюнча
Карыбекова, Атантаева, Шакирова. КР сулуулары дүйнө сынактарынан эмне менен кайткан
Пикирлер