Нарын драма театры Казакстандагы эл аралык фестивалдан олжолуу кайтты

© Sputnik / Айша КамиловаЖазуучу Султан Раев. Архив
Жазуучу Султан Раев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик актерлор фестивалда "Маң" спектаклин койгон.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Нарын облустук драма театры Казакстандагы фестивалда өзгөчөлөнө алды. Бул тууралуу жазуучу Султан Раев билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-16-июнь күндөрү Алматы шаарында SAMGAU VI эл аралык театр фестивалында өттү. Ага Нарын облустук драма театрынын актерлору драматург Султан Раевдин "Маң" спектакли менен катышкан.

Блогер, специалист по пиару, продюсер Азим Азимов - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Азимов: "Ала качуудан" кийин босогодогу кемпирди аттап өткүлө дегендер болду
КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 14 театры катышкан сынакта чыгармачыл топ калыстардын өзгөчө баасын алды. Андан сырткары, театрдын директору, башкы ролду аткарган Темирлан Сманбеков "Эң мыкты эркектин ролу" номинациясына татыды.

Эске салсак, аталган драма өткөн май айында Нарындагы Муратбек Рыскулов атындагы театрда биринчи ирет коюлган.

"Маң" — Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" чыгармасынын негизинде жаралган татаал, философиялык-авангарддык чыгарма.

Жаңылыктар түрмөгү
0