Карга аке тууралуу даректүү тасма тартылууда

Жазылуу
Карга аке 110 жашка чыгып дүйнө салган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Айтылуу жети акенин эң улуусу Карга акенин 300 жылдыгына арналып даректүү тасма тартылып жатканын фильмдин режиссеру Ырыс Окенова билдирди.

Эскерте кетсек, мааракеге карата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу кече өткөн.

"Ысык-көлдүн Даркан айылына барып материалдарды чогултуп келдик. Ал жерди дээрлик Карга акенин урпагы байырлайт экен. Август айында кичи мекенинде эстелиги тургузулуп, күзүндө тою өтөт. Тасманын бет ачарын ошол тойдун алдына пландаштырып жатабыз", — деди Окенова.

Режиссер тасма 30 мүнөткө созуларын, фильм негизинен эскерүүлөрдөн турарын белгиледи.

Карга аке 1718-жылы азыркы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондагы Даркан айылында жарык дүйнөгө келген. 110го чыгып дүйнө салган. Оозунда сөзү бар улуу инсан кара кылды как жарган калыстыгы менен айырмаланып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0