Коркут Ата спектакли. Архив

"Коркут Ата" спектакли Алматыда калыстардын атайын сыйлыгына татыды

65
(жаңыланган 13:22 18.06.2018)
Фестивалда КМШ жана Европа өлкөлөрүнөн чогулган 14 театр ат салышты.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Казакстанда драматург Кайрат Иманалиевдин спектакли жогору бааланды. Бул тууралуу Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алмата шаарында 10-16-июнь күндөрү SAMGAU VI эл аралык театр фестивалы өткөрүлдү. Сынакка Иманалиев "Коркут Ата" спектакли менен катышып, Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын актерлору ойногон чыгарма "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы" номинациясына татыды. Фестивалда жалпы жонунан КМШ жана Европа өлкөлөрүнөн чогулган 14 театр ат салышты.

Аталган спектакль буга чейин бир топ эл аралык фестивалдарга да катышып, байгелүү орундарды алып келген.

"Коркут Ата" — оомал-төкмөл дүйнөдө кандай даражадагы адам болбосун, акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык чыгарма. Коркут жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал, IX кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү болгон. Коркут табияттын мыйзамына каршы туруп, эртеби-кечпи келе турган өлүмдөн качууга аракет кылат. Спектаклде ал өзү издеген өлбөстүктү күүгө салып, чыгармаларында түбөлүккө калтырып, өлүмдү акыры жеңгендиги тууралуу баяндалат.

65
Белгилер:
фестиваль, театр, Кайрат Иманалиев, Казакстан
Тема боюнча
"Коркут Ата" спектакли Астанада өтчү "Самгау" фестивалына жолдомо алды
Германияда "Жамиля" тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү. Сүрөт
Кыргызстандык аткаруучу Исламбек Кемелов

Исламбек Кемелов Москвада орус романстары сынагынын финалына чыкты

82
(жаңыланган 17:44 30.11.2020)
Сынактын тандоо турунда финалга беш өлкөдөн мыкты делген жаш он эки аткаруучу чыккан. Алар Россия, Армения, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык аткаруучу Исламбек Кемелов Москвада орус романстарынын эл аралык сынагынын финалында ырдайт. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россиялык илим жана маданият борборунан кабарлашты.

Заслуженный деятель искусств России, заслуженная артистка России Галина Преображенская на открытии IV Открытого международного конкурса исполнителей русского романса Среднеазиатская романсиада В Бишкеке. 19 ноября 2020 года
© Фото / пресс-служба РЦНК в Бишкеке
Сынакка РФтин эмгек сиңирген артисти, Москва "Романстар үйүнүн" директору, профессор Галина Преображенская жетекчилик кылат

5-декабрда орус романстарынын жаш аткаруучуларынын москвалык "Романсиада" деп аталган XXIV эл аралык сынагынын финалы өтөт. Тандоо турунда финалга беш өлкөдөн мыкты делген жаш он эки аткаруучу өткөн. Алар Россия, Армения, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан чыккан таланттар.

"Кыргызстандын атынан финалга Калый Молдобасанов атындагы консерваториянын студенти Исламбек Кемелов чыгат. Ал Бишкекте өткөн орус романстарын аткаруучулар арасындагы "Орто Азия романсиадасы" аттуу IV эл аралык сынактын жеңүүчүсү. Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Москванын "Романс үйү" жана "Гармония" орус маданий борбору өткөргөн", — деп айтылат маалыматта.

Жарышка катышкандар классикалык, заманбап болгон бир нече жанрдагы романстарды аткарышы керек. Алардын талантына эл аралык деңгээлдеги калыстар баа берет. Сынакка РФтин эмгек сиңирген артисти, Москва "Романстар үйүнүн" директору, профессор Галина Преображенская жетекчилик кылат.

Сынакты 5-декабрда саат 15:00дөн тарта (Бишкек убактысы боюнча) интернеттен, "Русский мир" телеканалынан жана Кыргызстандагы Россиялык илим жана маданият борборунун Facebook баракчасынан көрүүгө болот. Эфирдин жүрүшүндө каалагандар сүйүктүү ырчысына добуш бере алат.

82
Белгилер:
романс, конкурс, Москва, Кыргызстан
Тема боюнча
Музыка менен АКШны багынткан кыргыз кызы: ыйлаган күндөрүм көп болду
Комузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу

Жашоомдо жар болчу адам пайда боло элек. Закирбек Дүйшөнбек уулунун маеги

557
(жаңыланган 17:38 29.11.2020)
Закирбек Дүйшөнбек уулу  көпчүлүккө таланттуу комузчу катары таанымал. Бирок анын башка дагы өнөрлөрү арбын.

Бүгүн комузчу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп, алдыга койгон пландары, жеке турмушу жана алектенген спорту тууралуу айтып берди.

— Закирбек, күү аткаруу чеберчилигиңиз күчтүү. Кооздоп, жаңы боек берип, публиканын бүйүрүн кызыта чертесиз. Элге абдан жагат. Бирок ошол учурларда оригиналдан алыстап кетпейсизби?

— Андай учурлар болот. Бир эле күүнүн 3-4 вариантын чертем. Мисалы, Карамолдонун күүлөрүн Ыбырай, Шекербек же Атай черткенде ар бири ар башкача аткарган. Мүмкүнчүлүк болсо, каалоо тартып турса ар бирөөнүн вариантын үйрөнүп кое беребиз. Кээде баарынан эң жакшы жерлерин кошуп, аралаштырып ойнойбуз.

Комузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу. Архивное фото
© Фото / Руслан Артыкбаев
Закирбек комузчулуктан тышкары балык уулоого кызыгат. Айтканына караганда бул өнөрдүн да бир топ түйшүгү бар.

Негизи бир жерге жазылып калган күүлөрдү өзгөрткүң келбей, өзүндөй ойнойсуң. Ал эми кулактан кулакка өткөн күүлөр оригиналынан чыгып, ар кандай ойнолуп калат. Кошуп салдың, алып салдың дегендер болот. Мен муну минтип түшүндүрөм: дарыя кылымдар бою бир нук менен агат. Бирок мезгилге, аба ырайына, суунун көп же аздыгына жараша ар кайсы жактан ар кандай толкуп коюшу мүмкүн. Күү деле ошондой, ар бир аткаруучу ар кандай аткарат. Мен ушундай түшүнөм.

— Кол ойнотулбаган кара күүлөрдү чертүүдөн деле рахат аласызбы?

— Албетте. Күү деле ыр же кара сөз менен жазылган адабий чыгарма сыяктуу айтайын деген нерсеси, терең мааниси бар. Комуз чертип жатканда, ошону угарманга бериш үчүн комузчудан бир топ аракет, энергия талап кылынат. Сүйлөп берип жаткан сыяктуу берилишиң керек.

— Кара жумуш колдун шыгын кетирбейби?

— Башка жумуш менен көпкө алек болуп, комузду чертпей калса кол катыйт, анысы чын. Өзүм жөнүндө айтсам, эркек болгондон кийин үй тиричилигиние тиешелүү иштер болот, мык кагып, отун жарып дегендей. Анын баарын кыла берем, болгону маал-маалы менен комузду колго алып, чертип туруу керек. Колду аяп отура берген дагы жарабайт.

— Комузду кантип тандайсыз?

— Эң биринчи кайсы уста чапканына карайм. Ар бир устанын өзгөчөлүгү бар, мисалы, айрымдарынын колунан жакшы комуз көп чыга бербейт. Бирок ай-жылында бир мыкты комуз чаап коюшат. Андан кийин жасалган материалы маанилүү. Комуз жагып калса, өзүмдө бар, жетет дебей алып кое берем. Кыздар жылтыр-жултурдан баш тарта албагандай, мен дагы жакшы комуз көрүнсө ала берем.

Комузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Закирбек комузчу: Негизи бир жерге жазылып калган күүлөрдү өзгөрткүң келбей, өзүндөй ойнойсуң. Ал эми кулактан кулакка өткөн күүлөр оригиналынан чыгып, ар кандай ойнолуп калат. Кошуп салдың, алып салдың дегендер болот

— Усталар деп калдыңыз, өзүңүздө устачылык талант барбы?

— Ошол жагынан изденип көрүүнү чечтим. Ринат деген комузчу досум бар, ошол экөөбүз өзүбүз комуз чаап көрөлү деп жыгач кургата баштадык. Албетте усталар кыйын, бирок үндү уга билиш өтө татаал. Өзүбүз комузчу болгондон кийин кайсы жери кандай болсо, үнү жакшы чыгарын жакшы билебиз. Ошол артыкчылыгыбыз жардам болот деп үмүттөнүп жатабыз.

— Кесипкөйлөр колдонгон комуздар канча турат?

— 10-15 миң сомдон башталат. Өзгөчө бир комузум бар, кичинекей. Аны скрипка жана комуз жасаган, колунан көөрү төгүлгөн уста Турат Акуновдон 40 миң сомго сатып алгам. Өзгөчө дегеним, өзүнчө тарыхы бар. Турат аба келинчеги кош бойлуу кезинде курсактагы баласына арнап чааптыр, кооздоп, кол өнөрчүлүгүн кошуп, сүйүүсүн арнаганы көрүнүп турат. Бир жолу устаканасына барсам, чертип көрчү деп берди. Мага абдан жакты, үнү кубулжуган, колго элпек экен. Мага сатыңыз десем, "сатылбайт, уулума арнап чаптым эле" деп калды. Уулуңуз чертеби деп сурап да ийдим. Көрсө, баласы энесинин боюнан түшүп калган экен. Мен баланын багы ачылбаптыр, эми ушул комуздуку ачылсын. Мен кайда барсам алып жүрөм деп сатып алгам.

— Комузуңузду башкаларга карматмай коймоюңуз жокпу?

— Мен ырымчыл эмесмин, буюмду аяй бербейм. Черте алам деген кишиге берем. Көрсүн, анын эмнеси жаман?

Комузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Закирбек Дүйшөнбек уулу: Ринат деген комузчу досум бар, ошол экөөбүз өзүбүз комуз чаап көрөлү деп жыгач кургата баштадык. Албетте усталар кыйын, бирок үндү уга билиш өтө татаал. Өзүбүз комузчу болгондон кийин кайсы жери кандай болсо, үнү жакшы чыгарын жакшы билебиз

— Негизи комуздарды кантип сактайсыз?

— Жыгач болгондуктан нымды бат сиңирип алчу зат. Андыктан үйдө кургак жерде сактоо керек. Мисалы, шыпка жакыныраак жерлерде, бурчтарда ным көп болот. Бул аспапты 18-20 градустагы бөлмөдө кармаган туура. Айрымдар аны жыгылып кетпесин деп бурчка жөлөп коюшат, бул туура эмес. Комуз билинбегени менен жөлөгөндө акырындан күч келип, ийиле берет. Ал эми ийилген комуздун үнү өзгөрөт.

— Бул кеңешиңиздин кимдир бирөөлөргө пайдасы тийип калар. Закирбек, азыр дүйнө өзгөрдү, музыка, негизи эле чыгармачылыкта жеңил нерселерге басым жасап калдык. Ушундай учурда комузду алып жүрүүнүн түйшүгү болсо керек?

— Ооба, көпчүлүк жеңил-желпиге качырып калды, мунун баары адамдын табитинен. Бара-бара табиттин начардыгы адамдын жашоосуна, андан ары коомдун, мамлекеттин турмушуна, анын өнүгүүсүнө кесепетин тийгизет, тйгизип да жатат. Менимче, мамлекетти өзгөртүү үчүн ички маданиятыбызды, табитибизди өстүрүшүбүз керек. Дүйнөдө айрым адамдар бизге керемет сезилген нерселерди жасап жатышат. Демек адамдын колунан келбей турган, адам үчүн өтө татаал нерсе жок.

— Ошол жеңил-желпилердин арасынан уккан музыкаңыз барбы?

— Атайылап музыка укпайм. Жумуш катары, үлгү керек болсо гана тыңшайм. Бирок эс алып, ырахат алуу үчүн эмес.

— Анда кандай китептерди окуйсуз?

— Бир сырым бар — китеп деле окубайм. Тарых жана адабият тууралуу сүйлөшүп отурганда кайсы китептерди окуйсуң деп сурап калышат. Мен китеп окубайм, андан көрө китепти көп окуган кишилер менен сүйлөшкөнүм жакшы деп айтам. Көп нерсе билген кишилер менен баарлашканды жакшы көрөм, китеп окуунун оңой жолу ошол болсо керек (күлүп).

Комузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу. Архивное фото
© Фото / Руслан Артыкбаев
Закирбек комузчу: Кыргызстанда форель кармагандардын бирикмелери бар. Аларда алдыңкы балыкчылардын катарына кирем деп мактана кетейин.

— Кантип эс аласыз?

— Балык кармаганды жакшы көрөм. Бирок  бирок уулоо үчүн Бишкектин тегерегиндеги көлчүктөрдөгү балыкты эмес, туулуп-өскөн жерим Суусамырга барам. Ал жакта балык көп, суусу таза.

— Тоонун суусунан балык кармоонун өз ыкмасы бар да?

— Ооба, көп нерсе балыктын түрүнөн көз каранды. Мисалы, ак балык деп коет, тиши жок, суудагы майда жандыктар менен тамактанган, тынчтыкты сүйгөн балык. Аларды кармоонун ыкмасы башка. Бирок көпчүлүктү дүйнөдө өтө бааланган форель балыгы кызыктырса керек. Аларды кармаганда, балыкчылар жакшы билет, воблер, блесна деген балыктарды кызыктыруучу каражаттарды колдоном. Анда отурбайсың, ары-бери чуркап жүрөсүң. Буга кызыкканыма көп жыл болду. Кыргызстанда форель кармагандардын бирикмелери бар. Аларда алдыңкы балыкчылардын катарына кирем деп мактана кетейин.

— Анда балыкты жакшы бышырсаңыз керек?

— Чыгармачыл адамда тамак жасаганда дагы фантазия күчтүү болот экен. Бардык түрлөрүн жасай алам.

— Спорт менен машыгасызбы?

— Таэквондо менен тогуз жыл машыккам. Бардык курлардын ээси болгом. Курлардан жогору дандар бар. Эң жогоркусу — тогузунчу дан. Мен экинчисин багындыргам. Бирок андан соң колумду кокустатып алып, бул спорттон кетүүгө туура келди.

Комузчу, музыкант Закирбек Дуйшонбек уулу в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Закирбек Дүйшөнбек уулу: Жараткан маңдайыма жазган нерсени көрөм да. Ооба, чыгармачылыгым баалуу, бирок мен эч нерсеге баш-отум менен кирбейм, сөзсүз чек коем

— Маектин аягында жеке турмушуңуз тууралуу айтып берсеңиз. Азыр башыңыз бош экенин билебиз, жашооңузда жар болчу адам кезиге элекпи?

— Жок, азырынча эч ким пайда боло элек. Жаңы турмуш тууралуу ойлонгон, шашкан жокмун.

— Бир маегиңизде чыгармачылык менин жашоом деп айткан экенсиз. Өзүңүздү чыгармачылыкка арнап коюп, жеке турмуш калып калат деген коркунуч жокпу?

— Антип коркпойм. Жараткан маңдайыма жазган нерсени көрөм да. Ооба, чыгармачылыгым баалуу, бирок мен эч нерсеге баш-отум менен кирбейм, сөзсүз чек коем.

557
Белгилер:
турмуш, өнөр, комуз, маек, Закирбек Дүйшөнбек уулу
Тема боюнча
Артында Сезими жана күүлөрү калды. Нурзат Орозалиева тууралуу жети факты
Колуктусун энесинин сынынан өткөрүп үйлөнгөн. Замирбек Үсөнбаев тууралуу 8 факты
Футзал оюнчулары. Архив

Бүгүн футзал боюнча Кыргызстандын кубогунун жеңүүчүсү аныкталат

0
Мелдештин финалында "Ал Халал" менен "Мурас" командалары беттешет. Оюн Бишкектеги "Алай Мурдаш" спорттук жайында өтөт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн, 1-декабрда, футзал боюнча "Кыргызстандын кубогу – 2020" мелдешинин жеңүүчүсү аныкталат. Бул тууралуу аталган спорттук ассоциациянын маалымат кызматы билдирди.

Мелдештин финалында Бишкектин "Ал Халал" менен Ысык-Көлдүн "Мурас" командалары беттешет. Оюн Бишкектеги "Алай Мурдаш" спорттук жайында саат 12:00дө башталат.

Жарым финалда болсо "Ал Халал" "Бакубат Талас" командасын 7:3 эсебинде утуп, "Мурас" Оштун "ЕРЕМ" клубун 2:1 эсебинде жеңген.

Бул мелдеште өткөн жылы Бишкектин "Алга Дордой" клубу алдыга чыккан. "Дордойлуктар" финалда Бишкектин "Строй-Мир" командасын 3:1 эсебинде жеңип алган.

0
Белгилер:
финал, футзал
Тема боюнча
АФК-2021 мелдешинин форматы жана өтө турган күнү бекиди