Абдылдажан Акматалиевге абройлуу сыйлык менен 2 млн. сом премия берилди

© Sputnik / Расул УсеналиевКыргызстандык адабият таануучу Абдылдажан Акматалиев. Архив
Кыргызстандык адабият таануучу Абдылдажан Акматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Шериктештик жылдызы" сыйлыгы 2009-жылы негизделген.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Астанада 19-20-июнда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунда КМШ мамлекеттеринин чыгаан инсандарына "Шериктештик жылдызы" сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазып чыкты.

Экс-президент Кыргызстана Роза Отунбаева - Sputnik Кыргызстан
Apolitical Роза Отунбаеваны дүйнөдөгү таасирдүү адамдардын катарына кошту
Быйыл "Шериктештик жылдызы" сыйлыгына азербайжандык филолог Наргиз Пашаева, белоруссиялык биатлонист Дарья Домрачева, кыргызстандык адабият таануучу Абдылдажан Акматалиев, молдовалык физик Ион Бостан, россиялык музыкант Юрий Башмет, армениялык композитор Степан Шакарян, тажик акыны Низом Косим жана казакстандык скрипач Айман Мусаходжаева татыды.

Бул наам менен бирге 10 миллион теңге, же 2 миллион сомдой акчалай сыйлык да берилет.

"Шериктештик жылдызы" сыйлыгы 2009-жылы негизделген.

Профессор Абдылдажан Акматалиев учурда Улуттук илимдер академиясынын вице-президенттигин аркалайт, филология илимдеринин доктору, айтматов таануучу, адабиятчы, акын жана сынчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0