Бишкекте түрк тасмалар жумалыгы өтүп, беш кино акысыз көрсөтүлөт

Жазылуу
Иш-чаранын алкагында түрк режиссерлору жана актёрлорунун күйөрмандар менен жолугушуусу мерчемделген.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкекте 26-30 июнь күндөрү II Түрк тасмалар жумалыгы өтөт. Бул туурасында Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.

Билдирмеге караганда, иш-чаранын алкагында Кыргызстандын кино сүйүүчүлөрү түрк кино режиссёрлорунун акыркы жылдары жараткан беш тасмасын акысыз көрө алышат. Мындан тышкары, режиссерлор жана актёрлор менен күйөрмандардын жолугушуусу мерчемделген.

Көрсөтүлө турган кинотасмалар:

— "Кызыл жоолук жалжалым"

— "Үй-бүлө арасында"

— "Сыя көк горизонт"

— "Мазарчы"

— "Тоо-2"

Актриса Элина Абай кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элина Абай кызы өзбек актерлору менен "Делбиримге" тартылат. Продюсер менен маек
Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министирлигинин салымы жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Түркиянын "Жергиликтүү ой пикир коому" тарбанынан уюштуруулуда.

Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана талкуулар уюштурулуп, Кыргызстандын кинематографчылары түркиялык кесиптештери менен жолугушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0