Бишкекке саякат: Ак үй

Архитекторлорду убайымга салган Ак үйдүн чуусу

4398
(жаңыланган 17:00 26.06.2018)
1926-жылы Фрунзеде республиканын башкаруу органы – Борбордук аткаруу комитетинин имараты архитектор Андрей Зенковдун долбоору боюнча курулган (азыр мында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жайгашкан).

Дом правительства. 1957 год
© Фото / Центральный Госархив КР
1926-жылы Фрунзе шаарында Аткаруу комитетинин борбордук имараты салынган

Туура 10 жылдан соң, 1936-жылы Юрий Дубовдун долбоору боюнча жаңы өкмөттүк имарат тургузулат. Жетекчилер үчүн майрамдык иш-чараларда эмгекчилерге кол булгалоого ыңгайлуу болгон кенен балкон-трибуна имаратты өзгөчөлөнтүп турган. Анын дал маңдайында азыркы Абдымомунов көчөсүндө созулуп жаткан аянттан нары Лениндин эстелиги заңкайып көрүнчү. Бүгүн ал имаратта Жогорку сот отурат.

Здание академии наук. Город Фрунзе. Киргизская ССР.
© Sputnik / Склярук
1936-жылы архитектор Юрий Дубовдун долбоору менен өкмөттүн жаңы имараты курулган

70-жылдардын ортосунда республиканын жетекчилери аларга дагы жаңы имарат зарыл деп чечкен. Расмий кагаздарда кезектеги бул долбоор Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин жана Кыргызстан ЛКСМ БКнын биргелешкен кызматтык имараты деп белгиленген.1957-жылы партияга кадрларды даярдаган Республикалык партиялык мектебин салышкан. Жаңы имарат республиканын башкаруучу каймагына абдан жагып калган өңдөнөт, ага көчүп барууну чечет. Ушул эле жайга партиялык Борбордук комитетти, өкмөттү – Министрлер кеңешин жайгаштырат. Сегиз жылдан кийин аталган объектини реконструкциялап, эки катар 16 тирөөч тургузушкан. Бул имараттын көркүн арттырган. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мында көпкө чейин Жогорку Кеңеш отурду, ал эми азыр өкмөт ээлейт.

Здание Совета Министров в городе Фрунзе. Киргизская ССР.
© Sputnik / М. Барабанов
1957-жылы партия үчүн кадрларды даярдай турчу республикалык партия мектеби салынган

Аны фрунзеликтердин сүйүктүү жайы болгон шаардык стадиондун ордуна курууга бел байлашкан. Убагында ал жаштардын күчү менен “Звездочка” паркынын (азыркы Панфилов сейил багы) жанында курулган. Көп жыл мурун стадиондо футбол, баскетбол, волейбол жана кол топ боюнча мелдештер өтчү. Ошондой эле мында үч бассейн иштеп, ал эми ар кышта футболдук талаага муз тоңдурушчу.

Хоккейный матч на городском стадионе 1937 год
© Фото / Центральный Госархив КР
Фрунзе шаарындагы Никольский чиркөөсүнүн аянттан көрүнүшү. 1930-жыл
Макет нового административного здания для застройки центра столицы. 1984 год
© Фото / Центральный Госархив КР
1936-жылы Юрий Дубовдун долбоору боюнча өкмөттүн жаңы имараты салынган

Кийинчерээк калаанын чордонунда жаңы, чоң "Ала-Тоо" аянтынын курулушу башталып, стадионду да, парктын ичиндеги чоң көрүүчү залы бар жайкы театрды, Офицерлер үйүн, “Киргизия” мейманканасын жана Ленин проспектисинин (азыркы Чүй проспектиси) боюндагы турак үйлөрдү бузушкан.

Площадь имени Ленина в городе Фрунзе. 1987 год
© Фото / Центральный Госархив КР
Фрунзедеги Ленин атындагы аянт. 1987-жыл.


Долбоорду ишке ашырууга кол кабыш кылган архитекторлор курулуштун жүрүшүндө улам эле бир нерсени өзгөртүүгө туура келгенин эскеришет. Республиканын эмгек сиңирген курулушчусу Олег Лазарев долбоорду жеке көзөмөлдөгөн Кыргызстан компартиясынын БК биринчи катчысы Турдакун Усубалиев негизи архитекторлорго кысым көрсөтпөгөнүн, бир нерселерди кайра оңдоону жумшак гана өтүнгөнүн айтат.Кызыгы, 1986-жылы белгилүү архитекторлор Евгений Писарской жана Валентин Курбатов «Советтик Кыргызстандын архитектурасы» деген китеп чыгарышкан, бирок ошол кезде тургузулуп калган азыркы Ак үй тууралуу бир сап да жазышкан эмес.1975-жылы архитектуралык сынак жарыяланып, өткөрүлгөн. Андан долбоору башкалардыкына салыштырмалуу жөнөкөй жана ачыктыгы менен алда канча айырмаланган Александр Зусик жана Равкат Мухамадиев утуп чыккан. Ошол долбоорго ылайык, жети кабат жайдын бир тарабы Ленин проспектисине чыгып, экинчиси чыгышты карап турган. Короосунда жыйындар залы бар блок тургузулмак. Долбоордо — Эски аянттан тарта азыркы Медеров көчөсүнө чейин өзүнчө бир меридионалдык эспланаданы элестеткен, башкача айтканда, тоо кыркалары көрүнүп турчу ландшафттын башкы элементи боло турган кең көчө да камтылган. Бирок долбоорду ишке ашыруу убагы келгенде буюртмачы айнып, азыркы көрүнүшүндөгүдөй курууну чечет. Албетте, сынактан жеңип чыккан архитекторлор алардын демилгеси ишке ашпай калганына нааразы болушса, ал эми утулгандар дагы бир мүмкүнчүлүк колго келип турганын сезишкен.

Мастерская генерального плана института Фрунзегорпроект. Студенты 5-го курса Фрунзенского политехнического института знакомятся с проектом детальной планировки.
© Фото / Центральный Госархив КР
"Фрунзешаардолбоор" институту иштеп чыккан башкы план. Фрунзе политехникалык институтунун 5-курсунун студенттери деталдуу план менен таанышууда.

Адегенде кире бериши айнектен жасалмак. Усубалиев анча тунук болбосун деп бир нече ирет суранган. Үчүнчү жолку өтүнүчтөн кийин архитекторлор айнекти гранит менен алмаштырууну чечишкен. Ал эми тирөөчтөрдүн ортосунда кичинекей гана терезелерди калтырышкан.

Каалгалар да айнектен коюлмак, аларды бышыгыраак кылууну суранышкандыктан, соңунда оор жыгачтан коюлган. Коопсуздук боюнча агезде ачык айтылган эмес, бирок балким ошондой эле болжошкондур. Айтмакчы, имараттын тегерегиндеги темир тосмо кийин Аскар Акаев башкарып турган убакта орнотулган.

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Ак үй. Видео

Архитекторлордүн эскерүүсүндө имарат курулуп бүтүп, ал эми БК биринчи катчысы отставкага кеткен маалда “Фрунзе шамы” (“Вечерний Фрунзе”) редакциясынан аларга шаардын бир тургунунун катын беришкен. Ал Ак үйдүн биринчи кабатындагы маңдайынан (фасадынан) “Т” тамгасы так окуларын кабарлаган. Терезелердин үстүндөгү пилон менен дубалдардын ортосундагы туташтыргычка үңүлсөк, ушул арипти көрүүгө болот. Каттын ээси: «Турдакун Усубалиевич өз ысымын түбөлүккө ушинтип калтырууну каалаганбы?»  деп түз эле суроо салган. Мындай деле болбогондур, тек гана башынан терезелер башкача жайгашмак, ал эми курулуштун жүрүшүндө долбоордун бул бөлүгүн кайрадан карап чыгуу керектелген.

Чүй проспектиси тарабындагы фасаддын жогорку бурчтары айырмаланып турарын көп киши байкабаса керек. Таш коюучулар бир тарабын каптап бүтүп калышканда капысынан архитекторлор терезе текчелеринин имерилиш багытын алмаштыргысы келет. Натыйжада бир терезенин алдында трапеция, ал эми башкасынын алды — төрт бурчтук шекилдүү болуп калган. Куруучуларды кайра баштан жасоого зордой алышкан эмес. Алар көпкө создуктуруп жүрө беришкен, ал эми кийин объектини өткөрүшкөн соң, кайра буздуруунун кажети жок эле.

  • Бишкекке саякат: Ак үй
    1926-жылы Фрунзеде аткаруу комитетинин борбордук имараты пайда болгон
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Учурда бул жерде Мадания, маалымат жана туризм министрлиги орун алган
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Фрунзе шаарынын борбордук аянты. 1-майда бегилөө. 1929-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Фрунзе шаарындагы Никольский чиркөөсүнүн аянттан көрүнүшү. 1930-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    1936-жылы Юрий Дубовдун долбоору боюнча өкмөттүн жаңы имараты салынган.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Имараттын балкон-трибунасы аны көркүнө чыгарган. Жетекчилер жүрүшкө чыккандар менен ошол жерден учурашкан.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Учурда бул жерде Жогорку сот орун алган.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    1957-жылы анын жанына республикалык партиялык мектеп салынган. Сегиз жылдан кийин имарат реконструкциядан өтүп, кире беришине эки катар 16 колонна коюлган.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бул жерде Жогорку Кеңеш көпкө чейин орун очок алган. Учурда бул жерде КР өкмөтү жайгашкан.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    70-жылдардын ортосунда өлкө жетекчилери жаңы кызматтык имараттар керек деп чечишкен.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Жаңы имаратты шаардык стадиондун жанына салынуу чечишкен.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Стадиондо көп жылдар бою футбол, баскетбол, волейбол жана кол топ боюнча мелдештер өтүп келген. Бул жерде ошондой эле үч бассейн болгон. Кышында муз аянтына айланган.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Стадиондо көп жылдар бою футбол, баскетбол, волейбол жана кол топ боюнча мелдештер өтүп келген. Бул жерде ошондой эле үч бассейн болгон. Кышында муз аянтына айланган.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Фрунзе шаарындагы парашют секиси. 1964-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Архитекторлор В.Радкевич, Г.Кутателадзе, В.Лызенко Фрунзе шаарынын макети менен. 1979-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    "Фрунзешаардолбоор" институтунун өнөрканасы.
    © РИА Новости, Аврора / Петр Романов . Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Кыргызстандын БК КПнын жаңы имаратынын пайдубалын түптөө. 1979-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    "Ак үйдүн" жалпы көрүнүшү. 1984-жыл.
    © Фото / Центральный Госархив КР
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Бишкекке саякат: Ак үй
    Жогорку Кеңештин имаратындагы Кыргызстандын желеги менен Конституция
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 20
© Фото / Центральный Госархив КР
1926-жылы Фрунзеде аткаруу комитетинин борбордук имараты пайда болгон
Дагы бир кызык айырмачылыгы — алтынчы кабаттын бурчундагы бөлмөлөр. Долбоор боюнча алардын ордунда ачык лоджиялар каралган. Архитекторлор конструкторлор менен бирге бурчтагы консолдорун (оркоюп чыгып турган жерлерин) 7-кабатты асманга оболотуп тургандай курууну көздөшкөн. Курулушчулар бул идеяны ишке ашыра албай калабыз деп чочулашкан, бирок пландалгандай чыккан. Негедир кийин бөлмөлөрдүн санын көбөйтүү үчүн лоджияларды да айнектетүүгө кимдир бирөө буйрук берген.

Имараттын ички жасалгасы да өзүнчө кеп кылууга татыйт. Архитекторлор чоң бөлүктөр менен кең кылып жасалгалашмак, бирок буюртмачы көп бөлүктөрү менен улуттук үлгүнү сунуштаган. Ошентип, таш менен каптоо иши башталган. Ташты объектинин өзүндө кесип, иштеп чыгып, жылмакайлап, ага катар эле оймо-чиймелердин ар кыл түрүн ойлоп табышкан. Мындай ыкма имарат ичин жасалгалоодо жаңы технология болгон. Объекттге түрдүү түстөгү жергиликтүү мраморду ташып келишкен. Бул ички жасалганы ого бетер көркүнө чыгарган.

4398
Белгилер:
Бишкек
Тема:
Бишкекке — 140 жыл (34)
Ымыркайды бешикке бөлөп жаткан эне. Архив

Бешик ырларынын тексти. Алдей, алдей ак бөпөм...

30
(жаңыланган 13:17 17.09.2021)
Кыргыз эли эзелтеден бешикке аяр мамиле кылып, аны колдонууда жөрөлгөлөрүн жасап, ырымдарын сактап келген. Көчүп-конгон шартта бешиктин орду алмаштыргыс эле.

Кыргыздар жаңы төрөлгөн ымыркайды жети күндөн кийин бешикке бөлөгөн. Баланы тарбиялоодо эне бешик ырларын ырдап, ал аркылуу өзүнүн каалоо-тилегин наристеге айтып, өзү да жеӊилдеп, ичиндегисин чыгарып алган. Бара-бара ал ыр саптар элдик фольклорго айланган.

Айчүрөк Иманалиева

Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы

Бешик ыры (элдик ыр)

Алдей, алдей ак балам,
Арка жөлөөр жан балам.
Кунан койдун куйругу,
Бышты жегин жан балам.

Атаң барса айылга,
Куржун толо эт келет.
Энең барса айылга,
Эмчек толо сүт келет.

Кунан койду сой балам,
Куйругуна той балам.
Алдей, алдей ак балам,
Тердик токуур жан балам.

Сал, сал, сал билек
Сары майга мал билек.
Коён кошту кош билек,
Кошкон майга мал билек.

Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Энекеңди кыйнабай,
Уктап калчы жан балам,
Уктай койчу ак балам.

Гүлнур Сатылганова

Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы

Бешик ыры (элдик ыр)

Асманда ай чар тарап,
Тегерете ай жар салат.

Алдей, алдей бөпө жан
Сен да укта магдырап.

Алдей, алдей жаш бөпөм
Сен да укта магдырап.

Сен бөлөнгөн бешигиң,
Ырыскылуу кешигиң.

Алдей, алдей жата кой,
Таттуу уйкуга бата кой.
Таңкы чолпон бата элек,
Таттуу уйкуң кана элек.

Алдей, алдей жаш эрмек,
Уктатайын мен термеп.

Гүлзада Рыскулова

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти

"Алдей, алдей", сөзү, обону: Гүлзада Рыскулова

Ай балкып жайнайт асманда,
Асылым уктап жатканда.
Аруулап шоола чачырайт,
Арбалып таттуу уйкуңа.

Бешиктеги ай наристем,
Бек болсочу деп мен тилейм.
Элине эмгек өтөгөн,
Эр болсунчу деп мен тилейм.

Алдей, алдей, алдей,
алдей, алдей, алдей жан балам.
Талпынып калса данегим,
Жайнайт го менин карегим.
Ак сүтүм берип балкыдым,
Аман бир өссүн тирегим.
Жарыгым менин чырагым,

Жайнабай кантип турамын.
Жараткан берген белегим,
Данегим менин, данегим.
Алдей, алдей, алдей,
алдей, алдей, алдей жан балам.

Жийдеш

Бешик ыры (элдик ыр)

Уктай койчу бөбөгүм,
Ак бешикке бөлөйүн.
Уктаганча жөлөгүм,
Мээримимди төгөйүн.

Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Умай энеӊ кайтарсын,
Душманыңды майтарсын.

Түшкө кирип энекең
Мээрим менен таң атсын.
Алдей, алдей ак балам,
Ак бешикке жат балам.

Каныкей

"Балама", сөзү: Эсенгул Ибраев, обону: Эсенбек Маданбеков

Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекем деп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым.

Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.
Катылган сыр ойду ачарым,
Каткырыгың көңүл жазарым.
Картайганда арка-бел болор.

Кагылайын орун басарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.
Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим.

Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.

Бешиктин жабуулары, ага ымыркайды салуу жөрөлгөлөрү жана бешикке байланыштуу ырымдарды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган лонгридден окуңуздар.

30
Белгилер:
Кыргызстан, каада-салт, текст, бешик, ыр
Тема боюнча
Пейлиңен кагылайын, кыргыз элим. Эгемендиктин 30 жылдыгына карата видеоролик
Жаргылчак тартып, ээр чаап... Көчмөн кыргыздын жай турмушун эске салган 13 сүрөт
Кыргыздын дасторкон четиндеги университети. Баланын кулагы кандай сөзгө бышат
Көргөзмө. Архивдик сүрөт

Өзбекстандын өнөр адамдары Бишкекте искусство боюнча жолугушуу өткөрөт

43
Коңшу мамлекеттин маданият өкүлдөрү музыкалык карьера, көркөм активдүүлүк жана драма боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкекте ArtOfDiversity (Чеберчиликтин ар түрдүүлүгү) долбоорунун алкагында Борбор Азиядагы арт-менеджмент жана альтернативдүү искусство боюнча жолугушуу өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Билдирмеге караганда, иш-чара 19-сентябрь саат 16.00гө белгиленген.

"Иш-чарага Өзбекстандын чыгармачыл ишмерлери катышып, анда Борбор Азиядагы альтернативдүү искусствонун келечеги талкууланып, коноктор Өзбекстанда аткарылып жаткан арт-долбоорлор тууралуу айтып беришет. Ошондой эле алар музыкалык карьера, көркөм активдүүлүк жана драма боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт", — деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун уюштуруучулары көркөм чөйрөнүн өкүлдөрүн диалогго катышууга чакырып кеткен.

43
Белгилер:
иш-чара, искусство, жолугушуу, өнөр, Өзбекстан
Тема боюнча
Маданият министрлиги "Мыкты боз үй" сынагын жарыялады. Катышуунун шарттары
Бишкек менен Ош шаарындагы эки ири театр оңдоп-түзөлүүдө. Сүрөт
Баткен облусундагы фотокапканга түшүп калган ак илбирстер

Ак илбирс, чүткөр, түлкү… Баткенде фотокапканга түшкөн жаныбарлардын сүрөтү

0
(жаңыланган 14:59 17.09.2021)
Кыргызстандын түштүк аймагындагы эки жаратылыш коругундагы жаныбарларды 40тан ашык фотокапкан тогуз ай бою сүрөткө тарткан.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, Лейлек районундагы "Сүрмө-Таш" жана Кадамжайдагы "Саркент" жаратылыш коруктарына 40тан ашык фотокапкан орнотулган.

  • Снежный барс запечатлен на фотоловушке в одном из заповедников в Баткенской области
    Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Снежный барс запечатлен на фотоловушке в одном из заповедников в Баткенской области
    Лейлек районундагы "Сүрмө-Таш" жана Кадамжайдагы "Саркент" жаратылыш коруктарына 40тан ашык фотокапкан орнотулган.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысь попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    20 фотокапкан жаратылыш коругуна, 22си коруктан сырткаркы аймактарга коюлган.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысята попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Тартуу аянты Түркстан тоо кыркаларындагы 100 миң гектар жерди түзөт.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысь попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте дээрлик тогуз ай турду
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысь попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    2021-жылдын жай айларында NABU-Кыргызстандын мониторинг боюнча адистери "Сүрмө-Таш" жана "Саркент" коруктарынын кызматкерлери менен биргеликте фотокапкандагы сүрөттөрдү чыгарышкан.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Сурки попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Кадрга ак илбирс, тоо теке, карышкыр, түлкү, кашкулак, каман, чүткөр, суур, коён, гималай улары, кекилик жана башка айбанаттар түшүп калган
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Горные козлы попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    NABU филиалынын директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында, адистер алдын ала маалыматтарга ээ болду.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Каменная куница попала на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Эми сүрөткө түшүп калган ар бир жаныбарды идентификациялоо иши турат.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Кабан попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    "Сүрмө-Таш" мамлекеттик коругу Аңчылык союзунун базасында 2009-жылы түзүлгөн.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Горностай попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Анын аянты — 66 194 гектар.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Кеклик попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    "Саркент" мамлекеттик коругу 2009-жылы түзүлгөн.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Кеклики попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Анын аянты — 40 миң гектар.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Волк попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Баткен облусунда фотокапканга түшүп калган карышкыр
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Дикобразы попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Баткен облусунда фотокапканга түшүп калган кирпи
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
1 / 15
© Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган.
"20 фотокапкан жаратылыш коругуна, 22си коруктан сырткаркы аймактарга коюлган. Тартуу аянты Түркстан тоо кыркаларындагы 100 миң гектар жерди түзөт. Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте дээрлик тогуз ай турду", — деди Эсенбаева.

Ал белгилегендей, 2021-жылдын жай айларында NABU-Кыргызстандын мониторинг боюнча адистери "Сүрмө-Таш" жана "Саркент" коруктарынын кызматкерлери менен биргеликте фотокапкандагы сүрөттөрдү чыгарышкан.

"Кадрга ак илбирс, тоо теке, карышкыр, түлкү, кашкулак, каман, чүткөр, суур, коён, гималай улары, кекилик жана башка айбанаттар түшүп калган", — деди Эсенбаева.

NABU филиалынын директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында, адистер алдын ала маалыматтарга ээ болду.

"Эми сүрөткө түшүп калган ар бир жаныбарды идентификациялоо иши турат. Ак илбирс байырлаган аймак өнөктөш жаратылыш уюмдары менен биргеликте изилденип жатат. Биздин негизги максат — Кыргызстандын аймагындагы илбирстердин санын аныктоо", — деди Асыкулов.

"Сүрмө-Таш" мамлекеттик коругу Аңчылык союзунун базасында 2009-жылы түзүлгөн. Анын аянты — 66 194 гектар.

"Саркент" мамлекеттик коругу 2009-жылы түзүлгөн. Анын аянты — 40 миң гектар.

0
Белгилер:
Кыргызстан, жаратылыш, ак илбирс, фотокапкан, Германиянын жаратылышты сактоо союзунун (NABU)
Тема боюнча
Айнектей болгон осьминог. Сейрек жаныбардын Тынч океандан тартылган видеосу
Саясатташкан айбанаттар. Желек "уурдаган" токой жаныбарынын видеосу