Келдибек, Балыкооз баштаган 5 манасчы тууралуу тасмалар даяр болду

Жазылуу
Тартуу иштери Нарын, Талас, Көл облустары менен Бишкекте өткөн.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Келдибек, Балыкооз, Тыныбек, Сагынбай жана Мамбет манасчы тууралуу тартылган даректүү тасмалардын бет ачары өтө турганын "Ала-Тоо шаңы" коомдук фондусунун жетекчиси, белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, тартуу иштери былтыр ушул маалда башталган.

"Нарын, Талас, Көл жергесинде болуп келдик. Мисалы, Балыкооз менен Келдибек манасчылардын эч кандай сүрөтү, видео, аудиосу жок, эл ичинде уламыш болуп, айткан Манасы ооздон-оозго өтүп келген. Ал эми актерлор менен Бишкекте иштедик", — деди Сыдыков.

Манасчы иш-чара 28-июнь күнү саат 15.00дө Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0