Дыйкандан баштап ажого чейин. Залкарлардын эстелигине толгон көркөм өнөр музейи

© Фото / Александр ФедоровКыргыз Эл баатыры, скульптор, сүрөтчү Тургунбай Садыков. Архив
Кыргыз Эл баатыры, скульптор, сүрөтчү Тургунбай Садыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Эл баатыры, скульптор, сүрөтчү Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм өнөр академиясынын музейи өлкө тарыхына өчпөс из калтырган улуу инсандардын эстеликтерин камтыйт. Бул музейде илим, маданият жана саясат айдыңында баа жеткис эмгек кылган залкарларды жакындан көрүүгө болот.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө (Тоголок Молдо, 50 көчөсү) жайгашып, белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун атын алып жүргөн илимий-методикалык музей кыргыз тарыхына атын алтын тамга менен жаздырган улуу инсандардын эстелик жана бюсттарына толгон. Музейге баш баккан киши буга чейин китептен окуп, сүрөттөрдөн гана таанып-билген залкар адамдарды жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эмгектердин баары кыргыз скульптурасынын башатында турган Тургунбай Садыковго таандык. Музей 2015-жылы улуу таланттын 80 жылдыгына карата ачылган.

© Александр ФедоровБишкектин борборунда жайгашып, белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун атын алып жүргөн илимий-методикалык музей кыргыз тарыхына атын алтын тамга менен жаздырган улуу инсандардын эстелик жана бюсттарына толгон
Бишкектин борборунда жайгашып, белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун атын алып жүргөн илимий-методикалык музей кыргыз тарыхына атын алтын тамга менен жаздырган улуу инсандардын эстелик жана бюсттарына толгон - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкектин борборунда жайгашып, белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун атын алып жүргөн илимий-методикалык музей кыргыз тарыхына атын алтын тамга менен жаздырган улуу инсандардын эстелик жана бюсттарына толгон
© Sputnik / Азат АкаевМузейге баш баккан киши буга чейин китептен окуп, сүрөттөрдөн гана таанып-билген залкар адамдарды жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот
Музейге баш баккан киши буга чейин китептен окуп, сүрөттөрдөн гана таанып-билген залкар адамдарды жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот - Sputnik Кыргызстан
2/3
Музейге баш баккан киши буга чейин китептен окуп, сүрөттөрдөн гана таанып-билген залкар адамдарды жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот
© Sputnik / Александр ФедоровМузей бүт өлкөгө жайылган көркөм өнөр системасынын бир бөлүгү болуп саналат
Музей бүт өлкөгө жайылган көркөм өнөр системасынын бир бөлүгү болуп саналат - Sputnik Кыргызстан
3/3
Музей бүт өлкөгө жайылган көркөм өнөр системасынын бир бөлүгү болуп саналат
1/3
Бишкектин борборунда жайгашып, белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун атын алып жүргөн илимий-методикалык музей кыргыз тарыхына атын алтын тамга менен жаздырган улуу инсандардын эстелик жана бюсттарына толгон
2/3
Музейге баш баккан киши буга чейин китептен окуп, сүрөттөрдөн гана таанып-билген залкар адамдарды жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот
3/3
Музей бүт өлкөгө жайылган көркөм өнөр системасынын бир бөлүгү болуп саналат

Бир ааламдын бөлүгү

Музей бүт өлкөгө жайылган көркөм өнөр системасынын бир бөлүгү экендигин бул жерде илимий кызматкер катары эмгектенген Дария Кайбылдаева баса белгиледи.

© Фото / Азат АкаевИлимий кызматкер Дария Кайбылдаева: Тургунбай Садыков жеке өзү аймактарды кыдырып, таланттуу жаштарды таап, алардын өнөр өркүндөтүүсүнө, бул жаатта билим алуусуна шарт түзөт. Өз жолун өнөрдөн тапкандар мектептен баштап академияга чейин билим алышат
Научный сотрудник музея Национальной академии художеств имени Тургунбая Садыкова Дария Кайбылдаева - Sputnik Кыргызстан
Илимий кызматкер Дария Кайбылдаева: Тургунбай Садыков жеке өзү аймактарды кыдырып, таланттуу жаштарды таап, алардын өнөр өркүндөтүүсүнө, бул жаатта билим алуусуна шарт түзөт. Өз жолун өнөрдөн тапкандар мектептен баштап академияга чейин билим алышат

"Бул музей скульптор Тургунбай Садыков негиздеген чоң бир системанын бөлүгү. Ага Кыргызстандын алыскы аймактарындагы көркөм өнөр мектептери, колледждер, аспирантурага ылайыкташкан окуу жайлары кирет. Ал эми системанын эң жогорку чеги Улуттук көркөм өнөр академиясы болуп эсептелет. Тургунбай Садыков жеке өзү аймактарды кыдырып, таланттуу жаштарды таап, алардын өнөр өркүндөтүүсүнө, бул жаатта билим алуусуна шарт түзөт. Өз жолун өнөрдөн тапкандар мектептен баштап академияга чейин билим алышат. Бул музей да кыргыз жарандарынын, айрыкча жаш муундардын өз тарыхын, улуу инсандарын унутпасын, аларды жакындан таанысын деген негизде Садыковдун демилгеси менен ачылган", — деди ал.

Дыйкандан баштап ажого чейин

Государственный музей литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын залкарлары "жашаган" адабият жана искусство музейи
Эки кабаттан турган музейдин 12 бөлмөсүн экспонаттар ээлейт. Эки жүздөн ашык эмгектин баары Тургунбай Садыковго таандык. Алар советтик мезгилдеги карапайым эмгекчил адамдардан тарта кыргызга аттын кашкасындай таанымал илимпоз, жазуучу жана саясатчылар. Ошондой эле музейдин дубалдарына скульптордун колунан чыгып, Бишкек шаарын кооздогон белгилүү айкелдердин сүрөттөрү илинген. Арасында Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы "Манас" баатырдын скульптуралык ансамблинин, Уркуя Салиевага арналган "Революциянын каармандарына" монументинин, бир нече жыл "Ала-Тоо" аянтында туруп, кийин алып салынган "Эркиндик" статуясынын, "Эл куту" монументалдык эстелигинин сүрөттөрү бар.

Кайбылдаеванын айтымында, музейдеги 12 бөлмөнүн баарында жана коридорлордо ар кандай тармакта ишмердигин жүргүзгөн улуу инсандарыбыздын эстеликтери жана бюсттары жайгашкан. Кыргыз саясатында өчпөс орду бар Ишенбай Абдуразаков, Исхак Раззаков, тышкы иштер жана маданият министри Күлүйпа Кондучалова, мурдагы ажо Аскар Акаевдин, акындар Тоголок Молдо, Барпы Алыкулов, Жеңижок, Калык Акиев, Токтогул Сатылганов, Эстебес Турсуналиевдин, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбековдун, сахна адамдары Муратбек Рыскулов, Бүбүсара Бейшеналиева, Кайыргүл Сартбаеванын, комузчу Карамолдо Орозовдун, композитор Калый Молдобасановдун, сүрөтчү Гапар Айтиевдин эстеликтери алардын кичинекей бир бөлүгү гана. Аны менен бирге Тургунбай Садыков эмгектеринде ар дайым күжүрмөн эмгекчилерди даңазалап келген.

"Эмгек баатыры Зууракан Кайназарова баш болгон бир топ карапайым дыйкан, малчы жана усталардын да эстеликтери улуу инсандардын катарында татыктуу ордун ээлеп турат. Бул жерге көптөгөн кишилер келет. Алардын көпчүлүгүн студент жана мектеп окуучулары түзөт. Алардын агайдын эмгектерин таң калуу жана сүйүнүү менен көрүшкөнү бизди кубандырат", — деди Кайбылдаева.

© Александр ФедоровМузей 2015-жылы улуу таланттын 80 жылдыгына карата ачылган
Кыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Музей 2015-жылы улуу таланттын 80 жылдыгына карата ачылган

Скультордун алгачкы эмгектери

Музейде скульптордун "Жылкычы", "Балыкчы" жана "Койчу" сыяктуу алгачкы эмгектери да орун алган. Тургунбай Садыков апасынан эрте айрылгандыктан, анын чыгармачылыгында эненин орду өзгөчө орунду ээлейт. Андыктан ар бир бөлмөдө жайгашкан түрдүү образдардагы "Эне" скульптурасы башка эмгектерге көз салып, алардын колдоп тургандай элес калтырат.

Бишкекке саякат: Ак үй - Sputnik Кыргызстан
Архитекторлорду убайымга салган Ак үйдүн чуусу
Музейдин бир бөлүгү атайын лекциялар үчүн бөлүнгөн. Окуу жылында ар апта сайын эки-үч жолу мектеп окуучулары жана студенттер үчүн графика, скульптура, живопись боюнча сабактар өтүлөт. Ошондой эле бир бөлмө Тургунбай Садыковдун окуучуларына арналган. Ал жерде маал-маалы менен жаш таланттардын эмгектери көргөзүлөт.

Дария Кайбылдаеванын айтымында, музейде азыркы учурда ремонт жүрүүдө. Оңдоп-түзөө иштери аяктап, музей баштан аяк жаңыланат. Көпчүлүгү жарым кылым мурда жасалган эстеликтер күн сайын тазаланып турат. Экспонаттар гипс, коло, жез жана жыгачтан жасалган.

Музейдин эшиги дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин ачык. Ал эми кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0