Жекшен Тагаев: "Илияздын ырына" обонду 15 мүнөттө эле чыгаргам

© Фото / из семейного архива ТагаевыхКомпозитор Жекшен Тагаев
Композитор Жекшен Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу "Илияздын ыры" аттуу ырга обон жараткан сүрөтчү жана композитор Жекшен Тагаев учурда дыйканчылык менен алектенип, мээнетин жерге төгүп келет.

Обон жана текст Алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" ("Делбирим") повестинин негизинде жаралган. Учурда да эл оозунан түшпөй ырдалган бул чыгарманын обонун Тагаев 15 мүнөттө чыгарган. Бул туурасында ал төмөнкүлөргө токтолду.

"Түгөлбай Казаков Ысык-Көл пединститутунда педагогика факультетине музыкалык кафедрасына башчы болуп иштеп, биздин үйдө жашап калды. Ал Жолдошбек Бузурманкулов деген киши менен Таласта чогуу окуган экен. Ага жолугуп калганда, текстти Түгөлбайга бериптир. Ага обон жазуу үчүн эки сутка асылды. Жазган обону жакпай калды окшойт. "Карма момуну, меники окшошпой калды" деди. Ушул ыр менин багыма туш келген окшойт, обон 15 мүнөттө даяр болду", — деп айтып берди Жекшен Тагаев. 

© Фото / из семейного архива ТагаевыхАтактуу "Илияздын ыры" аттуу ырга обон жараткан сүрөтчү жана композитор Жекшен Тагаев
Композитор Жекшен Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Атактуу "Илияздын ыры" аттуу ырга обон жараткан сүрөтчү жана композитор Жекшен Тагаев

Эмне үчүн обон Түгөлбай Казаковдуку деп айтылып келет?

Ыр жаралганда залкар обончу Түгөлбай Казаков кубанып, алгач ал да ырдап көрүптүр. Эмне үчүн кээде обондун ага таандык болуп айтылып калып жатканын Тагаев төмөнкүчө чечмелеп берди.

"…Аккордеонду алсам, кайрык келди. Чертип жаттым. Түгөлбай кимдин обону экендигине кызыкты. "Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым" деп ырдай баштадым. Түгөлбайдын көзү алайып кетти. "Сен эмне кылып салдың билесиңби?",— деди ал. Экөөбүз нота жазып кирдик. Беш сыйра мен ырдадым, беш сыйра ал ырдады. Ал ырдаса, мага жакшы угулат. Мен ырдасам, ага жакшы угулат.

Бир жумадан кийин Жаңы-Арык деген айыл жактагы көпүрөдө этюд жазып олтурсак, арыраак жакка ак "Жигули" келип токтоп калды. Ичинен Данил Илиязов, Түгөлбай Казаков түшүп атат. Мени машинага олтургузуп алып кетишти.

— Азыр композиторлор союзунан комиссия келет экен. Баягүнкү обонду жаза калалы, — деди.

Данилдин чөнтөгүндө чакмак сызык дептер бар экен. Анысы да бүктөлүү. Түгөлбай ырдап атат. Мен нотасын жазып атам. Барактын экинчи бетине сөзүн жазып койдум.

Жених и невеста играют в национальную игру Кыз куумай - Sputnik Кыргызстан
"Делбирим" повести жөнүндө 11 факты. Асел - эки жигиттин кызыл жоолук жалжалы эле
Ошентип, ал ырды комиссиянын алдында аккордеон менен аткарып бердим. Бардык куплеттерин жатка билбегендиктен, бир куплетти үч жолу ырдадым. Алар ырды жактырып, таза кагазга жазып келе кал дешти. Ырды оркестрге алабыз деп билдирди. Сыртка чыгып, ноталык баракты алып мындай басарым менен, деканыбыз эт комбинатка лозунг жаза калыш керек деп мени алып кетти. Нота калды, мен кеттим. Кечки саат 9га чейин иштеп, колум боек болуп, бир сумка колбаса көтөрүп үйгө келип калдык.

—Жанагы обонду жаздың беле?, — деп сурады Түгөлбай.
— Жок, — дедим.
— Ошону билгем. Мен жазып берип койдум,— деди.

Кийин радиодон алып баруучу Элмара Турсуналиева ал ырды "жаңы ырдын премьерасы. Түгөлбай Казаков, "Илияздын ыры", — деп тааныштырат экен. Ошол боюнча эл арасында көпкө чейин бул обон Түгөлбай Казаковдуку болуп айтылып калды. Түгөлбай гезиттер аркылуу айтып, "Бул ырдын автору Жекшен Тагаев" деп жүрдү.

Кийин мен радиодо текст окуп калганда, артист Кыргызбай Осмонов менен бирге убакыт өткөрчү болдук. Мага ушул ырды ырдачы дейт, мен ырдайм. Ошентип жүрүп эле аны өзү ырдап калды. Радио комитетине иштеп жүргөндө, ал "Обонун жазган Жекшен Тагаев" деп тааныштырып жүрдү. Кыргызбай катышкан концерттерде менин атым айтылып жатып, менин атым да чыкты. Кийин ошол мен жазган чакмак сызык барактагы нотаны Медербек Назаралиев деген режиссордон көргөм, ал да өзүнчө кызык окуя" — деп баяндап берди композитор. 

© Фото / из семейного архива ТагаевыхЖекшен Тагаев "Илияздын ырынан" башка да 30дан ашуун обондорду жаратып, нотага түшүргөн
Композитор Жекшен Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Жекшен Тагаев "Илияздын ырынан" башка да 30дан ашуун обондорду жаратып, нотага түшүргөн

Жашоо, сүрөт, обон, ыр жана карьера

Жекшен Тагаев "Илияздын ырынан" башка да 30дан ашуун обондорду жаратып, нотага түшүргөн. Учурда радионун алтын фондусунда анын 15ке чукул ыры сакталуу. Анын ырларын Гүлмайрам Момушова, Шайгүл Шааркеева, Айгүл Иманалиева, Рыскан Кашкарбаева жана башка ырчылар ырдап чыгышкан.

"Биринчи обонумду 19 жашымда нотага түшүргөм. Дүйшөбүбү Жамансартова деген акын эжебиз бар эле. Ал кезде "лирикалык ырдын кереги жок, жазсаң, компартия, эл, жер жөнүндө жаз" деп айтчу. Ошондо эженин "Ала Тоом- мээрим энем" деген ырга обон жаздым.

Спектакль Султана Раева Ман - Sputnik Кыргызстан
Адамды бузган заман, заманды бузган адам. "Маң" спектаклинен кийинки ой
Ошол убакта композиторлор союзу үч жылда бир пленум өткөрчү эле. Ага ушул обонду алып барсам, жактырышты. Ал кезде андан өткөн обон радиого жаздырылчу. Ага чейин балекет обон болсо да радиого жолотчу эмес. Радиодо бир ырга 70 тыйын төлөнөөр эле. Бишкекке радио комитетке барып калсаң, кээде 20 сом, кээде 50-60 сомго чейин чыкчу. Азыр болсо, ырларыма обон жаздырайын десем, асмандын башын сурашат. Ошентип, бир катар обондор жарыкка чыкпай турат", — дейт Тагаев.

Жекшен Тагаев бул жашоодо үч өнөрүн тең алып келди. Сүрөтчү да, обончу да, ырчы да болду.

"Кайсы өнөрүңүз сиздин жүрөккө жакын?" деген сурообузга ал "Ишенсеңер ишенгиле, мен биринен чарчаганда, экинчиси менен эс алам. Сүрөт тартып, көз, кол чарчайт. Аккардеонду алып, бакырып-өкүрүп ырдап алам. Кайра жаңы күч пайда болот. Ырдап чарчаганда, көзүмө кооз нерселер көрүнө баштайт. Аны полотного бергенге аракет кылам", — деген жооп алдык.

Ал көркөм сүрөт факультетинде 3-курста окуп жүргөндө, Ленинграддагы сүрөтчүлөр академиясына которулган. Бирок, үй-бүлүк абалына байланыштуу барбай калган. Андан кийинки жылы Төлөмүш Океевдин бир телефон чалуусу менен Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссердук факультетке киргизилген. Дагы деле үй-бүлөлүк шарты менен бара албай калган. "19 жашымда үйлөндүм. 20 жашта биринчи балалуу болгом. Андыктан, четке барып окууга шарт болбоду. Бирок, ага деле өкүнбөйм. Жубайым менен төрт балалуу болдук. Балдарымдын баары кыйын ырдайт. Бирок, менини жолумду эч бири улаган жок", — деп айтып берди.

Кыргыз Эл баатыры, скульптор, сүрөтчү Тургунбай Садыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дыйкандан баштап ажого чейин. Залкарлардын эстелигине толгон көркөм өнөр музейи
Элеттик талантка буга чейин эч бир сыйлык ыйгарылган жок. "Маданияттын мыктысы" да эмес. Ардак грамотасы да жок. "Талантыңды эл бааласын. Башкысы эл алдында жүзүм жарык. Кээси сыйлык бербейт деп таарынат экен. Чындыгында, не бир таланттар деле көмүскөдө калып калган да. Гомерге эмнеге сыйлык берген эмес? Анан биз ким болуп кетиптирбиз", — деди кайра бизге суроо узатып.

Жекшен Тагаев дагы деле чыгармачылыктын айдыңында. Учурда айылдан чыккан байбичелерди конкурска даярдап, ыр өнөрү менен алектенип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0