Элина Абай кызы менен Мадина Талипбек тартылган "Делбирим". Өзбекстандагы сүрөттөр

© Фото / Нурмухамед Абдыкалык уулуСъемки фильма "Делбирим" ("Тополек мой в красной косынке") в Узбекистане
Съемки фильма Делбирим (Тополек мой в красной косынке) в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмага Кыргызстан менен Өзбекстандын актерлору тартылып жатат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык продюсер Паризат Жакыпбекова Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде жаңыланып Өзбекстанда тартылып жаткан тасманын иш үстүндөгү сүрөттөрүн жарыялады.

Фильм быйылкы жылдын соңунда элге сунушталат. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын алдыңкы актерлору тартылууда. 

© Фото / Нурмухамед Абдыкалык уулуСъемки фильма "Делбирим" ("Тополек мой в красной косынке") в Узбекистане
Съемки фильма Делбирим (Тополек мой в красной косынке) в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Съемки фильма "Делбирим" ("Тополек мой в красной косынке") в Узбекистане

Сүрөттөн эпизоддордун бири ачык жерде Man жүк ташуучу унаасынын фонунда тартылып жатканын көрүүгө болот.

Мындан тышкары, тартуу иштеринин ирмемдери менен Мадина Талипбек да Instagram баракчасы аркылуу бөлүшкөн.

Фильмдин автору — жазуучу Керез Зарлыкова. Ал буга чейин "Көпөлөк" жана "Кокуй кошуна" тасмаларынын сценарийин жазган. Режиссерлукту өзбекстандык Сарвар Каримов аркалоодо.

Ильястын ролун белгилүү актер Азиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойнойт. Эки актер тең Өзбекстандан.

Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жараткан, Кадичаны Элина Абай кызы аткарат. Актерлордун баары Өзбекстандын көркөм кеңешинин сынынан өткөн.

Тасма тууралуу кененирээк маалыматты продюсер Паризат Жакыпбекова менен болгон маектен окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0