Сүймөнкулдун "оюнан кетпеген" Таттыбүбү. "Кызыл алмадагы" таберик сүрөт

1268
(жаңыланган 21:33 11.07.2018)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, белгилүү киноактриса Таттыбүбү Турсунбаева
© Sputnik

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, белгилүү киноактриса Таттыбүбү Турсунбаеваны ат минип түшкөн сүрөтү 1974-жылы тартылган.

Ал жылы Чыңгыз Айтматовдун аңгемесинин негизинде режиссер Төлөмүш Океев "Кызыл алма" тасмасын тарткан. Анда Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Темирди ойноп, анын жубайы Сабиранын ролун Гүлсара Ажыбекова аткарган. Ал эми Таттыбүбү Турсунбаева бейтааныш сулуунун образын жаратканы белгилүү.

Океевдин жанында экинчи режиссер болуп эмгектенген Керим Орозалиев ошол учурду мындайча эскерет.

"Турсунбаеванын ат минип турган жери Балыкчы шаарынан анча алыс эмес жерде тартылган. Биз ал жерди жаратылышы кооз болгондуктан тандап алганбыз. Ал кезде баарыбыз жаш болчубуз, азыр ал фильмге тиешеси барлардын көбү өтүп кетти. Таттыбүбүнү режиссер Төлөмүш Океев өзү тандаган жана ал образды жаратууга башка талапкер каралган эмес. Негизи эле Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаева өз маалында таланты, жылдыздуулугу боюнча алдыда турган инсандар эле", — деп эскерет Орозалиев.

Тасма Бишкекте, Ысык-Көлдө тартылып, аны жаратууга Сабира Күмүшалиева, Алиман Жанкорозова, Гүлсара Ажибекова, Анара Макекадырова, Арсен Умуралиев жана Бакы Өмүралиев катышкан.

1268
Белгилер:
кино тасма, "Кызыл алма" тасмасы, Таттыбүбү Турсунбаева, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (139)
Тема боюнча
Чокморов менен Ажыбекованын "кызы" Анара. "Кызыл алманын" таберик сүрөтү
Эпейген экөө... "Лифти бар үйдөгү тепкичтердеги" таберик сүрөт
Чокморовго "көңүлдөш" болгон Сейдакматова. "Улан" тасмасынан таберик сүрөт
Жылмайган Рыскулов, жарк эткен Күмүшалиева. "Көчө" тасмасынан таберик сүрөт
Рэпер кыз Тамга

Кыргызстандагы алгачкы рэпер кыз Тамга: бир клип тартып кыйраттык деп жүрүппүз

366
(жаңыланган 18:28 07.03.2021)
Тамга Кыргызстанда алгачкы рэпер кыз катары таанылган. Аны башкалардан аты да, үнү да айырмалап турат. Каарманыбыз бирде назик, бирде сүрдүү болуп эки образды алып жүрөт. Жакында эле дал ушул өзгөчөлүгү үчүн "Ак салкын" тасмасында башкы ролдордун бирин аткарды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Тамганын рэп жанрына таштаган кадамы жана режиссер Эрнест Абдыжапаровдун сынынан өткөн алгачкы киносу тууралуу маек курду.

— Алгач атыңыздан баштайлы. Чоң энеңиз түш көрүп ысымыңыз ошондон улам коюлуп калганын айтып жүрөсүз. Тамга деген кадимки ариптен башка эмнени түшүндүрөт?

— Бекеринен чоң энемин түшүнө кирип, атым Тамга деп коюлуп калбаса керек. Тамга деген кыргыздардын тарыхында "белги" деген маани менен көп айтылат экен. Мен да жакшы нерсенин белгиси катары өз атыма татыктуу болууга аракеттенем.

Рэп-исполнительница Тамга. Архивное фото
© Фото / Давлет Казыбеков
Рэпер кыз Тамга

— Рэп жанрында кантип ырдап калдыңыз? Бирөөлөр сунуштадыбы же өзүңүз кызыктыңызбы?

— Менин алгачкы дебютум вокалдык эле ыр, бирок арасында бат ырдалган жери да бар болчу. Эл рэп сыяктуу ырдалган жерин жакшы кабыл алып жатты. Анан продюсерим менен кеңешип, "Ой, бой-бой" аттуу рэпти чыгардык. Көпчүлүккө жагып, ошондон улам рэпер катары таанып калышты окшойт. Бирок мен рэп менен эле чектелбейм, ар түрдүү ырларды аткара берем.

— Кыздардын рэп аткарышын биздин коомчулук кандай кабыл алат экен? Бир сыйра сындан өтсөңүз керек...

— Албетте, ар кандай сындар айтылды, көбүнчө "үнүң өзгөчө, ар кандай жанрга туура келе берет" деген жакшы пикирлерди угам. Эгер мага туура сын айтылса маани берип, кемчилдигимди оңдогонго аракет жасайм. "Кыздарга жарашпайт" деген сыяктуу майда-чүйдө сындарга көңүл деле бурбайм. Кызбы же балабы, каалоосу күч болсо ага эч ким тоскоолдук жарата албайт. Эгерде адам бир нерсени жасагысы келсе, башкаларга эмес, өзүнө "каалайсыңбы, жасай аласыңбы?" деп суроо берип, ошого ишенсе жасай бериши керек.

— Элдин сыны тууралуу айтып калдык, эң башкысы үй-бүлөңүз чыгармачылыгыңызга, дегеле рэп ырдаганыңызга кандай карайт?

— Мен жөнөкөй үй-бүлөнүн кызымын, түбүм Алайдан. Бирок атамдын көзү өткөндөн кийин Сокулукта окуп, чоңойгом. Чыгармачылыкка атам үчүн келгем десем да жаңылышпайм. Ал мага каалоо жаратып, шык берип кетти. Атам дүйнө салгандан кийин апам жакшы тарбия берип өстүрдү. Эң башкы колдоочуларым — жакындарым. Алар дем-күч берип турса гана башка ийгиликтерди жарата алам.

Рэп-исполнительница Тамга. Архивное фото
© Фото / Мирлан Саткымбаев
Рэпер кыз Тамга

— Кыргызстанда рэп аткарууга кызыккан кыздар көп эле бекен, өзүңүз ырдап чыккандан кийин байкаган чыгарсыз?

— Учурда Кыргызстанда рэп аябай эле өнүгүп, элдин талабы да жогорулап баратат. Башка ырларга да рэп кошуп жүрүшөт. Мурда кыздардын кызыгуусу жогору экенин байкабаптырмын. Өзүм аралашып калгандан кийин жаш кыздар рэп ырларын аябай эмоция менен аткарганын көрүп калдым. Instagram баракчама жазган кыздар да көбөйдү. Демек, бизден мотивация алып жатышса керек. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик экенин сезем.

— Ырчылар көбүнчө тойлордо ырдап киреше табат эмеспи, сиздин киреше булагыңыз кайсы жактан?

— Биз деле тойлорго барабыз, анткени азыр дээрлик жаштардын баары тойдун шаңдуу болушун каалашат. Негизи каражат табуунун жолу көп. Бир эле той менен чектелбеш керек, жаштар түрдүү иш-чараларга чакырышат. Ар кандай кинонун саундтректерине буюртма алабыз, башка да нерселер көп. Ал эми гонарарыбыз боюнча айтпай эле коеюн. Аны продюсерим менен сүйлөшкөн оң.

— Рэп бат кабыл алуу, так сүйлөө, тил үйрөнүү жаатында чоң жардам берет деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Бул жанрда бир эле ритмде бир канча ой бат-баттан айтылгандыктан, аларды бат кабыл алып, бат айтууга туура келет. Ошондой эле башка рэпти угуп жатканда да бат түшүнүүгө аракет жасайбыз. Андыктан чын эле тез кабыл алууну үйрөтөт. Дикция дагы башкы ролдо, андыктан ар бир тыбышты туура айтуу керек. Менин ырыма чет өлкөлүктөр да кызыгып, ырдап көргөндөрүн угуп калдым. Алар да кыргызчаны ырдын жардамы менен туура айтууга аракет жасашат экен. Бул биз үчүн сыймык. Демек, тилди бат үйрөнүүгө да жардамчы боло алат деп айтсак болот окшойт. Анан, албетте, эмоция менен ырдалып, шаңдуу болгондуктан маанайды көтөрөт.

Рэп-исполнительница Тамга в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу
Рэпер кыз Тамга

— Ырчылыктан башка эмнеге кызыгасыз?

— Бийге басым жасап жатам. Анткени менин чыгармачылыгыма аябай керек экен. Комуз чертүү боюнча окугам, аны менен бирге профессионалдуу болбосо да гитарада, фортепианодо бир аз ойнойм. Өзүмдү мажбурлап эч нерсе жасабайм. Мындан сыртары, вокалдан курс ачып сабак бере баштадым.

— Эми кеп "Ак салкын" тасмасы тууралуу болсун, анда кимдин ролун жараттыңыз?

— Жакында эле биринчи жолу "Боз салкындын" экинчи бөлүгү "Ак салкын" тасмасына тартылдым. Анда көп тажрыйба топтодум окшойт. Биз бир клип тартып алып эле кыйраттык деп жүрүптүрбүз, тасма тарткан андан бир топ эле кыйын турбайбы. Көп адамдын эмгеги сарпталат экен. Эрнест Абдыжапаров менин маектеримди көргөн экен. "Бул кыз эки башка образ берип жатат, башкы каармандын мүнөзүнө окшош экен" деп анан сунуштаптыр. Кинодо Асыл деген мекенин сүйгөн кыздын образын аткарам. Ушундан кийин мен да мекенимди көбүрөөк сүйүп калдым. Кино Ысык-Көлдө тартылып, кооздугуна көзүм тойбой ал жерге жашап калгым келди. Азыр да сагынып турам.

  • Рэп-исполнительница Тамга с рэппером Бегишем во время съемок фильма Ак Салкын
    Рэпер кыз Тамга
    © Фото / Иманбек Асылбеков
  • Рэп-исполнительница Тамга с режиссером Эрнестом Абдыжапаровым во время съемок фильма Ак Салкын
    Рэпер кыз Тамга
    © Фото / Иманбек Асылбеков
  • Рэп-исполнительница Тамга во время съемок фильма Ак Салкын
    Рэпер кыз Тамга
    © Фото / Иманбек Асылбеков
1 / 3
© Фото / Иманбек Асылбеков
Рэпер кыз Тамга

— Ал кинонун саундтрегин да сиз ырдап чыксаңыз керек?

— Ооба, Бегиш экөөбүз ырдайбыз. Кино 25-марттан баштап кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт. Өзүм да күтүп жатам.

— Жаш, татынакай кыздын жеке жашоосуна кызыкпай коюу мүмкүн эмес да. Табитиңиздеги мырза кандай, мүмкүн аны жолуктурган чыгарсыз?

— Табит деп ар нерсени айта беребиз. Негизгиси сезим керек да. Бардык берген маегимде бул тууралуу айтпайм. Ушу тапта менин жигитим — чыгармачыл жашоом, эмгектерим деп гана айта алам. Бүт сезимимди, күчүмдү, энергиямды чыгармачылыкка жумшоодомун.

366
Белгилер:
Тамга, чыгармачылык, кино, маек, ырчы, рэпер
Тема боюнча
Ырлары миллион көрүүчү топтогон Алтынай: мамлекеттик кызматта экениме сүйүндүм
Интернет жылдызына айланган Байзак ырчы: аябай толкунданып жатам...
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков

Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

48
(жаңыланган 14:36 05.03.2021)
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков учурда поэзия тармагы өнүгүүгө багыт алып жатканын белгиледи.
Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

Адабиятчылар маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өзгөчө, акындар аймактарды кыдырып, чыгармаларын элге жеткирсе жакшы болмок. Мындай пикирин Акбар Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чыгармалардын сынга кабылуусу анын окулуп жатканынан кабар берет.

"Поэзия тармагы элдик фольклордон чыныгы жазмага өткөнү жакшы эле өсүш болгон. Андан бери көптөгөн залкар акындар чыгып адабий айдыңда өз ордун ээлеп калды. Ал эми эгемендүүлүккө келе турган болсок, ортодо поэзия каралбай калган. Башкача айтканда, чыгарманын окурманы болуусу шарт. Алар жазуучунун өсүүсүнө түрткү болот. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары китеп окулбай калган. Азыр эми акырындап китепти кубалап окугандар пайда болуп келе жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл болду. Бул аралыкта жакшы чыгармалар жазылды. Ошолорду иргеп, тандалмаларды топтоо зарыл. Анан адабий тармак маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өз кезегинде Байдылда Сарногоевдин барбаган айылы калбаптыр. Азыр деле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан акындарга аймактарды кыдыруу боюнча демилгеленсе, чыгармалар элге жетет эле", — деди Кубанычбеков.

Акын учурда жазылып жаткан чыгармалардын сапаты көбүнесе орто заар болуп жатканын кошумчалады.

48
Белгилер:
маданият, ротация, адабият, Акбар Кубанычбеков
Тема боюнча
Эгембердиева: аялзатынын адабиятка келишин жигиттер өздөрү шарттаган
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Кыргыз аялы үй-бүлө ынтымагынын кам көрүүчүсү. Жапаровдун куттуктоосу

24
(жаңыланган 11:10 08.03.2021)
Мамлекет башчысы аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, элдин эркиндикке умтулуусунун ыйык символу болуп келгенин белгиледи.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоосунда кыргыз аялын бүгүнкү күндө үй-бүлө ынтымагынын жана бакубаттыгынын кам көрүүчүсү деп сыпаттайт.

"Аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, элдин эркиндикке умтулуусунун ыйык символу болуп келген. Кыргыз коомунда аялдарга сый-урмат менен мамиле жасоонун салты калыптанып, алар элибиздин коомдук жана саясий турмушунда маанилүү роль ойношкон. Муундан-муунга өтүп келе жаткан өрнөктүү салт-санааларыбызды үзбөй сактаган кыргыз аялы бүгүнкү күндө үй-бүлө ынтымагынын жана бакубаттыгынын кам көрүүчүсү болуп келет", — деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчысы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн айтат. Анда аял-врачтардын, медайымдардын, ыктыярчылардын каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгеги эч качан унутулбастыгын, бул күтүлбөй келген кырсыкка каршы күрөштө алардын алдыңкы катарда турушканын өзгөчө белгилеген.

Аялдар коомдун бардык тармактарында эмгектенип, жумушка жооптуу жана жаңычыл мамиле жасоонун өрнөгүн, реформаларды жүзөгө ашырууга дилгирлигин көрсөткөнү куттуктоодо айтылат.

Жапаров аялдардын жетишкендиктерин андан ары бекемдөө үчүн жакында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда биринчи жолу аялдарга 30 пайыз квота берилгенин кошумчалады.

24
Белгилер:
куттуктоо, Садыр Жапаров, Аялдардын эл аралык күнү, 8-март
Тема боюнча
Садыр Жапаров канайым экөө өзгөчөлөнгөн айымдарды куттукташты. Сүрөт