Актриса Таттыбүбү Турсунбаева. Архивдик сүрөт

Ысык-Көлдө Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган сынак өтөт

190
(жаңыланган 18:24 07.07.2018)
Катышуучулардын талантына Казакстан, Россия, Азербайжан жана Түркиядан келген адистер баа берет.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгинде 11инен тарта 17-июлга чейин улуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган "Ыр толкундары" эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Нуркан Турсунбаев атындагы эл аралык фонд димилгелеген иш-чара "Рух-Ордо" маданий борборунда болмокчу.

"Сынакка катышкан ырчылардын арасынан мыкты деп табылганы 1 миллион сом байгеге ээ болот. Фестивалдын негизги максаты — кыргыздын профессионалдык музыкасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Катышуучулардын талантына Казакстан, Россия, Азербайжан жана Түркиядан келген адистер баа бермекчи.

190
Белгилер:
байге, сынак, ырчы, Таттыбүбү Турсунбаева, Ысык-Көл
Тема боюнча
Бишкекте эл аралык этно фестивалга тандоо туру өтөт
Жүрөктү козгойт! Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын социалдык ролиги жарыяланды
Көз жоосун алат. Нарында "Кыргыз шырдагы" фестивалы башталды
Шанхайдын тургундары. Архив

Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

102
(жаңыланган 11:50 04.07.2020)
Режиссёр ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламышты кадрга түшүргөн.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" аттуу тасмасы Шанхайда өтө турчу абройлуу эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында Кинематографисттер союзунун катчысы, фильмдин со-продюсери Талант Төлөбеков билдирди.

Аталган кино Shanghai International Film Festival 2020 (SIFF) деп аталган Кытайдагы ири кинофестивалга чакыруу алган. Ал 23 жылдан бери өткөрүлүп келет, А категориясындагы дүйнөдөгү 15 кинофестивалдын катарында турат.

"Бул абдан чоң ийгилик, кыргыз режиссёрлорунун тасмалары А категориясындагы кинофестивалдарга акыркы ирет 2018-жылы катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын фильмдери Шанхай фестивалы түзүлгөндөн бери биринчи ирет катышып жатат", — деди Төлөбеков.

"Көл" драмалык жанрда Ысык-Көлдөн тартылган. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

1,5 млн. долларга мыкты тасма тартышты. Токаев кыргыз киносуна суктанды

Кинонун сценарийин Эрке Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган.

Продюсерлери Эрке Жумакматова, Садык Шер-Нияз. Со-продюсерлер Талант Төлөбеков менен Айжан Чыныбаева.

102
Белгилер:
катышуучу, фестиваль, кино, Кыргызстан
Тема боюнча
Валентина Шевченко тартылган тасма Торонто кинофестивалында көрсөтүлөт
Голливуд коронавирустун башталышы тууралуу тасма тартууга бел байлады
Ырчы Асел Кадырбекова

Комада жаткан ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, эсине келе баштады

993
(жаңыланган 13:46 03.07.2020)
Эстрада ырчысы комадан толук түрдө чыга элек. Буга чейин дарыгерлер Аселдин мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, тамак ичип калгандыгын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, Асел толук түрдө өзүнө келе элек.

“Комадан толук чыга элек. Аселди мурда түтүк менен тамактандырып жатканбыз. Азыр “тилиң, мурдуң кана?” деп сураганда көрсөтүп, кашык менен тамак берсек өзү жутуп калды. Буюрса жылыш бар”, — деди ал.

Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга иш козголуп, камакка алынмай болду

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган.

Буга чейин дарыгерлер ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

993
Белгилер:
жол кырсык, Сабырбек Жумабеков, ырчы, кома, Асел Кадырбекова
Тема:
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы
Тема боюнча
Асел Кадырбекова дагы деле комада. Сабырбек Жумабеков кайрылуу жасады
Бишкек шаары. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:03 04.07.2020)
Түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең күндүз республика боюнча көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +22...+27 градус жылуу болот.

Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ошто +33...+35, Чолпон-Атада +22...+24 градус болору маалымдалды.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы