Болот Шамшиевдин Фудзиямадагы кадыр түн кинофилминен тартылган сүрөт

"Фудзиямадагы кадыр түн" драмасы тууралуу кызыктуу 12 факты

777
(жаңыланган 21:26 16.07.2018)
Абдыкерим Муратов
Достор Фудзияма деп атап алышкан Туу-Чокуда бир кездеги мугалими Айша апанын алдында адамдык абийир, достук, саткынчылык, ыйман жана ынсап, байлык жана бийлик тууралуу кызыл чеке болуп талашат.

Бир убакта бирге окуп, бир чоңойгон, согушка бирге кетип, кайра аман келип, эми болсо кызмат орундары, кадыр-баркы бар, сыртынан караганда интеллектуалдуу деп эсептелинген курбулардын жолугушуусунан улам алардын ар кимисинин ой-пикирине, карманган принциптерине ылайык ой жүгүртүүлөрү пьесанын негизи конфлигин түзөт.

Бүгүн жазуучунун адамдардын ички дүйнөлөрүн аңтарып чыккан "Фудзиямадагы кадыр түн" аттуу драмасы тууралуу 12 фактыны сунуштайбыз.

"Современник" театры жана "Фудзияма…" СССРдин 50 жылдыгына карата репертуарын жаңыртуу үчүн ошол кездеги өлкөнүн эң алдыңкы театры катары Москвадагы "Современник" театры бир пьеса жазып бериңиз деп ал кездеги эң эле окумдуу жана зобололуу болуп жаткан Чыңгыз Айтматовго кайрылат. Жазуучу бир нече жолу баш тартып туруп алат, ал арада 1972-жылы жогорудагы маараке да өтүп кетет, болбой эле "современникчилер" пьеса доолай берет. Айтматов аларга бул чыгарманын сюжетин айтып да жиберет. "Жакшы экен, жазыңыз" дешет. Анан айласы кеткен Айтматов жазышууга шериктеш издей баштайт.

Пьесанын жазылыш тарыхы. Чыгарма Айтматов тарабынан адегенде кара сөздө – повесть катары ойлонулган. Идеясын жазуучу Казакстандын Мухтар Ауэзов атындагы театры үчүн "Саманчынын жолун" казакча которуп, пьеса кылып чыккан Калтай Мухамеджановго айтып берет. Ал болсо бул сюжет пьесага ылайык экендигине ынандырып, драманы бири казакча, бири кыргызча жаза баштайт да, ортодо ой бөлүшүп отуруп, негизги вариантын орусча жазып бүтүрүшөт.

Айша апа чыгармага кийин кошулган. Авторлор биринчи вариантта Айша апаны каарман катары пьесага кошкон эмес экен. Достордун бир кездеги мугалими, азыр эми Фудзиямада алардын кырды бычак диспуттарына баа берүүчү Айша апа кийин ойлонулуп табылып, кийин кошулган образ болуптур.

Пьесанын басылышы. Кыргыз жазуучусунун казак драмачысы менен шериктештикте жазылган бул чыгармасы орусча "Восхождение на Фудзияму" деген аталыш менен 1973-жылы чакан китепче түрүндө чыккан. Кыргызчасы 1977-жылы "Чыгармачылык сахна" деген жыйнакка "Фудзиямадагы кадыр түн" деген ат менен басылган.

Жазуучунун биринчи жана акыркы драмасы. Айтматовдун көптөгөн чыгармалары сахналаштырылса да, жазуучу аларды пьеса катары жазган эмес, кара сөз формасындагы чыгармалары көбүнчө башка бирөөлөр, мисалы, режисселор тарабынан инсценировкаланган. Ал эми "Фудзиямадагы кадыр түн" башынан эле сахна үчүн драмалык текте жазылган. Бул Айтматовдун драмалык тектеги жападан жалгыз чыгармасы катары анын чыгармачылык биографиясына кирип калды.

"Современник" театрынан башталган сапар. Пьесаны адагенде буюртмачы болгон "Современник" театры колго тиери менен сахнага алып чыгат. Башкы режиссёру — Галина Волчек. Көп узабай ошол кездеги союздук республикалардын атактуу театрларынын репертуарларына кирет. Бул пьеса Англия, АКШ, Германия, Индия, Түркия, Норвегия, Швейцария, Венгрия, Япония, Болгария ж.б. өлкөлөрдө коюлат. 1975-жылы СССР менен "кансыз согушта" каршылашып жүргөн АКШнын Вашингтон шаарынын "Арена стейдж" театрында көрсөтүлгөндө, биринчи советтик пьеса коюлду дешкен. Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында 1976-жылы көрүүчүлөргө тартууланган. Режиссёру — Мелис Убукеев.

Чектелген жер, ченелген убакыт. Сөз болуп жаткан пьеса мейкиндик жана мезгилдик жактан чектелген гана убакытта (бир суткага жетпеген) жана чөйрөдө (Туу-Чоку, же каармандар аташкандай Фудзиямада) гана өтөт. Негизинен кыймыл-аракетке, массовкага ылайыкташкан эпизоддор жок, сюжеттин өнүгүшү каармандардын сүйлөшүүлөрүнөн гана турат.

Аталыштын сыры. Каармандар — бир кездеги классташтар Туу-Чокуга чыгат да, ал тоону шарттуу түрдө "Фудзияма" деп коюшат. Аны маанисин алардын бири Исабек мындай түшүндүрөт: "…ар бир такыба буддист өмүрүндө жок дегенде бир ирет касиеттүү Фудзиямага чыгып, кудай менен сырдашат экен, бу дүйнө тууралуу ой ойлоп, кылган күнөөлөрүн мойнуна алат имиш, бизче айтканда, кудай алдында ымандай сырын айтып, эсеп берет экен". Мына ушул Япониянын ыйык тоосу кыргыз жигиттери чокусуна чыккан жана сырларын айтышып, тазаланган Туу-Чоку аркылуу символдук бийиктикке айланат. 

Актеры во время спектакля Чингиза Айтматова Восхождение на Фудзияму.
© Sputnik / Анатолий Гаранин
Спектакль Чингиза Айтматова "Восхождение на Фудзияму"

Фудзиямада калууга татыктуулар жана татыксыздар… Драма баштан аяк талашып-тартышуу, ар ким өз чындыгын ортого таштоо менен өтөт. Дал ушул талаштан ар кимисинин чыныгы жүзү ачылат, кимдин ким экендиги дайын болот. Акыры Фудзияманын чокусунда кимдер калууга арзыйт? Мамбет, Алмагүл, кайра кайтып келген Досберген. Калганынын баары бул жерде калууга татыксыз болуп чыгышты. Алар ооз көптүрүп тигиндей-мындай сүйлөп билимдүү көрүнүшкөнү менен нравалуулук жактан артта калышыптыр, демек, булар алдыга эмес, артка карай өсүп жатыптыр. Чокудан булардын мугалими Айша апа да кетип калат. Ал кетип жатып мындай деди: "Ошол жылдары өзүмчө: "Көп узабай элдин баары билимдүү болот. Мына ошондон тартып мөлтүр булактай таза турмуш башталат деп ойлочу элем… Көрсө, турмуш татаал экен, ойлогонуңдай чыкпайт турбайбы… Силер кенедейиңерден колумда өстүңөр… Майданга узатканда өз уулдарымды жоого аткаргандай, кудайга зарлап үнүм жеткен. Силер наристе бойдон кеткенсиңер. Ушундай ынтымактуу, ушунчалык ниети таза балдар элеңер. Эсимде, жаркыраган беш жылдыздай болуп, фронттон келдиңер. Анан эмне болду силерге? Эмне үчүн ушундай турмушка дуушар болдуңар? Мен силерге абдан ишенчү элем. Силерди көрүп, ойлочу элем: "Эмгегим кайттыбы" деп. Сыртыңардан кубанып, медер-жөлөгүм ушулар деп жүрчү элем… Мына эми минтип кабыргам кайышып, жаным катуу кейип олтурат. Баягы балдарым жок. Андагы жаркыраган балдарым кайда? Алардан айрылганым ырас болсо, анда өзүмдө да айып бар… Кай жерден… эмнеден жаңылыш кетирдик? Билбейм, башым маң…" Айша апа буларды бекер айткан жок, бул бир кезде окутуп-тарбиялап чыгарган балдарынын, ниети таза балдарынын трагедиясы. Эмне үчүн Айша апа "Баягы балдарым жок. Андагы жаркыраган балдарым кайда" деп кан какшап отурат? Эмнеге ал киши бир кездеги балдарынын арасында тургусу келбей кетип калды? Көрсө, баары башкача болуптур. Балдары баягы балдар эмес экен, ошолорду көрө албай койду. Алар интеллигенттик чөйрөгө кетип, "азыр жаңы бир эмгегимди басмадан чыгарайын деп даярдап жатам. Кызмат керек, бирок окумуштуу болгон соң ара-чолодо эмгек чыгып турганы дурус да" деп айткандай "маанилүү иштерге аралашып калган" илимдин доктору Иосиф Татаевич, "маңызы жок, арам тер жыттанган китептерин нары-бери тезек чампалагансып" жаза салган Исабек бир кездеги согушка баруу үчүн Айша ападан уруксат сурап келишкен таза наристелер эмес экен, алар бийлик, даңк сүйүүчүлүктүн, өз кызыкчылыгын өөдө коюучулуктун жолуна түшүп кетишиптир, акыр аягы ошого барышыптыр, булардын трагедиясы ошондо турат. Ошон үчүн Айша апа тигилердин даамынан кошо ооз татуудан баш тартты, өзүнөн да айып таап, жаңылыш кетирген жайын издештире, акыры ал кетип калууга мажбур болду. Көрүүчүлөргө жана окурмандарга дал ушул ойду жеткирүүдө авторлор тандап алган конфликт өтө курч мүнөздө өтөт, конфликтти жандандырууда окуяга түздөн-түз катышып жаткан Мамбет жана окуяга катышпаган, сахнада көрүнбөгөн Сабыр катализатордук кызмат кылышат.

Беш достун бири – Сабыр. Фудзиямада Сабыр жок, а түгүл мектепке сүрөтүн жиберүүдөн баш тартат, бир убактагы баарынан кыйыны, жол баштап жүргөнү, согушка барууга тигилерди үгүттөп ынандырганы ушул Сабыр эле, бир кезде "чыгармачылык жол издеп, өзү менен өзү жакалашып, изденүүнүн азап-тозогунда жүргөн" кезинде аны достору сынга алып, ырларынан идеялык ката таап, жыйналышка салышып, чүнчүтүп, жок кылышты, а түгүл ал абакта отуруп чыкты, баары бир Сабыр ордуна келе албады, досторунун лидери болуп кайрадан аларга кошула албады, кошулгусу да келбеди, эми ал аларды каалабай калды. Өзүнүн бир кездеги досторун "жок кылып алды", Мамбет үчүн гана "тагдыры тамырлаш, өз боорлош" болгон менен калгандар үчүн кайдагы бир "немеге" айланды. Драмада биз Сабырга кездешпегенибиз менен ал көкүрөк койгулашкан Иосиф Татаевичтен, Исабектен, Досбергенден, берки келиндерден алда канча өйдө турат, ал арамдык жол менен кеткен жок, тигилердей бийик мансапка, кызмат орундарга жеткен жок, атүгүл ичип кетти, чыгармачылыгын да улантпай токтотуп таштады, б.а. тирүүлөй өлүккө айланды, ал тигилердей трагедияга учурган жок:

"Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?

Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?

Ажалга көз жумса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?:

Душмандан жан соогалап качканда да,
Душманды кырып-жоюп басканда да,

Түбөлүк чечилбеген ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?

Адамзат качан чечет, качан коёт,

Социалистик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова
© Фото / предоставлено мемориальным дом-музеем имени Зууракан Кайназаровой
Канткенде адам уулу адам болот?" — деп бийик үн менен адамдарга кайрылып турду. Дал ушул Сабыр жөнүндөгү талаш драмадагы конфликтинин негизги апогейи. Ушинтип Сабырдын тагдырына байланышкан конфликт татаалдашып олтурат, Осипбай бул сөздүн токтошун каалайт. Чынчынына келгенде Сабырдын тигинтип арадан жок болуп кетишине берки төртөө тең күнөөлүү экен, анын поэмасын катуу сынга алып Исабек "ур токмоктой" макала жазыптыр, Осипбайды жыйналышка салып "көк бөрү тарттырыптыр", Досберген эч нерсени түшүнбөй эле тигилерди ээрчип "ит болуптур", Мамбет болсо ошондогу түшүнүгү менен "сен акын катары түз жолуңдан адаштың, сенин поэмаң – өткөндү эңсегендик, саясий ката" деп айыптайт, ошентип, алар бир адамдын тагдырын, болгондо да зор үмүттүү тагдырды тебелеп таштап, өздөрү "дөңгөлөк менен кошо чимирилген тыйын чычкан" өңдөнүп күпүлдөп бирөөнүн ордун ээлеп жашап жүрүшөт. Атүгүл алар Сабыр жөнүндө али да жакшы ойдо эмес. "Биздин жеңиштин даңазасын ырдоонун ордуна, каяктагы бир калпыс ойлорду айтып туруп албадыбы… Көркөмдүгү күчтүү болгону менен, ички түзүлүшү талаштуу болуп калды (Исабек)". "…Сабырың да периште эмес го, болбосо ак жеринен сүргүнгө айдалып келмек беле. "Заман, заман" дейсиңер. Заманда не айып? Ырларынын өзү тескери болчу. Менин эркиме койгондо, мындайларды мен азыр да жакын жуутпас элем…" (Иосиф Татаевич), "Койгулачы эми. Арзыбаган бир иш үчүн бириңе бириң жаман-жакшы айтышып. Жазбаса андан ары кетсин! Күнүбүз ошого түшүп калыптырбы!" (Анвар). Жалгыз гана Мамбет ошондогу айыбы үчүн өзүнчө кыйналып, "Ошол кезде биз ага кылдай жардам көрсөтө албадык. Ар ким өз башын коргоп, өз этегине бекинди" деп, күнөөсүн мойнуна алып, досу үчүн убайымга түшүп, жүрөгүн мыкчып келди. Ошон үчүн Фудзиямада – тазалануу чокусунда тигилер менен эрөөлгө чыкты.

Орусчасы менен кыргызчасында окшобой калган жерлер кездешет. Мисалы, орусча текстте Сабыр чыгармаларындагы "идеялык каталар" үчүн согуш учурунда эле камакка алынып кетсе, кыргызчасында согуштан келген соң жогорку окуу жайына кирип окуп жүргөндө саясий көз карашы үчүн кесилет.

"Фудзиямадагы кадыр түн" – кино өнөрүндө. Фильмдин сценарийин Чыңгыз Айтматов жана Болот Шамшиев жазган. Режиссёру – Болот Шамшиев. Башкы ролдорду ойногондор: Сабира Күмүшалиева, Айтурган Темирова, Гүлсара Ажибекова, Лидия Каденова, Муканбет Токтобаев, Орозбек Кутманалиев, Раимбек Сейтметов, Кудайберген Султанбаев, Алиман Жангорозова, Акылбек Мураталиев. Фильмди тартуу жумуштары Бишкек шаарына жакын жердеги Беш-Күңгөй айылынын тоосунда 1988-жылы ишке ашкан.

777
Белгилер:
факты, каармандык, Фудзиямадагы кадыр түн" пьесасы, Чыңгыз Айтматов
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (233)
Тема боюнча
Ыр жазган, эл башкарган. Чыгаан саясатчы Бекмамат Осмонов тууралуу 6 факты
Малай болуп, кандуу согушту көргөн акын. Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу 7 факты
Пикирлер