Ырчы Токтакунова: намысыма тийген жигит "эжелеп" кечирим сураганда жайына койдум

© Фото / Рустам ТалиповЫрчы Назгүл Токтакунова. Архив
Ырчы Назгүл Токтакунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы Назгүл Токтакунова эл көзүндөгү адамдарды жөн жерден сын тагып кемсинтүү туура эмес деп эсептейт. Ырчы бир ирет Instagram баракчасында сындаган мырзанын дайын-дарегин таап, жазгандарын скриншоттоп, керек болсо сотко чейин арызданайын деп барып токтогон.

Эске сала кетсек, Токтакунова бир ай мурда "Резидент ТНТ MUSIC" музыкалык конкурсунун жеңүүчүсү аталып, мындан сырткары көрүүчүлөрдүн назарына түшкөндүгү үчүн 3-орунга татып, 1 миллион рубль уткан.

Ырчы менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова маек курду.

— Назгүл айым, быйылкы жылды өзгөчө пландар менен баштадыңыз окшойт. Алгач эле сахнадагы жаңы атыңыз Yella тууралуу сурагым келип турат, бул кадамыңызды жакындарыңыз, күйөрмандарыңыз кандай кабыл алды?

— Мени бардыгы Назгүл эмес, "Сары", "Сарышка", "Сарышкин" деп айтышат. Yella — англис тилинин yellow (кыргызча "сары" — ред.) сөзүнөн алынды. "Заманбап" тобунун рэпери Каспер менен кеңешип сахнадагы ысымымды өзгөрттүк. Эл аралык аренага багыт алгандан кийин атым элге сиңимдүү болушу керек.

© Фото / Сабина ТалиповаЫрчы Токтакунова: убагында чачымды түркүн түскө салгам, желкемен кылып кырккам, керек болсо жашылга боегом. Бирок эч убакта таз болмок эмесмин!
Кыргызстанская певица Назгуль Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Токтакунова: убагында чачымды түркүн түскө салгам, желкемен кылып кырккам, керек болсо жашылга боегом. Бирок эч убакта таз болмок эмесмин!

— Чыгармачылык үчүн бардык экспериментке даярсызбы? Сиз баш тарта турчу нерселер кайсы?

— Жок, даяр эмесмин. Ооба, убагында чачымды түркүн түскө салгам, желкемен кылып кырккам, керек болсо жашылга боегом. Бирок эч убакта таз болмок эмесмин! Ошондой эле өзүмдү жарнамалоо үчүн жылаңач чыкпайт болчумун. Бул менин принцибим, каалоомо туура келбеген нерселерди жасабайм. Жаш кыз болсом бир жөн.

— Бир ай мурда "Резидент ТНТ MUSIC" музыкалык конкурсунун жеңүүчү аталып, мындан сырткары, көрүүчүлөрдүн назарына түшкөнүңүз үчүн 3-орунга татыган экенсиз. Сынакка кандайча катышып калгансыз?

— Негизи сынактарды жактыра бербейм. Өзүмдү ташкындаган таланттардын катарына кошпойм. Чыгармачыл чөйрөдөгү Jahman (Кубаныч Бакытов. — ред.) аттуу досум "Как в кино" аттуу ырымды сынакка жөнөтүшүмдү суранды. Сынак ыр менен клиптин сапатына карады. Эки миңдей катышуучу болду. Кыргызстандын атынан мен, рэп ырчысы Jahman жана ырчы Айбек Замирбеков жарым финалга өткөн. Финалга 12 киши тандалып, жыйынтыгында "Убить дебила" ырым менен жеңүүчү аталдым. Утам деп ойлогон эмесмин, абдан толкундандым.

— Сынактан утуп алган каражатты каякка жумшайын деп жатасыз? Бир миллион рубль деп жатышкан, ээ?

— Миллион деп угулганы менен каражат бир клиптин эле наркын жаап берет окшойт. Жетпей калабы деп да ойлоп жатам. Жаңы клиптин башкы ролуна казактын белгилүү актери Таукел Муслимди тартабыз. Ыр өзү Россияда тартууланат.

Диктор телеканала НТС диктору Мира Шукуралиева - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мира Шүкүралиева: "депутаттын аялымын" деп күйөөмдүн атын пайдаланбайм
— Сизди мындан ары чыгармачылыгын Россияда улантат экен деген кептер чыгып жатты эле?

— Россияга барганда ТНТ каналынын жетекчилери "ырды өзүңөр жазасыңарбы, талантыңарга карабай абдан жөнөкөй экенсиңер" деп Азия элине суктанган. Ооба, Россияга каттап чыгармачылыгымды өркүндөтүп турам. Бул дагы чек эмес, дүйнөлүк аренага чыгууну максат кылуудабыз.

— Россиялык ырчылардын арасынан дүйнөлүк деңгээлге чыккандар арбын. Эмне үчүн кыргыз шоу-бизнеси Орто Азия менен эле чектелет?

— Маселен, коңшу казак ырчылары КМШ өлкөлөрүнөн ордун табууда. Биздин шоу-бизнес эми багыт алдык деп ойлойм. Албетте, Светлана Назаркенко сыяктуу ырчылардын аракетинде сөз жок. Азыр жаш ырчыларга колдоо жана каражат керек.

© Фото / Эркаалы КыштабаевТоктакунова бир ай мурда "Резидент ТНТ MUSIC" музыкалык конкурсунун жеңүүчүсү аталып, мындан сырткары көрүүчүлөрдүн назарына түшкөндүгү үчүн 3-орунга татып, 1 миллион рубль уткан
Кыргызстанская певица Назгуль Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Токтакунова бир ай мурда "Резидент ТНТ MUSIC" музыкалык конкурсунун жеңүүчүсү аталып, мындан сырткары көрүүчүлөрдүн назарына түшкөндүгү үчүн 3-орунга татып, 1 миллион рубль уткан

— Мүмкүнчүлүк болсо  дүйнөдөгү кайсы атактуу менен дуэт аткаргыңыз келет. Кимди кумир тутасыз?

— Уилл Смитти бала кезимден бери жакшы көрөм, мүмкүнчүлүк болсо чогуу обон созмокмун. А бирок ата-энемден өткөн кумир жок.

— Баса, сынактын шарапаты менен футбол боюнча дүйнө чемпонатына баш багыпсыз, кайсы командага жан тарттыңыз?

— Билетти Россиядагы продюсерим белек кылды. Абдан күтүүсүз болду, билет баасы 800 доллар болчу. Криштиану Роналдунун ойногону жакчу, Португалияга күйөрмандык кылып отурдум.

— Ырчылыкка бала кезден кызыгып, 16 жашыңызда "Великий дворник" тобуна кошулуп ырчылыкка кадам таштаган экенсиз. Андан кийин Мирбек Атабеков, Бегиш, Арсен аттуу ырчылар менен дуэт ырдап жүрчүсүз. Акыркы жылдары жалгыз чыкканга басым жасайын дедиңизби?

— Дуэттерди деле атайын ырдачу эмесмин, кокусунан кошулуп калган учурлар болду. Сахналаш досторума көп жардам бердим. Уюштуруу иши менен алектенип концерттерин коюп, тасмаларын тарттырып, ыр жазып берип жүрдүм. Артка кылчайсам, убакыт өтүп жатыптыр. Жеке чыгармачылыгымды өнүктүрөм деп өзүмө сөз бердим.

— Мен чыгармачыл адам болбогондуктан ырчылык чөйрөнү деле билбейм, шоу-бизнесте кайсы учур жаныңызды кейитет, эмнени өзгөрткүңүз келет?

Звезда отечественной эстрады Мирбек Атабеков - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков "Мурас" ыры, пара бергени, Instagram баракчаcындагы жубайы тууралуу
— Биздин ырчылар иргелсе жакшы болмок. Ошондо коомчулулукта ырдай албагандар көп деген пикир азаймак. Таланты бары деле, жогу деле микрофон кармап жүрөт. Чет жерде таланты жоктор шоунун жардамы менен чыгат.

— Эмне сүйүндүрөт?

— Өнөрлүү адамдардын арбын экени сүйүндүрөт. Көгөрбөй эмгектенсек ийгиликке жетмекпиз. Келечекте студия ачып жаштарга өрнөк болсом дейм.

— Ыр жаздырып, клип тарттырып, ага форма тиктирүү деле бир топ акча да. Сиз каражатты кайдан табасыз, эл сыяктуу тойлордо кызмат кыласызбы?

— Тойдо абдан чанда ырдайм. Каражатты студияда ыр жаздырып табам.  Бир жылдан бери Казакстан менен иштешем.

© Фото / Евгений НовиковНазгүл Токтакунова: биздин ырчылар иргелсе жакшы болмок. Ошондо коомчулулукта ырдай албагандар көп деген пикир азаймак
Кыргызстанская певица Назгуль Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Назгүл Токтакунова: биздин ырчылар иргелсе жакшы болмок. Ошондо коомчулулукта ырдай албагандар көп деген пикир азаймак

— БГУнун экономика факультетинин финансы-кредит бөлүмүн бүтүргөн экенсиз, келечекте кесип менен иштейин деген оюңуз барбы?

— Экономика адистигин ата-энемдин каалоосу менен бүтүргөм. Кесипти аркалашым бүдөмүк.

— Эми жеке өзүңүзгө байланыштуу суроолордон берсем. Чачыңыз сары болгонгобу, сыртыңыздан орус мүнөз, кыргыздын каада-салтынан тыш адамдай көрүнөсүз…

— Биринчи кезекте кыргызча сүйлөй аларымдан күмөн санашат. Каада-салтты аттап өтүп же баш-орду менен кирип кеткендердин катарында эмесмин.

— Бир жолу Instagram тармагында сиздин түз эфириңизди көрүп жатсам, бир мырза туура эмес пикирин айтты окшойт, "номериңди жеке баракчама ташта, ачык сүйлөшөбүз" дедиңиз. Ачууңуз чукулбу?

— Эгер мен бирөөгө жамандык жасап же үй-бүлөсүн тартып алсам түшүнөт элем. Эл көзүндөгү адамдарды басынтуу туура эмес деп эсептейм. Жөн жерден асылгандарды жоопсуз калтырбайм. Сын таккан мырза мага номерин таштаган жок. Эмне деп асылганын айтпай эле коеюн. Өзүм таап, жазгандарын скриншот кылып, керек болсо сотко чейин арызданайын дегем. "Эжелеп" кечирим сураганда аяп койдум. Ачуум чукул, бирок бат жазылам.

© Фото / Сабина ТалиповаНазгүл Токтакунова: Уилл Смитти бала кезимден бери жакшы көрөм, мүмкүнчүлүк болсо чогуу обон созмокмун
Кыргызстанская певица Назгуль Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Назгүл Токтакунова: Уилл Смитти бала кезимден бери жакшы көрөм, мүмкүнчүлүк болсо чогуу обон созмокмун

— Сиздей талантуу, сулуу кыздарга көз арткан мырзалар арбын болсо керек?

— Көп мырзалар мени сыртыман катаал деп ойлойбу, билбейм, даап деле келе алышпайт. Жолугушууга чакырып кат жазгандар болот. Убакыт тар.

— Буга чейин кесиптешиңиз Айбек Замирбеков экөөңүздөрдүн мамилеңер бар экенин ачыктап, керек болсо баш кошобуз деп дагы айттыңыздар эле. Андан бери бир жыл өттү окшойт, азыр мамилеңиздер кандай?

— Мамилебиз жайында.

Жаңылыктар түрмөгү
0