Көчмөндөр оюндарына канча каскадер жана бийчи катышары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Чолпон-Ате
Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары быйыл 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын театралдашкан программасына 200дөн ашык каскадёр, 500гө жакын бийчи жана артисттер даярданып жатат. Бул тууралуу Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын  катчылыгынан кабарлашты.

Сахнадагы көрсөтүүлөрдүн репетитору Сырга Латыпова маалымдагандай, ачылыш, жабылышына даярдык июль айынын башында башталган.

“Негизги көрсөтүүлөргө "Шаттык" ансамблинин окуучулары тартылды. Калгандары өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттери, жаштар", — деди ал.

"Кырчын" жайлоосунда өтчү маданий программага даярдыктар борбордогу Касымалы Баялинов атындагы китепканада жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0