Күндө майрам, күндө той! Ошто 31-августка чейин ишемби сайын концерт болот

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаардык аянтындагы майрамдык концерт. Архив
Ош шаардык аянтындагы майрамдык концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамдык иш-чаралар кечки саат 18.00дө башталат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Август айынан баштап Ош шаарында эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби сайын майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Эс алуу бактарында Ош шаардык маданият башкармалыгы, музыкалык мектептер, балдардын чыгармачылык борборлору, театр кызматкерлери тарабынан концерттик, оюн-зоок программалар тартууланат. Ошондой эле дене тарбия жана спорт комитети мелдештерди уюштурат", — деп айтылат билдирүүдө.

Майрамдык иш-чаралар 4-августта "Алымбек Датка" этнографиялык борборунда, 11-августта "Ата Түрк ", 18-августта "Раззаков" сейил бактарында, 25-августта "Жайкы сахна" подиумунда өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0