Алтын доор... Кырчында өтчү оюн-зооктун программасы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын маданий программасы 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин "Кырчын" этношаарчасында өтөт. Бул тууралуу катчылыктан маалымдашты.

Ага ылайык, көрүүчүлөр "Көчмөндөрдүн алтын доору" жана башка улуттук салттуу ырларга, бийлерге, улуттук каада-салттар жөнүндө айтуучуларга, көчмөндөрдүн жашоосуна, оюндарына, улуттук тамак-ашына, кийим-кечесине, көчмөн элдин өзгөчөлүгүн чагылдырган жана камтыган иш-чаралардын театрлаштырылган көрсөтүүлөрүнө күбө болот.

"Мындан сырткары, этношаарчада дүйнө элинин эпостору, кыска убакытта кыргыз боз үйүн тигүү жана жыйноо мелдештери уюштурулат. Кырчын капчыгайына келгендер орто кылымдагы аскердик жана ат үстүндөгү оюндарды көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, 1000ден ашуун адам катышкан "Көчмөндөрдүн алтын кылымы" театрлаштырылган көрсөтүүлөрү тартууланып, анда биздин замандын IX-X кылымдарын камтыган кыргыз тарыхы чагылдырылат. Түндүк Сибирден түштүктү карай Тибетке чейин, батыштан түштүк Уралды карай Амур дарыясынын чыгышына чейинки чек араларда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү доору баяндалат", — деп айтылат маалыматта.

Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 26,6 миллион сом байге коюлду
"Көчмөндөрдүн алтын доору" программасында элдин ошол мезгилдеги улуу маданияты, жашоосу, каада-салты, конок тосуусу, аскердик жүрүштөрү чагылдырылмакчы. Өз мезгилинин жашоосун чагылдырууга 1200 адам тартылды.

Учурда даярдыктар жүрүп жатат.

Мындан сырткары, Улуу Кыргыз Каганатынын аскердик жүрүшү, душмандар менен кармашы туурасындагы тарыхты чагылдырууга аракет көрүлөт.

Белгилей кетсек, быйыл Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0