"Монголдордун" курчоосундагы Төлөмүш Океев. "Чынгыз хандагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океев менен монгол элинин улуттук кийимин кийип алган кыргыз актерлорунун сүрөтү 1992-жылы тартылган.

Тартуу иштерине Айтматов көз салып турган. Бетме-бет тасмасынан таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Тартуу иштерине Айтматов көз салып турган. "Бетме-бет" тасмасынан таберик сүрөт
Ал жылы кыргызстандык жана чет элдик киночулар биргеликте "Чыңгыз хан" тасмасын тартууга киришкен. Фильмге англиялык Кен Эннакин менен Төлөмүш Океев режиссерлук кылып, фильмди тартуу иштери Ысык-Көл менен Чүйдө жүргөн.

Долбоорго жүздөгөн жергиликтүү тургундар тартылып, казак, кыргыз актерлору роль ойногон.

Ошол маалда тарыхый эмгектин көркөм кеңешинде редактор болуп иштеген кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев ал учурду мындайча эскерет:

"Төлөмүш Океев Чыңгыз хан жөнүндө эмгек жаратууну кыялданып жүргөн. Анда мен редактор болуп кичине иштеп калгам. Иштин башы жакшы башталып, ага көп киши аралашкан. Кийин италиялыктар банкротко учурап, акчанын жоктугунан тасманы тартуу иштери токтогон. Негизи ага чейин эле "Чыңгыз ханды" Океев тартсам деп жүргөн, бирок италиялыктар келе калып жыйынтык болбой калды. Төлөмүш жеке өзү тартса кыйратмак. Ал аны көрүүчүлөргө сунуштай албай арманда кетти", — деп эскерет драматург.

"Чыңгыз ханга" атактуу италиялык актер Ричард Тайсон, сингапурлук актриса Жулия Никсон, америкалык Родни Грант менен Чарлтон Хестон да катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0