Карышкыр. Архив

"Кыямат" романы тууралуу кызыктуу 13 факты. Айтматовго "айланган" карышкыр

8640
(жаңыланган 09:10 07.08.2018)
Абдыкерим Муратов
Жазуучу бул чыгармасы менен эми акыркы жолу абийириңди жаап, напсиңди тыйбасаң, анда сенин тагдырың тамам болот деп адамзатка дагы бир жолу эскертүү берди.

Бүгүн жазуучунун философиялык-этикалык бийик ой жүгүртүүсү менен жазылган "Кыямат" романы тууралуу 13 фактыны сунуштайбыз.

1. Чыңгыз Айтматов "Кыямат" романында татаал сюжеттик түзүлүштү карманып, композициясын чаташтырып, деги эле бирине-бири кайнаса каны кошулбаган ар кыл доордогу, ар кыл улуттагы, ар түрдүү диндеги, ар кай жердеги адамдардын тагдырларын бир өзөккө тизип, ар бирин өзүнчө жана биримдикте калчап көрсөтөт.

2. Ал эле дейсизби, жер үстүндө жүргөн бир макулук болгон карышкырларын да бирде чөлгө, бирде камышзарга, бирде тоого сүрүп отурат. Мунун баары доор менен адам тагдырын жарыш сызыкка коюп, романдын чың тартылган фабула чийиминдей коом менен адамды, адам менен коомду салыштырып да, таразалап да чагылдырган тажрыйбалуу сүрөткердин ашкере чеберчилиги менен байланышат.

3. "Кыямат" романынын бир нече аталышы бар: Чыңгыз Айтматов бул чыгармасын орус тилинде жазган. Москвадан чыккан "Новый мир" журналынын 1986-жылдагы №6, 8, 9 сандарына "Плаха" деген ат менен жарыяланган. 1985-жылдан СССРде "кайра куруу" жүрүп, көп маселелер ачык айтыла баштаганда жазуучунун бул чыгармасында да көп маселелер ачык айтылып, тоталитардык-буйрукчул түзүлүштүн капасында кармалып жаткан окурмандардын өзгөчө кызыгуусун жараткан. Романдын алгачкы эки бөлүмү Ашым Жакыпбековдун, үчүнчү бөлүмү Аман Токтогуловдун котормосунда кыргызчаланып, "Ала-Тоо" журналынын 1987-жылдагы №11, 1988-жылдагы №1,2 номерлерине жарыяланган. Кыргызча "Акыр заман", "Кыямат", "Баталга" деген аттар менен аталып келет. Орусча түп нускадагы "Плаха" сөзмө сөз которгондо "адамдардын башын ала турган бийик секи", "өлүм жазасы окулуучу дөбө", "баш алынуучу баталга" деген маанини туюндурат.

4. Италия жана Бавария өз сыйлыктарын ыйгарган. "Кыямат" романы үчүн 1988-жылы Италия эл аралык "Алтын оливка бутагы", 1991-жылы Бавария Рюкарда атындагы сыйлыктарын ыраа көргөн.

5. Романдын үч бөлүмү. Биринчи бөлүм – Акбара менен Ташчайнар ысымдуу карышкырлардын алгачкы жашоосу, Авдий Каллистратовдун динге шек келтиргендиги үчүн семинарийден куулушу жана анын нашаакорлорго аралашкан турмушу; экинчи бөлүм – "Библияда" Иисус Назарянинди айыптагандай эле Гришан, Обер-Кандалов сыяктуу баңгилердин Авдийди жазалоосу; үчүнчү бөлүм – биринчи бөлүмдөгү карышкырлардын Ысык-Көлгө ооп келиш таржымалы, ал жердеги Бостондун жашоосу, күрөшү, бөрүлөрдүн жана башкы каармандын трагедиясы.

6. "Синкреттүү китеп". Советтик эң көрүнүктүү культролог, философ, адабиятчы, Чыңгыз Айтматов өтө жогору баалаган айтматовтаануучу Григорий Гачев бул чыгарманы мистерия да, притча да, турмуш да, айбанаттар жөнүндөгү эпос да, философиялык диалог да, реалисттик баяндоо да катышкан "синкреттүү китеп" деп баалаган.

7. Библиялык сюжет талкууларга жем таштаган. Романда инжилдик сюжет азыркы адамдардын нравалык салмагын ачып берүү үчүн колдонулат. Буга чейин да бир катар авторлор бул окуяга кызыккан, мисалы, Булгаков ("Чебер жана Маргарита"). Мына ошол айтматовдук интерпретация айрымдар тарабынан (Аверинцев, Крывлев, Лакшин ж.б.) сынга дуушар болгон.

8. Баңгилер окуясын жазуучу жолдон тапкан жана баңгичилик көйгөйүн көтөрүп чыккан. Айтматов Фрунзе — Москва сапарында поездде да көп жүргөн. Ошондой мусапырлык жүрүштөрүнүн биринде казак талаасындагы бекетте бир нече саатка кармалып калышат. Жазуучуну ошол жердеги чакан милийсаканага киргизип коюшат. Анан бир убакта ал жерге бирөөлөрдү алып келишет. Аларды баңгилер, нашаа жыйнап жүргөн эргулдар деп тааныштырат атактуу жазуучуга "кызыл шапкелер". Ал кезде СССРде нашаа да, нашаакорлук да, нашаа соода да жок деп эсептелчү экен. Бул проблеманы СССРде ушул романы аркылуу алгачкы жолу Айтматов көтөрүп чыгып, ачык айта алган.

9. Адам жана Карышкыр мамилеси. Түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын түпкү теги көк карышкырдан башталган деген мифологиялык түшүнүк бар. Ошол карышкыр "Кыямат" романында адамдардын ата-бабасы, түпкү теги деп айтылат. "Ак кемеде" адамдар бугу уруусунун тотеми болгон бугуну атып алгандай эле "Кыяматта" адамдардын түпкү атасы болгон бөрүлөргө кол салат. Эгер биринчи учурда Моюнкум талаасында карышкыр менен адам эң алгач кез келгенде экөө тең бири-бирине табияттын бир бейкүнөө жандыктарындай таң калышы, бир туугандардай карашып гана калса, бара-бара алар каршылашкан жоого, өчөгүшкөн өчтүү душманга айланышты. Мындай болууга эң биринчи кезекте акылсыз карышкыр эмес, акыл-эстүү адам өзү айыптуу болду. Адам баласы кылымдар бою түзүп келген этикалык эреже-нормаларын, карышкыр-эне деген түшүнүктөрүн акчага, дүйнөгө алмаштырды, абийирин атам замандан келаткан жосундардын алдында тебелеп салды да, бабалар идеясын биротоло жоготту. Кыргыз баласынын түпкү тегинин азыркы тукуму — Акбара. Адегенде аны малчылар Акдалы аташып, анан Акбары болуп отуруп, аягында Акбара ысымын алып калган. Айтматов карышкырларына гуманист жазуучу катары адам сыяктуу ат ыйгарып жатат, кыргыздар ылым санап, жакшы ниет менен азан чакырып жаңы туулган балага ат койгондой эле бөрү баласына да ат коюп отурат. Жазуучу эле эмес, муну ошол тегерек-четтеги малчылар да ушундай атайт. Ошол атка "ак" деген түстү билдирүүчү сөздүн кошулушу андан бетер адамдардын карышкырларга ак мамилесин, түздүгүн билдирүүчү көрүнүштөрдөн эмеспи. Ошол бөрүлөргө улам заман тарылып отуруп соңу адам менен өчөгүшкөн душмандыкка жетти, Ташчайнар атын алууга, таш чайнар бөрү болууга турмуш аргасыз кылды. "О, кишилер, кишилер – адам-кудайлар! Ошол кишилер да эзелтен бери Моюнкумдун бөкөндөрүн куугундап келатпайбы. Оболу алар жаргак шым, куур тон кийип, мингени ат, колунда жаасы болор эле. Андан кийин тарс этме балээ таап, бөкөндөрдүн тобун чаң-тополоң түшүрүп куугундашты. Ага болбой бөкөндөр сөксөөл-бадалды аралай качып, кутулуп жүрүштү. Кийинчерээк адам-кудайлар машине ойлоп минишип, куду бөрүлөргө окшоп жиниктире куугундап, тарс этмейинен татыраган ок жаадырып кырчу болду. Ошого эле ынсап кылып калчу адам-кудайлар бекен, андан кийин калдыркан канат вертолёт минип, жайылып жаткан короо-короо бөкөндөрдүн төбөсүнөн тик сайылып учуп, жерде машинечен келаткан аткычтарына кайгуулунун кабарын берип, а тиги машинечендер болсо саатына жүз-жүздөн ыкчам чакырым тездикте чабышып, бөкөндөрдү көз жазгырып кетчү туюгуна жеткирбей кыра баштады. Вертолёту көктөн шилиңди көзөп тиктеп, жердегилерге жол көрсөтүп, жердеги машинечендер болсо туягынын даңканын көккө сапыртпай сая түшүп, тынбай аткан мылтыктары көтөн чучугуңан кирип, как желкеңе жетип такалып, бөкөндөр оңкобашатып куланып жаткан кез келгенде Моюнкумдагы жашоо аңтар-теңтер болуп, сырайган буттар асманга сайылып жатып калды. Бөкөндөрдүн акыр кыяматы мына ушунда башталды…" Демек, адамдар карышкырлардын жеми болгон бөкөндөрдү тартып алды, бир кезде адам баласы өлө турган мезгилде карышкыр ага өзүнүн тамагын – уудан таап келген жаныбарлардын этин жедирип, эт менен багып тукум улатты эле, эми ошол адам ошол эт жешке үйрөткөн карышкыр-энесинин этин талашты. Адамдын керектөөчүлүк муктаждыгы бөкөндөр менен гана бүтүп калган жок, андан да ары кетти, эт бөлүшө албай калды, карышкырдын бөлтүрүктөрүн тынч жаткан уясынан тартып алып, аны акчага, акчаны аракка айрыбаштады. Базарбайдын бул кылыгы уламыштагы Бөрү-Энебизди бир мүнөт да ойлоп коюуга батынбаган азыркы адамдын типтүү бейнеси сыяктанды.

10. Айтматовду карышкырга окшотушуп… "Кыямат" романы жазылгандан кийин Чыңгыз Айтматовдун бир айтканы бар: бир жолу Москвада метродо келе жатса эле бир аял-окурманы алдынан чыгып, ага тике карап, "сиз – карышкырсыз" дептир. Дагы бир жолу окурманы жазуучуга "адам эки өмүр сүрөт дейт, балким сиз мурдагы өмүрүңүздө карышкыр болсоңуз керек" десе, жазуучу "балким" деп жооп берет. Бул "Кыямат" романында карышкырдын образын адам катары символдошу, адам менен ассоциациясын аябай терең бериши менен байланышат.

11. Романдын окуясы кийин турмушта кайталанганда… Жазуучунун романы элге тарап кеткенден бир топ жыл өткөн соң Ош облусунун Өзгөн районуна караган Ичке-Сай деген айылда мындай бир окуя болот: "Кышта кар калың жаап, карышкырлар да эл жакалай түшүп келишет. Ошондо "кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет" болуп чаламандын чак түшүндө эле бир канчык карышкыр айылга кирип келет. Кашабаңдын бул жоругуна таңданган көпчүлүк кантсе да аны колго түшүрүүнү мүдөө кылып, колуна тийген жарак-жабдыгы менен жан-жабыла качырып киришет. Бир бутуна ок жаңылган ачка бөрү жогору карай качууга каруусу келбей суу жакалап сыраңдап жан айласын издейт. Ошол тапта жетип барган Бакыт Дүйшөнбай уулу аттуу жигит кашабаңды кара тумшукка чаап жыгып, башын сууга тыгат. Бир чети ачка, кансырап күйүккөн бөрү баш көтөрүүгө чаркы келбей колго түшөт. Ошол жерден эле союп киришет. Ачкалыктан ичегиси аппак болуп эч бир сөлү калбаптыр. Жардап турган көпчүлүк бөрүнүн этин деңгене кылып кетишет. Бирок кызыктын накта өзү ошондон кийин башталыптыр. Көрсө, алиги канчык карышкыр дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун айтылуу Акбарасынын кейипкери экен. Албетте, тиги бөрү бизчесинен пендечилик кылып: "Мен Акбаранын прототибимин…" деп деле мактанбаптыр. Аны ничкеликтер өздөрү байкап калышптыр. Көрсө, дал ошол эле түнү аны "Ташчайнар" өзү издеп келип (бул да прототип экен), жырткычтык жыт алуусу менен туура эле Бекташ акенин короосуна чаң салып, оторун кызыл-жаян кылып кирет. Ал байкуш бөрү түгөйүн Бекташ аке эмес, мадыра баш эле жаш жигит Бакыт мерт кылганын кайдан билсин. Короосу кымкуут болуп кеткенин туюп Бекташ аке сыртка чыкса, "Ташчайнар" дегеле кебелип койбой короодон беймарал чыгып "Өткөн өч, кеткен кек деген ушул Бекташ баатыр!.." дегенсип бир жалт карап коюп, кечээги "Акбаранын" жолу – "Акбараны" шор айдап келген, ажал айдап келген жол менен акырын жортуп кырга чыгып кетти дейт. Анан ошончо малынан ажыраган Бекташ акенин ичи ачышпайт дейсиңерби. Күйбөгөн жери күл болуптур. "Карышкырды менин үйүмдүн жанында мерт кылганы үчүн Дүйшөнбайдын Бакытын куду эле "Кыяматтагы" Базарбайдай кылып атып салам!.." деп опурулуптур дейт. Бирок эл элчилигин кылып басыптыр. Ошентип "Кыямат" Кыргызстанда кайрадан уланууда…" (Акбара менен Ташчайнардын тагдыры //Ак бата. – 1993, №18, август).

12. Бостондун ыймандык тазалыгы элдик тарбиялык булактарга таянгандыгында. Чыгарманынын өзөгү — Бостон менен байланышат. Гачев "Бостон" деген адамдын аты да "боз" жана "тон" деген сөздөн алынгандыгына, ал эми карышкырдын тону да боз болоруна маани берет. Анын антиподу – аракка тоюп алган Базарбай. Анын бүткүл ою, ниети, дити бир гана нерсеге – акчага байланып калган, бөлтүрүктөрдү акчага зообазага сатат, алар циркке сатат, цирк адамдардан акча алып оюн көрсөтөт. Базарбайда мындан башка ой жок. Ошон үчүн ысымы да "Базар" (жапайы рынок) деген сөз менен байланышат. Ал эми Бостон карышкырлардан өч алуу башталган кезде да ачык күрөшкө чыкпайт, озондоп улуп жаткан Акбара менен бир тууганындай, кандаш-жандашындай сүйлөшөт: кечирим сурайт, кетип калышын өтүнөт, абалды бүт түшүндүрөт. Карышкыр менен сүйлөшүү элдик тарбияны кана көргөн, элдик тарбия дээрине жуккан адамга гана буйрат, ошондой адам гана бөрү менен "сүйлөшүүгө", тагыраагы ички дили аркылуу, ыйманы аркылуу тилсиз жаныбарга "транска" чыгат. Карышкыр жана Бостон – экөө биригип байыркы мифке, эзелки окуяга кол кармашып бараткан сыяктанат. Мындай рухий күчтү Бостон эң биринчи кыргыздарга таандык элдик таалим-тарбиядан алганын жазуучу ар бир деталда, окуялардын динамикасында улам тереңдетип, улам ар тараптуу ачып отурат.

13. "Кыямат" — кинодо, театрда, музыкада. Романдын айрым бөлүктөрү камтылган "Акбаранын көз жашы" (орусчасы "Плач волчицы") деген фильм 1989-жылы экранга чыккан. Башкы режиссёру – Дооронбек Садырбаев, операторлору – Евгений Барышников, Айбек Жангазиев. Ролдорду Советбек Жумадылов, Дүйшөн Байдөбөтов, Жамал Сейдекматова ж.б. белгилүү актёрлор аткарат. Негизги окуялары Алайдагы Жошолу тоолорунда жана Казакстандын талааларында тартылган. Театрдагысына токтолсок, романдын негизинде чыгарма жарыяланары менен эле Москва эксперименталдык театр студиясында (1987), Москвадагы "Современник" театрында (1988), Каунаста (1987), Бишкек орус драма театрында (1988), Нарын музыкалуу драма театрында (1988) алгачкы спектаклдер коюлган. Музыка жаатына келсек, чыгарманын негизинде Сталбек Бактыгулов 1989-жылы 4 бөлүмдөн турган симфониялык сюита жазган.

8640
Белгилер:
роман, чыгарма, "Кыямат" романы, Чыңгыз Айтматов
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (295)
Тема боюнча
Базарбай эмес, Бостон болмокмун... Дүйшөн Байдөбөтов тууралуу кызыктуу фактылар