Көчмөндөр оюнунда айтышчу акындар тандалат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭтнофестиваль "Тескей жээк" на южном берегу Иссык-Куля
Этнофестиваль Тескей жээк на южном берегу Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтыштын байге фондусу 2 миллион сомду түзүп, кош байге берилет.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Кырчын жайлоосунда 4-5-сентябрь күндөрү XII эл аралык айтыш өтө турганын "Айтыш" коомдук фондусунун тең төрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Анын айтымында, айтышка тандоо туру 15-август күнү "Манас" кинотеатрында саат 10.00дө башталат.

"Эл аралык айтыш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте өткөрүлмөкчү. Байге фондусу эки миллион сом. Казак акындары чакырылат. Салтка айланып калгандай эле кош байге сайылды", — деди Маратов.

Тандоо туруна кирүү акысыз.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюну 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0