Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганова. Архив

Отунбаева Ырыскан, Сатылганова Күннур. Дагы кайсы белгилүүлөр ысымын чанган?

4204
(жаңыланган 09:24 14.08.2018)
Экс-президент Роза Отунбаева, белгилүү эстрада ырчылары Гүлнур Сатылганова менен Алина Жетигеновалардын азан чакырылып, документке түшүрүлгөн аттары тууралуу маалыматыңыз бар беле? Айрымдары ысымдарын чанса, кээси ишине, чыгармачылыгына карап өзгөртүп алган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги атын алмаштырган белгилүү адамдардын топтомун сунуштайт. Бул материалга каймана ат алгандардын тиешеси жок.

Народный артист КР, акын-сказитель Замирбек Усенбаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Максат Элебесов
Белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев

Белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин документтеги аты Мир. Акын төрөлгөндө тынчтык боюнча конференция өтүп жаткан экен. Атасы Алымкул Үсөнбаев жазуучу Аалы Токомбаевге сүйүнчүлөп барып, ошол конференциядан улам ага "Мир" деген ат беришет. Экинчи аты "Тобокел", аны таенеси койгон. Үй-бүлөсүндө эркектер чарчап кала берип, анан ырымдап ушул ысымды коюшуптур. Анан кийин филармонияда иштеп жүрүп эле Замирбек болуп калат. Мындайча айтканда, бул атты эл эле коюп алган.

Глава государства Роза Отунбаева на итоговой пресс-конференции в Госрезиденции Ала-Арча. 29 ноября 2011 года
© Фото / посольство КР в РФ
Экс-президент Роза Отунбаева

Роза Отунбаеванын төрөлгөндөгү аты Ырыскан экендигин бардыгы эле биле бербесе керек. Атасы Исак 1950-жылы Москвадан окууну бүтүп келгенде кыздуу болуп, атын Ырыскан коет. Кубанычы койнуна батпаган Исак ата сүйүнүчүн теңтуштары менен бөлүшөт. Ошондо алар "Исак, сен Москвадан окууну бүтүп келген, жаңыча көз караштагы, билимдүү, илимдүү болсоң, анан кызыңа кыргыздын эски ысымын бересиңби? Кел, Роза деп коелу, Роза Люксембургдай (немис саясий ишмери) эл-жери үчүн кызмат кылган, зоболосу бийик адам болсун" деп көндүрүшкө экен. Досторунун кебин уккан атасы ымыркайынын күбөлүгүнө Роза деп жаздыртат.

Народная артистка Кыргызстана певица Гулнур Сатылганова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КРдин эл артисти Гүлнур Сатылганова

Гүлнур Сатылганованын азан чакырылган аты — Күннур. Ырчынын ысымын апасы бир жашка улуу Айнур деген эжесине окшоштуруп ыйгарган. Бирок төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүккө Гүлнур дер жазылып калып, кийин ошол боюнча аталып калган. Баса, ырчыдан "Сиз Токтогул Сатылгановдун небереси эмессизби?" деп көп сурашат. Өзүнүн айтымында, чоң атасы Сатылган улуу акын Токтогул Сатылганов менен жакшы ымалада болгон.

Певица отечественной эстрады Алина Жетигенова
© Фото / предоставлено Алиной Жетигеновой
КРдин эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова

Алмакан аталган Алина Жетигенова. Апасы ырчыга алгач Гүлнара деген ысым берген. Бирок Гүлжакан аттуу чоң апасы тун небересин колуна алганда өзүнүн ысымына окшоштуруп Алмакан деген ат ыйгарган. Студенттик убакта жатаканада чогуу жашаган Айнура аттуу кыз ырчынын Алмакан атын Алина деп өзгөртүүнү сунуштаган. Бул нерсе чыгармачылыгына байланыштуу болгон.

Кыргызский певец Омурбек Жанышов (Омар) во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ырчы Омар

Ырчы Омар — Өмүрбек. Өзүнөн улуу байкеси чарчап калганга байланыштуу чоң атасы узак жашасын деп Өмүрбек койгон. Ырчынын "өз атым менен сахнага чыгайын десем Өмүрбек Андарбеков деген ырчы бар болчу. Аны Ома деп аташчу. Мен башкалар менен да кеңешип Омар деп чыгууну туура көрдүм. Бирок арабчадан деле "Ома" деген сөз "өмүр" дегенди билдирет. Мындай караганда өз атымды эле алып жүрөм" деп айтканы бар.

Певица отечественной эстрады Назми Байзакова во время фотосессии
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ырчы Назми Байзакова

Ырчы Назми Байзакованын өт аты Назгүл экенин да көбү биле бербесе керек. Таенеси мурда жомоктогу Назми ханышанын атын ыйгаралы деп жүрчү экен. Бирок өзүнүн апасы "кийин кайсы кемпир десе, Назми кемпир деп айтмак беле" деп болбой коет. Кийин Назгүл сахнага чыкканда элге аты сиңимдүү болсун деп Назми деп чыккан.

Певцы Урмат Усенов и Неля на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Белгилүү ырчы Неля

Кыргыз шоу-бизнесиндеги ажарлуу айым Неляны ким билбейт. Нелянын өз аты — Элмира. Курбулары Эля деп эркелетип жүргөндүктөн, ошол эле сөзгө "Н" тамгасын кошуп, шоу-бизнеске "Неля" деген ат менен чыккан.

4204
Белгилер:
ысым, саясат, ырчы, Гүлнур Сатылганова, Өмүрбек Жанышев, Роза Отунбаева, Кыргызстан
Тема боюнча
ТОП-5. Аты-жөнү окшош белгилүү кыргызстандыктар
Гүлнур эмес Күннур Сатылганова тууралуу 12 факты

Бульварда эс алган Турусбеков, Сыдыкбеков жана Элебаев. 80 жыл мурунку таберик сүрөт

278
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Бульварда эс алган Турусбеков, Сыдыкбеков жана Элебаев
© Фото / из личного архива Асель Данияровой

Кыргыз элинин белгилүү калемгерлери Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаевдин сүрөтү 1940-жылы Фрунзе шаарындагы азыркы Эркиндик бульварында тартылган.

Ал жылдары сүрөттөгү атактуу жазуучулардын чыгармачылыгы оргуштап, калың журтка таанылып калган маалы эле.

Белгилүү адабиятчы, акын, жазуучу Омор Сооронов аларды мындайча эскерет:

"Мен өзүмдүн эмгек жолумда Мукай Элебаевдин чыгармачылыгына көп кайрылып, күндөлүгүн, согушта жазган каттарын окуп калгам. Ошондуктан өз сөзүмдү Элебаевден баштайын, Мукай ошол жылдары жетишсиз турмушту башынан өткөрүп, жумушунан айдалып, куугунтукталып, "Тартыш" деген пъесасы сахнага чыкпай калган. Кийин Улуу Ата Мекендик согуш башталганда дагы жакындарына кабарлабай эле жазуучуну фронтко алып кетип калышкан. Мукай Элебаев менен Түгөлбай Сыдыкбеков таяке-жээн эле, Сыдыкбеков Элебаевдикинде жашап, үй ээсинин акыл-наасатын угуп калган. Акын, драматург Жусуп Турусбеков болсо 1935-жылы жарык көргөн "Ажал ордуна" драмасынын аркасы менен таанылып, кийин кан майдандан кайтпай калды. Сүрөттөгү үч инсан тең жакын мамиледе эле, бири-биринин чыгармаларын катуу сындап, пикирлерин бетке айткан. Андай нерселерди Мукайдын күндөлүгүнөн көп эле окуп калгам. Менимче, эгер Элебаев менен Турусбеков согуштан кайтып келгенде, бир топ чыгарма жаратып күчтүү жазуучулардан болушмак. Мукайдын жарыяланбаган толгон-токой кагаздары Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондуна өткөрүп берилген", — деди Сооронов.

Сүрөт тартылган жылы Турусбеков 30, Сыдыкбеков 28, Элебаев 34 жашта болгон.

278
Белгилер:
таберик сүрөт, Мукай Элебаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, жазуучу, акын
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Суу бойлоп... Төлөмүш Океев менен Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү
Тасмаларына илимий мамиле жасачу. Убукеевдин "Манас ааламынан" таберик сүрөт
Кемедеги Сүймөнкул Чокморов менен айылдык келин. "Кызыл алмадан" таберик сүрөт
Гүл кармап турган адам. Архив

Улуттук сүрөт өнөрүн көтөргөн Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды

70
Баатыр Жалиевдин чыгармалары Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 85 жаш курагында живописчи, график, КР эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирип, ага жазылган некрологду жарыялады.

Жалиевдин чыгармачылыгы өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Ал өлкөдөгү эпкиндүү курулуштарды, элет жерлериндеги өзгөрүүлөрдү көркөм чагылдырып, мезгилдин кеңири полотносун жараткан. Сүрөтчүнүн "Өнөр жайлуу Ош" (1966), "Ош курулуп жатат" (1972), "Хайдаркан комбинаты", (1974) аттуу чыгармалары түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте каларлык галереясын түзгөн. Жанрлуу-портреттүү "Тогуз коргоол" (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.

Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

Сүрөтчү көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Жалиев графика жаатында мыкты картиналардын циклин жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнө таанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Сүрөтчүнүн көп жылдык изденүүсү аркылуу улуттук сүрөт маданиятында "Сизизм" көркөм формасы жана агымы жаралган. Бул агымдын негиз салуучусу катары улуттук сүрөт өнөрүнө жаңы дем кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк "мектебин" жараткан. Сүрөтчүнүн эмгектери учурда өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет.

Баатыр Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, "Эмгектеги артыкчылык" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага КР эл сүрөтчүсү ардактуу наамы ыйгарылган.

Баатыр Жалиевдин тажиясы 2020-жылдын 31-майында Ош шаарында өтөт.

70
Белгилер:
Баатыр Жалиев, чыгармачылык, өмүр баян, өлүм, сүрөтчү
Тема боюнча
Таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова көз жумду. Некролог
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов

Боронов: аймакка каттаган ар бир жүргүнчүнүн телефон номерин жазып калгыла

0
(жаңыланган 13:34 04.06.2020)
Биринчи вице-премьер облустарга кетип жаткан жүргүнчүлөрдүн ар бири тизмектелип, телефон номерлери жазыла турган китепче ачуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Үй карантиндегилерди көзөмөлдөө үчүн алардын бардыгынын уюлдук телефонуна мобилдик тиркеме жүктөлүшү керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бергендигин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Муну менен катар Боронов карантиндик эрежелерди эске алуу менен туристтик сезонго даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

"Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туристтик сезонго дыкат даярдык көрүүгө тийиш. Бул багыттагы иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгышы зарыл", — деген Боронов.

Биринчи вице-премьер жергиликтүү бийлик органдарына 5-июндан тарта аймактар аралык коомдук транспорттун иши жанданарын эскертти. Бир облустан экинчи аймакка өтүп жаткан ар бир жүргүнчүнү катуу көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.

"Вирустун жайылышын алдын алуу үчүн башка облустарга кирип жаткан жарандарды көзөмөлдөө иши күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактарга барып жаткан ар бир жаранды тизмектеп, телефон номерлери жазыла турган китепче ачуу керек", — деди ал.

COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 1899га жетип, бүгүн, 4-июнда, 28 кишиден аныкталды.

Ал эми жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

0
Белгилер:
эреже, көзөмөл, коронавирус, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жээнбеков облус жана шаар жетекчилери менен онлайн-жыйын курууда
COVID-19: Чолпон-Атада вирусологиялык лаборатория ачылат