Токиодо Чыңгыз Айтматовдун япон тилиндеги китебинин бет ачары болду

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЧингиз Айтматов
Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада Айтматовдун сүрөттөрүнүн жана япон тилине которулган китептери тартууланды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Токио шаарында Кыргызстандын Япониядагы элчилиги Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата аталган өлкөнүн эл аралык социалдык клубунун өкүлдөрүнө семинар өткөрдү. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарада Айтматовдун сүрөттөрүнүн жана япон тилине которулган китептеринин бет ачары болгон.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун ким экенин билесизби? Тест
Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбеков эки тараптуу мамилелердин жетишкендиктери жана ушул жылда өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу айтып берген.

Семинардын катышуучулары Кыргызстандын туристтик дарамети тууралуу маалымат менен таанышты. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына сумо спортчулары, кол күрөш жана күрөштүн башка түрлөрү боюнча спортчулардын, судьялардан турган япон делегациясы катышмакчы.

Ошондой эле Япониянын музыканттары жетектеген бир катар өлкөлөрдүн ооз комузчуларынын ансамблинин келиши күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0