Чүй облустук театры "Тоолор кулаганда" романын сахнага алып чыгат

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгарманы Казакстандын Астана шаарынан келген режиссер Бекпулат Парманов сахналаштырмакчы.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романынын негизинде спектакль даярдап жатат. Бул туурасында аталган театрдын жетекчиси Орозбек Айдаров билдирди.

Айтматовдун акыркы чыгармасынын негизинде коюлган спектаклди Казакстандын Астана шаарынан келген режиссер Бекпулат Парманов сахналаштырмакчы. Ал эми инсценировканын автору кыргызстандык адабиятчы Абибилла Пазылов экени маалымдалды.

"Айтматовдун каармандарынын образын артисттер Нургүл Мамытова, Шералы Үркүнбаев, Нурбек Кыязов, Надыр Карыбек уулу жаратат", — деди Айдаров.

Театр жетекчиси спектакль сентябрь айынын соңунда көрүүчүлөргө тартууланып каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0