Бишкекте ачык асман алдында музыкалык кече өтөт

Жазылуу
Кечеге эстрада жылдыздары келип өзгөчө шаң тартуулашат. Кирүү акысыз.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Юлиус Фучик атындагы сейил бакта ачык асман алдында музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Башкача жаңырган Мезгил жаңырыгы. Салттуу музыка менен классика айкалышканда - Sputnik Кыргызстан
Башкача жаңырган "Мезгил жаңырыгы". Салттуу музыка менен классика айкалышканда
Билдирмеге караганда, концерттик программа кечки саат 19.00дө башталып, 21.00гө чейин созулат.

"Доор" фольклордук ансамбли, эстрада ырчылары Каныкей Раймалиева, Фарида Өмүрзакова, Жылдыз Тутуева, Кымбат Самудинова, Аксай Мукамбет уулу жана башка аткаруучулар калаа тургундарына өзгөчө шаң тартуулашат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэриянын оркестри дирижер, КРдин Эл артисти Элис Шаршенбаевдин жетектөөсү менен коноктордун алдына чыгат.

Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0