Кыргызстандык ырчы эл аралык сынакта 2-орунга татыды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык ырчы Абай Сериков. Архив
Кыргызстандык ырчы Абай Сериков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абай Сериков катышуучулардын арасынын эң кенжеси экенине карабай, мыкты аталгандардын катарына кирди.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Абай Сериков Грузияда өтүп жаткан "Улуу Жибек Жолунун жылдызын табуу" музыкалык сынагында 2-орунду алды. Бул тууралуу ырчынын насаатчысы, композитор Жамиля Муратова билдирди.

28-август күнү Батуми шаарында өткөн сынакка Жибек Жолунун боюнда жайгашкан Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Украина, Польша, Румыния сыяктуу мамлекеттерден келген 14 ырчы катышты.

19 жаштагы Абай катышуучулардын арасынан эң кенжеси болду. Ар бир катышуучу дүйнөлүк шлягер, өз өлкөсүндө хит болуп жаткан жана грузин тилинде бирден ыр аткарышты.

"Чучу кулактын негизинде Абай сахнага биринчи болуп чыкты. Азия жана Европадан келген музыканттар арасында оңой салгылаш болгон жок. Бирок Абай алардын арасынан суурулуп чыгып, 281 балл топтой алды", — деди Муратова.

Биринчи орунду Азербайжан, Грузия жана Казакстандын музыканттары алган. Экинчиде Кыргызстан менен Өзбекстан, үчүнчүдө Украина.

Аталган сынакка буга чейин Кыргызстандын атынан ырчы Омар катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0