Россиялык акын Александр Твардовский (ортодо). Архив

Айтматовдун багын ачкандардын бири Твардовский тууралуу 13 факты

731
(жаңыланган 15:40 04.09.2018)
Абдыкерим Муратов
Ар бир адамдын тагдырында үч жолу Кыдыр (кызыр) жолугат деп айтылат элибизде. Мына ошол үч жолку жолугууну баамдап, алардын батасын алсаң келечек жолуң ачылат экен. Чыңгыз Айтматовго кездешкен мына ошондой кыдыр адамдардын бири — орус акыны Александр Твардовский.

Мына ушул инсандын Чыңгыз Айтматовго байланышкан жагдайларын сунуштайбыз.

1. Александр Твардовскийдин балалыгы жана ата-теги. 1910-жылы азыр эми Смоленск облусунун Починков районуна караган Сельцо кыштагына жакын Загорье хуторунда туулган. Чоң атасы Гордей Польшада артиллерист катары согушка катышып, "Пан Твардовский" деген ылакап ат менен кайтат, ал аты кийин балдарына да өтүп айтылып келет. Атасы Трифон Гордеевич айылда устачылык кылган, апасы Мария Митрофановна экөө адабиятка жакын болуп, үйүндө ар дайым классикалык китептер окулуп турган.

Советский писатель и поэт, главный редактор журнала Новый мир Александр Трифонович Твардовский.
© Sputnik / Михаил Трахман
Орус акыны жана жазуучусу, "Новый мир" журналынын редактору Александр Твардовский Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында зор роль ойногон

2. Он беш жашынан козголгон "чымыны". Ал 15 жашынан майда кабарларды жаза баштап, 1925-жылы "Смоленская деревня" аттуу газетага биринчи ыры "Новая изба" деген ат менен басылат. Тагдыр аны Михаил Исаковский деген орустун белгилүү акыны жана ыр теоретиги менен кездештирет. Александр ага шакирт болот. 1931-жылы алгачкы көлөмдүү чыгармасы "Путь к социализму" аттуу поэмасы басылат.

3. Кулактын баласы болсо да колхоздоштурууну колдоп чыгат. Твардовскийлердин хутору өрттөнүп, ата-энеси бир туугандары менен кулакка тартылып, жеринен айдалып кетет. Ошого карабай совет адабиятынын 30-жылдардагы мыкты чыгармаларынын бири катар эсептелип жүргөн жана элди коллективдештирүүгө чакырган "Страна Муравия" поэмасын 1934-1936-жылдарда жазат жана анын аты жалпы өлкөгө дүң болот.

4. Александр Твардовский жана анын "Василий Тёркини". 1941-1942-жылдарда акын Воронежде Түштүк-Батыш фронтунун "Красная Армия" аттуу газетасында иштейт. Ошол мезгилде көп материалдар топтолот жана "Василий Тёркин" поэмасы жазылат. Чыгарманын жөнөкөй тили, каармандарынын карапайымдыгы элге алынып, аскерлер жаттап айтып жүрөт. Ушул жана "Дом у дороги" поэмасы үчүн акын, подполковник Твардовскийге Улуу Ата мекендик согуш ордени ыйгарылат.

Сцена из спектакля Василий Теркин
© Sputnik / Михаил Озерский
"Василий Теркин" спектаклинен көрүнүш

5. Сүйүнбай Эралиевдин "Василий Тёркини". Поэманы кыргызчага фронтовик акын Эралиев которгон. Бул котормо ушул күнгө чейин улуттук маданиятта мыкты котормолордун бири катары бааланып келет.

6. "Новый мир" журналындагы биринчи жолку редакторлук. Советтик жазуучулар арасында "Твардовскийдин "Новый мири" деген түшүнүк бар. Анын себеби бул киши эки жолу: биринчисинде 1950-1954-жылдары, экинчисинде 1958-1970-жылдарда журналга башкы редакторлук кылган. Журнал коомдо зор күч эле. Биринчи жолу аны "Теркин на том свете" деген поэманы, Абрамов, Померанцев, Лифшица, Щеглов деген авторлордун советтик коомду сынга алган публицистикаларын жарыялап жибергендиги үчүн кызматтан алышат.

7. "Новый мир" журналындагы экинчи жолку редакторлук. СССР учурунда КПСС БКнын токтому менен кызматтан алынган киши кайра кызматка келчү эмес. Бирок Твардовский 1958-жылы кайра ордуна келет. Келери менен жөн келбей совет бийлигине жашыруун оппозициянын, адабиятта төңкөрүш жасаган "алтымышынчылардын", Быковдун, Можаевдин, Абрамовдун, Айтматовдун, Трифоновдун, Домбровскийдин чуулгандуу чыгармаларын басып иет, а түгүл КПСС БКнын биринчи катчысы Никита Хрущёвдон "Один день Ивана Денисовича" деген Солженицындын чыгармасын да жарыялоого уруксат алып алат.

8. "Жамийлага" жашыл жарык берген. Твардовский "Новый мир" журналында жаңы эле экинчи жолу редактор болгон кезде отуз жаштагы ала-тоолук жаш жигит Чыңгыз анын кабыл алуусуна кирет. Ал тууралуу кийин "Балалыгым" деген чыгармасында мындай эскерет: "Жамийлам" да өз жолунда көптөгөн окуяларга, кыйынчылыктарга тушукту… "Новый мир" журналынын баш редактору мени кабинетинде кабыл алды. Мен үчүн бул кабыл алуу, мындагы дил төгүлгөн сукбаттар, жакын таанышуу, пикир-ойдун жолулаш чыгып калышы өмүр бою эстен кеткис элес берди. Ушул жолугушуубузда Твардовский мага повесттин "Обон" деген аталышын алып салып, баш каарман Жамийланын ысмына "Жамийла" деп коюумду сунуштаган. Анын ошондо эмне үчүн мындай кылуум керектигин да айтса керек эле, же айтпадыбы, айтор, анысы эсимде калбаптыр, бирок "Жамийла" деген аталышка жан-дилим менен жабыша калдым. Твардовский ошондо бул компартия деген нерсе менен адабият жаатында жүргөн чиновниктердин сенек жана тоталитардык ой-пикирлерине каршы туруп, аны буйтап, кандай стратегияда жазуу керектигин мага жакшылап, ийлеп түшүндүргөн. Чыгармаларымы ар дайым эки тилде, орус жана кыргыз тилинде жазып, алгач Москвада орусчасын бастырып ийип, коомчулукка ошол тилде таркатуу керектигин насааттаган. Москвадан башка аймактардагы партократтар бөрк ал десе баш алышарын да ошол киши ибараттаган".

9. Чыңгыз Айтматовдун Твардовскийге берген баасы. Кыргыз жазуучусу менен "Новый мирдин" редактору "Жамийланын" айынан таанышат. "XX кылымдагы орус адабиятынын улуу өкүлү менен көп жылдарга созулган достугум ушул "Жамийладан" башталган, — деп жазат Айтматов. — Ошол мезгилде коомчулуктун кадыр-баркын, сыйын өзүнө сиңирип турган зор инсан эле. Кеңеш зыялыларынын арасында демократияны түшүндүрүүгө аракет кылып, СССРдин тоталитардык бийлигинен кутулуу керек деген идеяны пир туткан көрүнүктүү көсөм болгон. Кайсы гана багыт болбосун, кайсыл гана адабий чыгарма болбосун алардын нарк-баасын бычып, кийинки тагдырын чечип таштачу. Арийне, бул мезгилдеги парадокс кандайдыр бир саясий өзгөрүү болсо өз пикириңди айтпастан, ага карата унчукпай макул болуп, кабыл алуу керек эле. Эгерде чыгарма жаратсаң кандайдыр бир тоскоолдуктарга кабылышың талашсыз болчу. Бирок жазуучуну тээ жогортодо колдоп турган адамы болсо эмне жазса да шыдыр чыга берчү. Ошол жагдайда жазуучулардын тоталитардык-буйрукчул бийликтин курмандыгы болуп калбашы үчүн Твардовский сыяктуу кадыр-барктуу фигуралар көп эле жардам кылганын кантип эстебей калалы. "Гүлсарат" повестин жазганда мен Твардовскийдин ошондо айткан сөздөрүнүн акыйкатына айныбай ишенгем, жон терим менен сезгем. Мындай акылман стратегия менен аракеттенбесем менин "Жаныбарым, Гүлсарым" туулбай туна чөкмөк тура…"

10. Айтматовдун "журналы". Айтматов көпчүлүк чыгармалары Твардовский жетекчилик кылган мезгилде "Новый мир" журналына алгач жарыялагандыктан айрым кыргыздар түз эле "Чыңгыздын журналы" дешчү. Бул басылмага эң алгач "Жамийла" (1958), андан соң "Бото көз" (1961), "Биринчи мугалим" (1962), "Саманчынын жолу" (1963), "Кош, Гүлсары" (1966), "Ак кеме" ("Жомоктон кийин") (1970) деген чыгармалары жарыяланган. Жазуучу "После сказки" деген повестинин кол жазмасын алып барганда ага "Белый пароход" деген атты да Твардовский сунуштаган.

Писатели Сергей Михалков (справа) и Константин Симонов (2 справа) стоят у гроба поэта Александра Трифоновича Твардовского.
© Sputnik / Юрий Иванов
Жазуучулар Сергей Михалков (оңдо) жана Константин Симонов (оңдо экинчи) акын Александр Твардовскийдин табытынын жанында турат

11. Өксүк өлүм. 1970-жылы "Новый мирге" жана анын редакторуна асылуу апогейине жетет. Негизги күнөө — партиялык-советтик аң-сезимге каршы келген чыгармаларды басышат деген. "Огонёк" журналы, "Социалистическая индустрия" газетасы талкалаган макалаларын чыгарат. Твардовский жумуштан кетет, аны ээрчип жамаатынын бир тобу кызматка чыкпай коёт. Боор эти менен тең болуп калган журналынан айрылган Александр Трифонович инсульт алат да, тили жакшы сүйлөй албай калат, өпкөсүнөн ракка кабылганы белгилүү болот. 1971-жылы 18-декабрда Москва облусунун Красная Пахра кыштагында каза табат.

12. Кунцеводо Бүбүсара Бейшеналиева менен бир ооруканада жаткан. Айтматов коркунучтуу шишик дартына кабылган кыргыз балетинин жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеванын саламаттыгын сурап туруу үчүн Кунцево ооруканасына тез-тез барып турган. Анда Твардовский да жаткан. Жазуучунун "Аскада калган аңчынын ыйы" деген китебинде мындай эскерет: "Менин алгачкы повесттеримди өзү баш редактор болуп турган "Новый мир" журналына басып ак жол тилеген ыйманы саламат болгур Александр Твардовский да ошондой коркунучтуу шишиктин тузагына илинген экен. Ар барган сайын көңүлүн көтөрүп, ал-жайын сурап турдум. Жүдөп, азып калыптыр. Көп узабай түбөлүк жайга кетти". Айтматов устатына аман-соо айыгып кетишин тилеп кат да жазып турган.

13. Азалуу таазим. Твардовский каза болгондо, 1971-жылы Айтматов мындай деген: "Акындын чыгармачылыгында жаңы дүйнөнү, социалисттик коомду куруп, фашизмди жеңип, турмуштун катаал сыноосунун өткөн адамдардын тагдыры, иш-аракети жана ойлору ташка тамга баскандай болуп таасын чагылып көрүнгөн. Сурөткер-гуманист катары Александр Трифонович Твардовскийдин жалпы дүйнөлүк мааниси мына ушунда турат. Азалуу мындай саатта көңүлдөгүнүн баарын айта албассың. Биздин жоготуубуз опсуз оор. Бирок тоонун бийиги жана жапызы болгондой, Твардовский азыркы совет адабиятынын бир опол тоосу. Көпчүлүгүбүз адабий тагдырыбыз үчүн Твардовскийге милдеттүүбүз…"

731
Белгилер:
жазуучу, акын, Александр Твардовский, Чыңгыз Айтматов, Россия
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (285)
Тема боюнча
Жети баланы асырап алган Зууракан Кайназарова. Кызылчачы тууралуу 7 факты
"Фудзиямадагы кадыр түн" драмасы тууралуу кызыктуу 12 факты