Көчмөндөр оюндары: 5-сентябрда болчу мелдештер менен иш-чаралар

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок "Кырчын"
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрга чейин уланат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын төртүнчү күнү. Бүгүн боло турчу мелдештердин тизмеси.

Саат 9:00 – 18:10, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү өтөт

Саат 9:00 – 12:00, Чолпон-Ата шаарындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплексте сумо мелдеши болот

Саат 9:00 – 20:00, Чолпон-Ата шаарындагы комплексте кыргыз күрөшү өтөт

Саат 10:00 – 12:00, Чолпон-Ата шаарында тогуз корголдун IV туру

Саат 12:30 – 15:00, монгол бох мелдеши болот

Саат 15:00 – 15:40, мангала оюнунун IV туру өтөт.

Саат 15:30 – 20:00, сирым мелдеши болот.

Саат 16:00 – 17:00, ашыртмалы аба гюреши, гюлеш өтөт.

Саат 17:00 – 17:40, овари мелдешинин IV туру.

Саат 18:00 – 19:30, ат майданда эр эңиш болот.

Ал эми Кырчын жайлоосунда да бир катар иш-чаралар пландалган:

Саат 9:00 – 20:00, республикалык "Улуттук каада-салт" сынагы

Саат 10:00, республикалык "Ала кийиз" сынагы

Саат 10:00 – 18:00, Пансионаттар Ордосу

Саат 10:00 – 18:00, республикалык "Улуттук каада-салт" конкурсу

Саат 10:20, "Терме согуу" конкурсу

Саат 10:35, "Чий согуу" конкурсу

Саат 10:45, "Кыл аркан эшүү" конкурсу

Саат 11:00, "Камчы өрүү жана саптоо" конкурсу

Саат 11:15, "Уук жасалуучу талды тез арчуу" конкурсу

Саат 11:20 – 11:55, "Жүк жыюу" конкурсу

Саат 11:55 – 12:15, "Ийик ийрүү" конкурсу

Саат 12:15 – 13:00, "Жөө айтыш" конкурсу

Саат 13:00 – 14:30, "Улуттук кийимдер" конкурсу (облустарга бөлүнөт)

Саат 14:00 – 17:00, "Балдардын этно оюндары" ЮНИСЕФ менен биргелешкен долбоор

Саат 14:30 – 17:30, Эл аралык "Айтыш" конкурсунун финалы

Саат 17:30 – 20:00, "Боз үйдү ылдамдыкта тигүү" оюну

Саат 20:00 – 23:00, Эл аралык "Мөңгү" кинофестивалы

Жаңылыктар түрмөгү
0