Аденов: Көчмөндөр оюну Кыргызстанга кайтып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония открытия III Всемирных игр кочевников
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аденов Көчмөндөр оюндарын өткөрүү концепциясы келечекте өткөн ар бир оюндарда бекем сактала тургандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Көчмөндөрүн дүйнөлүк оюндары Кыргызстанга кайтып келет, дегеле бул оюндардын келечеги кенен. Бул туурасында Оюндар катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезегин Кыргызстандын авторлугун сактоо шарты менен Түркияга бердик. Долбоордун мындан ары жашап кетиши үчүн аны ааламга кое бериш керек. Олимп оюндары Афинадан башталып, эми дүйнөнү аралап жүрбөйбү. Кээде мекенине кайтып келип жүрөт. Көчмөндөр оюндары да Кыргызстанга сөзсүз түрдө кайтып келет", — деди Аденов.

Ал КөчмөндөрI оюндарын өткөрүү концепциясы келечекте өткөн ар бир оюндарда бекем сактала тургандыгын кошумчалады.

Кыргызстанда 2-сентябрдан бери Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары өтүп жатат, ал 8-сентябрда аягына чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0