Москвадагы кыргыз актеру: мигрант болуп келип, 50гө чукул тасмага тартылдым

© Фото / из личного архива Чынгыза КалбердиеваРоссияда киного тартылган кыргызстандык актер Чыңгыз Калбердиев
Россияда киного тартылган кыргызстандык актер Чыңгыз Калбердиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыңгыз Калбердиев төрт жылдан бери Россия киносуна аралышып 50гө чукул роль жаратып, ал тургай жарнамалык роликтерге да тартылган. Эмгек жолун кыргыздын мигрант кызынын тагдырын чагылдырган "Айка" тасмасынан баштаган. Жаштар арасында популярдуу болгон "Отель Элион" сериалында да ойногон.

"Россиядагы кыргыздар" десе эле эртеден кечке кара жумуштан башын көтөрбөй, же бир бөлмөдө тобу менен жашаган адамдар көз алдыңа тартылат. Болбосо кайсы бир чуулу окуянын үстүндө жүргөндөрдү элестетсеңер жаңыласыңар деп айтты эле бир досум. Чынында эле Москвадан баар таап, россиялыктар менен тең тайлаша ийгилик жаратып жүргөн кыргыздар да бар. Ошондойлордун бири — Чыңгыз Калбердиев менен болгон маекти сунуштайбыз.

— Канча жылдан бери Москвада жүрөсүз?

Кыргызстанец Рустамбек Жаналиев, проживающий в Таймыре - Sputnik Кыргызстан
Енисейдин жээгинде жашаган Жаналиев: бизде кой жок, майрамда бугу союп жейбиз
— Өзүм Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылында туулгам. Мектепти бүткөн соң катардагы эмгек мигрант катары Москвага келгем. Бирок эки жыл иштегенден кийин беш жылга депортацияланып кеттим. Анан Бишкекке келип КТРКда сахна жасап, тартуу учурунда рельс камерасын түртүп иштедим. Андан кийин ЭлТРге оператор, монтажер болуп жумушка киргем. Баары бир кандайдыр бир нерсе жетишпегендей болуп өзүмдү өзүм издей бердим. Анан 2012-жылы кайра Москвага келдим. Бул жакта да кыргыздар той өткөрөрүн көрүп сүрөт, видеого тартып иштесең болот экен деп койгом. Ал үчүн иштеп, акча чогултуп камера сатып алдым. Акырындык менен студия ачып сүрөт, видео тартуу, үн жаздыруу кызматтары менен алектенип калдым. Акылбек Айтиев деген агайым үн жаздырууну үйрөтүп, студия ачууга жардам берген. Азыр ал Самарада иштеп жүрөт. Учурда тойлорду, Москвадагы кыргыз ырчыларынын клиптерин тартабыз, үн жаздырабыз.

© Фото / из личного архива Чынгыза КалбердиеваКыргызстандык актер Чыңгыз Калбердиев
Кыргызстанский актер Чынгыз Калбердиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык актер Чыңгыз Калбердиев

— Россия киносуна кантип аралашып калдыңыз. Катардагы мигрантты бул жолго ким түртмөлөгөн?

— 2014-жылы "Кыргызстан" деген павильондун директору Кубаныч Кожоев базарга келгендерди тартып турасың деп ишке алган. Ошол жерде жүрсөм мигрант кыздын тагдыры жөнүндөгү "Айка" тасмасына кастинг өткөргөнү келишти. Ага катышып өтүп кеттим. Кыргызстандан келип 10-15 адам бир бөлмөдө кыйналып жашаган мигранттын эпизоддук ролун жараткам. Ал чыгармачыл топко төрт жылдан бери аралашып жүрүп режиссеру менен дос сыяктуу болуп калдык. Эки ай мурда тасманын дубляждарын бүтүштү. Ошол тасма аркылуу мага башка кинолорго жол ачылды.

— Андан башка дагы кандай тасмага тартылдыңыз?

— Чынын айтканда санап көрбөптүрмүн, эсимден деле чыгып калды. Жалпылап айтканда 50гө чукул тасмага тартылдым окшойт. "Вратарь Галактика" деген кинодо кытайдын ролун жараттым. "Отель Элион" сериалынын быйылкы сезонунда дагы бир эпизодунда кытай болдум. Өзүм кыргыз болгонум менен кыргыздын ролун аз ойнойм. Көбүнчө кытай, япон, вьетнамдын ролун берип коюшат.

© Фото / из личного архива Чынгыза КалбердиеваКалбердиев: "Айка" тасмасына тартылгандыгым үчүн 70 миң рубль таптым
Кыргызстанский актер Чынгыз Калбердиев - Sputnik Кыргызстан
Калбердиев: "Айка" тасмасына тартылгандыгым үчүн 70 миң рубль таптым

— Россиянын кино тармагы кандай экен, сиздин гонорарыңыз канча?

— Мен кызмат акым үчүн бир баа койгон эмесмин. Роль барбы, типажы туура келеби баш тартпайм. Сунуштаган акчасына макул болуп катыша берем. Кээде бекер түшүп берип койгон учурлар да болот. Кыска эпизоддор 1500-2000 рубль, алды 20 миңге чейин. Жарнамалык роликтерге кымбатыраак төлөйт. Мисалы "Золотая Корона" төлөм системасынын жарнамасына бир күн тартылып 30 миң рубль алгам. Жакында эле автоунаа саткан компаниянын ролигине 20 миң рубль төлөштү.

Ал эми "Айка" тасмасын тартканда 5 ай иштеп 70 миң рубль таптым. Күнүгө барып өзүмдүн ролумдан сырткары сүрөтчүгө жардамчы, оператордук курамдын айдоочусу болдум. Ал убакта мени акча эмес, кино тармагына аралашуу көбүрөөк кызыктырчу. Кийин иштер чыгып Кыргызстанга келип, тартуу учурунда гана барып калдым.

Азыр бир жерде туруктуу иштебейм. Студиянын иши, кинолордон бошобойм. Башка иштерге деле моюн жар бербей калды. Иштеген учурда деле киного чакырып калышса чыга албай каласың.

© Фото / из личного архива Чынгыза КалбердиеваАктер: былтыр Федор Бондарчук, "Отель Элеондо" баш каармандар менен катарлаш жүрдүк
Кыргызстанский актер Чынгыз Калбердиев - Sputnik Кыргызстан
Актер: былтыр Федор Бондарчук, "Отель Элеондо" баш каармандар менен катарлаш жүрдүк

— Киного тартылуу учурунда кандай кызыктуу окуялар болот?

— Ачыгын айтканда кино учурунда анча деле кызыктуу окуялар боло бербейт. Ага караганда кыргыздын тойлорунан кызыктарды көп көрөм. Канчалаган кастингдерге барам кээде режиссерлор капа кылып коёт. Мисалы бүгүн тартыла турган кинодо 1980-жылдагы кыргыз бандасынын ана башчысы болосуң деген болчу. Мага да жагып аткан. Азыр башка ролго алмаштырып коюптур барсамбы, же жөн эле койсомбу деп ойлонуп отурам. Атактуу актерлор менен аралашып эле жүрөбүз. Мекендешибиз Алайбек Тойчубеков менен да таанышпыз, ал 60га жакын киного тартылган. Былтыр Федор Бондарчук менен, "Отель Элеондо" баш каармандар менен катарлаш эле жүрдүк.

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
Кыргыздын баары азыр Москвада жүрөт. Чоң тойлор өтөт, Россиянын жана Кыргызстандын белгилүү жылдыздарын чакырышат. Мен билгенден Москвада 30-40 жар-жарчы бар, бир дос балам тамадалар борборун ачып алган. Өкүнүчтүүсү айрымдары 20-30 жыл чоңойтуп койгон ата-энесин чакырбай эле бул жакта өзүнчө үйлөнүү тоюн өткөрүп коюшат. "Заман ушундай болуп атпайбы, билеттер кымбаттап кетти" дейт. Муну балдардын акылсыздыгы деп ойлойм. "Ай, сени мындан кыйын заманда чоңойтподу беле, ата-энеңе биринчи билет алып анан тойду баштабайсыңбы!" деген адам жок.

Той бүткөндөн кийин колуктусу качып кеткен эки окуяны көрдүм. Кадимкидей эле үлпөт той болуп мен видео тартып бергем. Кийин күйөө балага чалсам албайт, эптеп байланышка чыксам кыз тойдон кийин эле качып кеткен десе болобу. Анын себебин да түшүнгөн жокмун. Акчамды да ала албай отуруп калдым.

© Фото / из личного архива Чынгыза КалбердиеваКалбердиев: Кыргызстанга барып, бир телевидениеге кирип алып иштесем дейм
Кыргызстанский актер Чынгыз Калбердиев - Sputnik Кыргызстан
Калбердиев: Кыргызстанга барып, бир телевидениеге кирип алып иштесем дейм

— Ар бир атуулга мекенге качан кайтасыз деген суроо берилет эмеспи. Буга сиз кандай жооп берер элеңиз?

— Барып бир телевидениеге кирип алып иштесем дейм. Бирок артка жол жок болуп калды. Азырынча бул жакта жумуш жакшы болуп жатканда иштей бериш керек. Анын үстүнө келинчегим Россиянын жараны, жаш балабыз бар. Аларды да карап багыш керек да. Өзүм Кыргызстандын эле жаранымын. Кээде айрым ролдорго катышаарда Россиянын жарандыгын талап кылып, баш тарткан учурлар кездешет. Ошондо бир аз ойлонуп калам…

— Келинчегиңиз кыргыз элеби?

— Ооба кыргыздын эле кызы, Оштун Алай районунда төрөлгөн. Болгону ата-энесинин жумушуна байланыштуу бул жакта чоңоюп калган. Эки жыл мурда баш кошконбуз. Учурда келинчегим тун уулубузду төрөп, азыр үйдө.

© Фото / из личного архива Чынгыза КалбердиеваЧыңгыз Калбердиев келечекте режиссерлукка өтүп, өзү тасма тартууну кыялданат
Кыргызстанский актер Чынгыз Калбердиев - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Калбердиев келечекте режиссерлукка өтүп, өзү тасма тартууну кыялданат

— Сиздин ата-энеңиз каякта турат?

— Биз бир туугандар төрт уул, бир кызбыз. Атам 12 жыл мурда каза болуп калган. Апам бир иним менен азыр Бишкекте турат. Калган бир туугандарым Москвада иштешет.

— Келечекте кандай пландарыңыз бар?

— Аябай чоң пландар бар, эми ошолорду ишке ашырууну Кудайым насип кылсын! Өзүм режиссерлук кылып кино тартсам дейм. Башкысы мен эңсеген нерселер акырындык менен орундалып жатат. Кыялдардын ишке ашуусуна ишенсе болот экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0