Ош шаарынын туулган күнүнө өзбек ырчысы Райхон келет

© © SputnikӨзбекстандык ырчы Райхон Ганиева. Архив
Өзбекстандык ырчы Райхон Ганиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар тургундары жана коноктору концертти акысыз көрө алышат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ош шаарынын туулган күнүнө карата Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо чоң программадагы концерт өтөт. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Театр артисти спектакль учуранда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Октябрда Кыргыз драма театры 13 спектакль коёт. Программа
Майрамдык кече 5-октябрь күнү саат 18:30да башталат. Анда Өзбекстандын эстрада ырчысы Райхон, Кыргызстандын эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Асел Касымова, Сайкал Садыбакасова жана башка ырчылар катышат. Ошондой эле, таланттуу комузчулар Чолпон менен Эламан жана бий топтору өз өнөрлөрүн тартууламакчы. Шаар тургундары жана коноктору концертти акысыз көрө алышат.

Мындан сырткары, шаар күнүнө карата бир катар маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү пландалган. Программада сүрөт көргөзмө, спорттук оюндар, концерттерди өткөрүү жана аягында борбордук аянтта жаштар үчүн дискотека уюштуруу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0