"Ак кеме" кантип тартылган? Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өтөт

© Фото / Александр ФедоровСъемки фильма "Ак-Кеме" в Иссык-Куле
Съемки фильма Ак-Кеме в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага кирүү акысыз.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкектик окуучулар менен студенттер 9-октябрь күнү белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен жолугушат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы Илим жана маданият борборунан билдиришти.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жолугушуу борбордогу Улуттук китепканада өтөт.

"Шамшиев жаш муунга жазуучу менен кантип таанышканын, "Ак кеме" тасмасы кантип тартылганын айтып берет. Ошондой эле окуучулар бул тасмадан үзүндү жана "Орозкулду соттоо" театралдашкан сценасын көрө алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана менен Кыргызстандагы "Россия кызматташтыгы" өкүлчүлүгү.

Жаңылыктар түрмөгү
0