Комуз. Архивдик сүрөт

Астанада төрт өлкөнүн төкмөлөрү катышкан эл аралык айтыш өтөт

129
(жаңыланган 12:36 10.10.2018)
Баш байге ээлери 5 миллион теңге (932 миң сом) акчалай сыйлык менен сыйланат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Казакстандын борбору Астана калаасынын 20-жылдыгына карата төрт өлкөнүн төкмө акындарынын катышуусунда эл аралык айтыш өтөт. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

Акындардын айтышы "Жыр аркауы — Астана" деп аталып байге фонду 15 миллион теңгени (2, 8 миллион сом) түзөт. Баш байгеге 5 миллион теңге (932 миң сом) коюлган, аны кош байге алган эки киши бөлүп алат.

Айтыш Астананын концерттик залында 20-октябрь күнү өтөт. Анда казак, кыргыз, кытай, монгол акындары ат салышмакчы. Азырынча катышуучулардын саны белгисиз.

Калыстар тобунун курамында акын жана мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Үлыкбек Есдаулет, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Жүрсин Ерман, филология илимдеринин доктору, профессор Дихан Камзабекулы, тарых илимдеринин доктору, профессор Абдулвахап Кара (Түркия), акын, жазуучу Шынай Рахметулы (Монголия) жана төкмө акын Асия Беркенова.

129
Белгилер:
төкмө акын, айтыш, Астана
Тема боюнча
Аалы акын Көчмөндөр оюнунан эки тулпар минип кайтты. Тартуунун чоо-жайы
Аткаминерлерди сындап ырдабас болдум. Казак акындары Аалынын айласын кетиргенде