Бүгүн Бишкекте ак илбирс күнүнө карата спектакль коюлат

© Фото / Влад УшаковАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спектакль 16.30да Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын кичи залында башталат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жума күнү Бишкек шаарында Эл аралык ак илбирс күнү жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Кылым карытар бир күн" жана "Аскада калган аңчынын ыйы" чыгармаларынын негизинде коюлган "Сур эчкинин осуяты" спектакли болот. Бул тууралуу уюштуруу тобунан билдиришти.

Спектакль саат 16.30да Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын кичи залында көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Эл аралык ак илбирс күнү жыл сайын 23-октябрь күнү белгиленип, анын алкагында бир нече күн бою ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0