Туптунук экен! Кыргызстандык сүрөтчү чайырдан чүкө жасады

© Фото / Азамат ЖаналиевНеобычные альчики Азамата Жаналиева
Необычные альчики Азамата Жаналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөтчү алгачкы эмгегин эксперименталдык негизде жашаган.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев эпоксид чайырынан тунук чүкөлөрдү жасады. Ал алгачкы эксперименталдык ишин Facebook баракчасына жарыялады. 

Жаналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине көптөн бери ушундай нерсе жасоону пландап жүргөнүн айтып берди.

"Чынында бала кезимен бери эле чүкөгө жакынмын, кичинемде да көп чогултчумун. Азыркы жаштар ойнобой деле калбадыбы. Андыктан чүкөнү жайылтуу үчүн ушундай ишти баштап жатам", — деди ал.

Ал ошондой эле эпоксид чайыры жаңы материал экенин аны чет жактан атайын тапшырык менен алдырганын билдирди.

Азамат Жаналиев буга чейин string art ыкмасы менен Кыргызстандын жана чет элдик атактуу кишилердин портретин тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0