Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көргөзмөсү. Архивдик сүрөтү

"90 жылдыкка 90 көркөм өнөр": Ошто Айтматовдун юбилейи белгиленет

242
(жаңыланган 16:45 31.10.2018)
Ош шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси эки күн өтөт.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ош шаарында 2-3-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейи белгиленип, илимий-тажрыйбалык конференциядан тарта улуттук оюндардын сынагы өткөрүлөт. Бул туурасында Ош мэриясынан кабарлашты.

Маараке 2-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция менен башталат.

3-ноябрда Ош шаары жана Ош облусунун "90 жылдыкка 90 көркөм өнөр" деп аталган көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү жана айыл чарба жарманкеси болот.

Ош облустук улуттук драма театрында Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган чыгармачылык көргөзмө жана театралдаштырылган эскерүү кече өтөт. Ушул эле күнү Ош облустук ат майданында саат 15:00дө "Жаныбарым Гүлсары!" аттуу Көк бөрү, Ат чабыш, Кыз куумай, Жорго салыш улуттук оюндарынын сынагы болот.

2018-жылы Кыргыз Эл жазуучусу, классик, залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы масштабдуу белгиленип жатат. Юбилей эл аралык уюмдардын алкагында да белгиленип, Айтматов боюнча бир топ форумдарды, конференцияларды өткөрүү пландалган.

242
Белгилер:
кыз куумай, көргөзмө, юбилей, Чыңгыз Айтматов, Ош шаары
Тема:
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы (43)
Тема боюнча
Субаналиева: "Делбирим" тасмасынын бет ачар аземи 6-декабрда болот
Бишкекте Айтматовдун мааракесине карата окуучулар ортосунда сынак өтөт
Субаналиева: Айтматовдун 90 жылдыгына карата бир топ фильм тартылууда