"Көчө" тасмасындагы Малике: окууга министр кайнатамдын чечими менен өткөм

© Фото / Александр ФедоровСъемки фильма "Кочо" Геннадия Базарова
Съемки фильма Кочо Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш-Кемпир деген кичинекей айылдын адамдары тууралуу режиссер Геннадий Базаров тарткан "Көчө" аттуу тасмасын канча көрсөң тажабайсың. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Көчөнүн" көркүн ачкан Маликени ойногон Мамлакат Кылычеваны редакцияга чакырып, аны менен жеке жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу сүйлөштү.

Мамлакат Кылычева, фильмде Аваздын сүйүктүүсү, дүкөнчү Малике студиябызга жалгыз келген жок, жанында жолдошу, оператор-режиссер Мурат Жыргалбаев да бар экен. Баса, Жыргалбаев "Көчө" тасмасында экинчи оператордун милдетин аткарыптыр. 

© Sputnik"Көчө" тасмасында Маликени ойногон Мамлакат Кылычева студиябызга жолдошу, оператор-режиссер Мурат Жыргалбаев менен келди
Актриса Мамлакат Кылычева - Sputnik Кыргызстан
"Көчө" тасмасында Маликени ойногон Мамлакат Кылычева студиябызга жолдошу, оператор-режиссер Мурат Жыргалбаев менен келди

— Атыңыз өзгөчө экен, "Мамлакат" деп ким койду эле?

— Атам негизи Салтанат деген ысымды ыйгарайын деп ойлоптур. Ал кезде туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо бөлүмүнө барып алышчу экен. Атам бошобой калып, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү чоң энем жаздыргана жөнөйт. Каттоо бөлүмүнө барганда атам айтып жаткан Салтанат деген ысымды унутуп калып, күбөлүккө Мамлакат деп жаздырып коюптур. Ошол бойдон Мамлакат болуп калыптырмын. Бул ысым өзбек, тажиктерде көп кездешет экен.

— Атыңызга таң калып, кызыккандар көп болсо керек?

— Сага окшоп "кандайча коюлуп калды эле, кадимкидей эле мамлекет деген сөзбү?" деп сурагандар толтура. Азыркыга чейин кызыгып, сурашат (күлүп). 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлакат Кылычева: Чоң энем каттоо бөлүмүнө барганда атам айтып жаткан Салтанат деген ысымды унутуп калып, күбөлүккө Мамлакат деп жаздырып коюптур
Актриса Мамлакат Кылычева - Sputnik Кыргызстан
Мамлакат Кылычева: Чоң энем каттоо бөлүмүнө барганда атам айтып жаткан Салтанат деген ысымды унутуп калып, күбөлүккө Мамлакат деп жаздырып коюптур

— Сизди көрөрмандар "Көчө" тасмасынын көркүн ачкан дүкөнчү Малике катары тааныйт. Тасмага канча жашыңызда, кандайча тартылып калдыңыз эле?

Жамийла тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Жамийланы сүйгөн" Назирет Дубашев: чын эле өлүп калдым го деп коркуп кеткем
— "Көчө" тасмасына тартылганда 17 жашта элем. Андан бери 46 жыл өтүптүр, азыр 63 жашка чыгып калдым. Негизи киного жети жашымдан тартыла баштагам. Биринчи жолу режиссер Бекеш Абдылдаевдин "Самая послушная" деген тасмасында түштүктүк кыздын образын жараткам.  Андан кийин режиссер Геннадий Базаров тарткан "Саманчынын жолунда" агасын согуштан тосуп алган кыздын ролун ойнодум. Кийин Базаров буга чейин чогуу иштешип калган үчүнбү, "Көчөгө", Маликенин ролуна чакырып, сынактан өтүп кеткем.

— "Көчө" кинофильмин канча көрсөк тажабайбыз. Жалаң залкар актерлор чогулган. Кадр артында да кызыктуу учурлар көп болсо керек?

— Туура, ал фильмде жалаң залкар таланттар ойногон. Көп эле кызыктуу күндөр болду. Анда бала экенбиз, бири эсте калса, бири жок. Эркектер тартуу иштери бүтөөрү менен кечинде отуруп алып, кыйкырып, тамашашалышп, каткырып карта ойночу эле. Бакен Кыдыкееванын "ай оозуңду боебо, косметиканы канчалык кечирээк колдонсоң ошончо жакшы" деп айткандары азыркыга чейин эсимде. Тасмада Маликеге сөйкө салган жери бар эмеспи. Аны тартаарда дагы кызык окуя болду эле. Кулагым ага чейин тешиле элек болчу.  Актриса Рысмендиева кулагымды өтпөгөн, калың ийне менен көзөгөндө ыйлап жибере жаздагам. Анан калса жаңы көзөлгөн кулагыма алтын же күмүш эмес, арзан эле бир сөйкө салып коюшту эле. Алиман Жанкорозова мени "Мамлакат" дебей "ай, Өкмөт" деп чакырчу (күлүп). 

© Фото / Александр ФедоровКылычева: Актриса Рысмендиева кулагымды өтпөгөн, калың ийне менен көзөгөндө ыйлап жибере жаздагам. Анан калса жаңы көзөлгөн кулагыма алтын же күмүш эмес, арзан эле бир сөйкө салып коюшту эле
Съемки фильма Кочо Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
Кылычева: Актриса Рысмендиева кулагымды өтпөгөн, калың ийне менен көзөгөндө ыйлап жибере жаздагам. Анан калса жаңы көзөлгөн кулагыма алтын же күмүш эмес, арзан эле бир сөйкө салып коюшту эле

Тасмага тартылуу учурундагы эң кызыктуу, унутулгус окуя — бул жолдошум, тасманын экинчи оператору Мурат Жыргалбаев экөөбүздүн сүйүү баяныбыз болгон. Экөөбүз "Көчөдөн" таанышып, табышканбыз.

(Ал ортодо сөзүбүзгө Мурат Жыргалбаев аралашып калды)

— Мурат Жыргалбаев: Элдин баары "келинчегиңди кайдан таап алдың эле?" деп тамашалап сураганда "көчөдөн тапкам" деп айтчумун. Башкалары тасмадан гонорар алса, менин фильмди тартуудан тапкам чоң олжом — Мамлакат болгон.

— Анан канча жыл сүйлөшүп, баш коштуңуздар?

— Мамлакат Кылычева: Тасма бир жарым жылдай тартылды. 1973-жылдын апрель айында Алматыда бүткүл союздук кинофестивалы болуп, анда "Көчө" кино картинасын көрсөтүштү. Бир айдан кийин эле биз баш коштук. Анда мен 18де, жолдошум 24 жашта болчу. 

© Фото / семейный архив Мамлакат КылычевойМамлакат Кылычева: Жолдошум экөөбүз "Көчөдөн" таанышып, табышканбыз. Ал тасманын оператору болчу
Актриса Мамлакат Кылычева - Sputnik Кыргызстан
Мамлакат Кылычева: Жолдошум экөөбүз "Көчөдөн" таанышып, табышканбыз. Ал тасманын оператору болчу

— Чыгармачылыгыңызды андан ары улантып кеттиңизби же…?

— Үй-бүлөлүү болгондон кийин аял кишиге чыгармачылыкты улантып кетүү кыйын эле болот экен. Анын үстүнө күйөөгө жаш тийдим, чыгармачылыкты уланткыдай искусство окуу жайын деле бүткөн эмесмин. Жолдошум оператор-режиссер болгондуктан, 3-4 айлап командировкага кеткени эле жетиштүү болчу. Эгер актриса болсом мен деле үйгө токтобой, балдар каралбай калмак да.

Султанмурат, Нургазы, Очкарик... Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда - Sputnik Кыргызстан
Султанмурат, Нургазы, Очкарик… Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда
Бирок такыр эле үйдө отуруп калган жокмун. Кайнене-кайнатам балдарга каралашып, мени окутту. Ал кезде филология, чет тилдер факультети эң абройлуу эле. Ошол жакка тапшырсамбы деп ойлоп жүргөм. Кайнатам ал кезде Эмгек министри болчу экен. Документтеримдин баарын алып туруп мектепке чейинки билим берүү адистигине тапшырып коюптур. Маанайым чөгө түшкөнүн көрүп "Макеним (дайыма ушинтип айтаар эле) кел, отурчу, азыр биздин тизмеде филология, чет тилдер факультетин бүтүп алып жумуш таппай жүргөн 2000дей адам бар. Андан көрө бала бакчада иштесең, өмүр бою сага жумуш табылат" деп айтканы эсимде. Ошентип кайнатамдын каалоосу, сунушу менен мектепке чейинки билим берүү адистигин аяктадым. Ошондон бери бала бакчада тарбиячы болуп иштеп келем.

(Ал ортодо жубайлар жаш кездерин эстеп күлүп алышты) 

© Фото / Александр ФедоровМамлакат Кылычева: Тасмадагы дүкөн азыр да иштейт. Жергиликтүү тургундар аны "Маликенин дүкөнү" деп коюшат экен
Съемки фильма Кочо Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
Мамлакат Кылычева: Тасмадагы дүкөн азыр да иштейт. Жергиликтүү тургундар аны "Маликенин дүкөнү" деп коюшат экен

— М.Ж: Үйдүн эрке келини болчу. Шаарда төрөлүп-өскөн кыз болсо да айрым аялдарга караганда ичеги-карынды шумдук артып, конок келгенде баарын жалгыз өзү тейлеп койчу.

— М.К: Кайнатамдын Ысык-Көлдө карындашы бар болчу. Бир күнү алардыкына конокко барып калдык. Жездебиздин атын минип, жүк ташыган унаа менен кошо жарышып чаап кетип калыптырмын. Туугандардын баары тең таң калып, күлүштү эле. Ошондон бери көлдүктөр мени "орус келин" деп жакшы көрүшөт.

— Мурат Узакбаевич өзүңүз тууралуу дагы кененирээк айтып кетесизби? Кайсы тасмаларга оператор болдуңуз эле?

— Мен Фрунзеде төрөлүп-өскөм, атам өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеди. Москвадагы театралдык искусство техникумун аяктагам. "Көчө" тасмасынан сырткары "Каныбек", "Бешик"  көркөм фильмдерин видеого түшүргөм.

Негизи даректүү фильмдерди көп тарттым. Алсак, Токтогул ГЭСинин курулуш иштерин башынан аягына чейин видеого түшүргөм. Андан сырткары документалдуу кино картина үчүн Байкал көлүн сүзүп чыктык, Афганистандагы согушка бардым. Токтогул ГЭСин тарткан документалдуу фильм үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгына да талапкер болгом, бирок кандайдыр бир себептер менен берилбей калды. А бирок Комсомолдун сыйлыгын алдым. Документалдуу фильмдерди тартып жүрүп, көркөм тасмаларга эмнегедир көңүлүм жылыбайт. Кыргыздын эң күчтүү көркөм тасмасы деп мен Режиссер Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайытын" айтаар элем. Азыркы көркөм фильм деп тартылгандар жөн эле видео. Анда чыныгы жашоо көрсөтүлгөн эмес. 

© Фото / семейный архив Мамлакат КылычевойМамлакат Кылычева: Бир кыз, эки уулубуз бар. Улуу кызыбыз полковник, Ички иштер министрлигинде кызмат кылат. Экинчи уулубуз үй-бүлөсү менен Алматы шаарында жашайт. Ал эми үчүнчүсү банк кызматкери
Съемки фильма Кочо Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
Мамлакат Кылычева: Бир кыз, эки уулубуз бар. Улуу кызыбыз полковник, Ички иштер министрлигинде кызмат кылат. Экинчи уулубуз үй-бүлөсү менен Алматы шаарында жашайт. Ал эми үчүнчүсү банк кызматкери

— "Көчө" тасмасында Токтогул ГЭСи жаңы курулуп баштаган кези көрсөтүлөт эмеспи. Фильмдеги көчөнү толугу менен киностудия салган деген чынбы?

Актер Нургазы Сыдыгалиев сыгравший роль Нургазы в фильме Белый пароход - Sputnik Кыргызстан
Эки кишини өлтүрүп ала жаздагам... "Ак кемедеги" Нургазы Сыдыгалиев менен маек
— Ананчы. Кинодогу көчөнү толугу менен киностудия өз каражатына курган. Дүкөн, үйлөрдү баарын фильмдин Макаров аттуу сүрөтчүсү салган. Ошентип "Көчөнүн" артынан бир көчө туруп калган. Тасма тартылып бүткөндөн кийин чыгармачыл топ жергиликтүү тургундарга саткан. Эки кабаттуу дүкөн азыркыга чейин бар деп айтышат.

(Мамлакат Кылычева жолдошунун сөзүн улай)

Тасмадагы дүкөн азыр да иштейт. Жергиликтүү тургундар аны "Маликенин дүкөнү" деп коюшат экен. 

— Балдарыңар жолуңарды жолдодубу?

— Бир кыз, эки уулубуз бар. Үчөө тең чыгармачылыктан тышкары жумуштарда иштейт. Улуу кызыбыз полковник, Ички иштер министрлигинде кызмат кылат. Экинчи уулубуз үй-бүлөсү менен Алматы шаарында жашайт. Ал эми үчүнчүсү банк кызматкери. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлакат Кылычева: Мен азыр деле бала бакчада тарбиячымын
Актриса Мамлакат Кылычева - Sputnik Кыргызстан
Мамлакат Кылычева: Мен азыр деле бала бакчада тарбиячымын

— Учурда эмне менен алектенесиздер?

— М.К: Мен азыр деле бала бакчада тарбиячымын.

— М.Ж: Өзүм үчүн документалдуу тасмаларды тартып, монтаж кылам. Жубайым Мамлакат тууралуу тарткан даректүү кино картинам да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0