Акылбек Абдыкалыков Лос-Анджелесте өткөн фестивалда сыйлыкка татыды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык актер жана режиссер Акылбек Абдыкалыков. Архив
Кыргызстандык актер жана режиссер Акылбек Абдыкалыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия эл аралык кинофестивалы — аймактын кинематографиялык коруна көңүл бурдуруу, азиялык жана голливуддук киноиндустриялар аралык байланышты чыңдоо максатын көздөйт.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык актер жана режиссер Акылбек Абдыкалыков Лос-Анджелес шаарында өткөн Азия эл аралык кинофестивалында эркектин мыкты ролу номинациясы боюнча жеңүүчү болду. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Театр жана кино актрисасы, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреты Даркүл Күйүкова(солдон биринчи). Архив - Sputnik Кыргызстан
Панфиловду таң калтырган кыз. Даркүл Күйүкова тууралуу 6 факты
Абдыкалыков бул сыйлыкка режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасындагы башкы каармандын ролу үчүн татыды.

Азия эл аралык кинофестивалы аймактын кинематографиялык коруна көңүл бурдуруу, азиялык жана голливуддук киноиндустриялар аралык байланышты чыңдоо үчүн азиялык тасмалардын кеңири чөйрөсүнүн мыкты фильмдерин Лос-Анджелесте тартуулайт. Негиздөөчүсү — Жогорку Кеңешинин депутаты, кинорежиссер жана продюсер Садык Шер-Нияз.

Жаңылыктар түрмөгү
0