БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкекте 7-ноябрдан 16-ноябрга чейин тигүү өнөр жайына арналган Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 мода жумалыгы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Анын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен жогорку деңгээлдеги форум уюштурулат.
Ал эми 13-ноябрдан 16-ноябрга чейин "Жаннат" мейманканасында мода жумалыгы уюштурулат. Анын алкагында жаш дизайнерлердин The Next Fashion, өндүрүш компаниялары үчүн Fashion Brand конкурсу өтмөкчү.
Ошондой эле текстиль-тигүү тармагын өнүктүрүүгө арналган тегерек стол уюштурулуп, жергиликтүү тигүүчүлөрдүн экспорттук атаандаштыгын арттыруу тууралуу кеп болот.
Тегерек столдо айтылган бардык сунуш-пикирлер 16-ноябрда премьердин катышуусу менен өтө турчу форумда ачыкталат.