Фронттогу концерт, беш чакырылыштын депутаты. Кийизбаева тууралуу 7 факты

© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСССРдин эл артисти Сайра Кийизбаеванын архивдик сүрөтү
СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаеванын туулган күнү. Залкар инсандын көзү тирүү болгондо 101 жашка чыкмак. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өз мезгилинин алпы, алгачкы кыргыз опера ырчысы тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Өзгөчө үндүү ырчы. Сайра Кийизбаева 1917-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Төкөлдөш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу белгилүү ырчы мектепти аяктагандан кийин 1931-жылы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумуна тапшырат. Ал жакта билим алып жүргөндө Бүткүл кыргыз элинин чыгармачылык олимпиадасына катышып, өзүнүн үнү менен өзгөчөлөнүп, театрга жумушка алынган.

© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСайра Кийизбаева Москвада Кыргыз искусствосунун биринчи декадасында өз таланттын көргөзүп, жылдызы жанган
Народная артистка СССР, оперная певица Сайра Кийизбаева - Sputnik Кыргызстан
Сайра Кийизбаева Москвада Кыргыз искусствосунун биринчи декадасында өз таланттын көргөзүп, жылдызы жанган

Москвада жылдызы жанган Сайра. Кыргыз маданияты үчүн 1939-жыл – тарыхый жыл болгон. Анткени Москвада Кыргыз искусствосунун биринчи декадасы өткөн. Декада катышуучуларынын арасында жаш солист Кийизбаева дагы бар болчу. Ал Виктор Власов, Абдылас Малдыбаев менен Владимир Ференин "Айчүрөк" операсында Айчүрөктүн партиясын аткарып, эл аралык деңгээлде таанылган. Маданият күндөрү ошол опера менен ачылып, анын аркасында ырчы мамлекеттик сыйлыкка татыган.

© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева жана Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетов Украина фронтунун жоокерлери менен, 1942-жыл
Народная артистка СССР, оперная певица Сайра Кийизбаева - Sputnik Кыргызстан
СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева жана Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетов Украина фронтунун жоокерлери менен, 1942-жыл

Кан майдандагы концерт. Улуу Ата Мекендик согуш баштала электе Кийизбаева Москадагы П.И. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияда билим ала баштайт. Окуп жүргөн мезгилде согуш башталып калып, Кыргызстанга кайтып келет. Ошол жылдары жоокерлерге дем-күч берүү максатында Кыргызстанда фронттук чыгармачыл бригада түзүлөт, анын курамына Кийизбаева да кирген. Алар токой аралап, талаа кезип Брянск, Калинин фронтторунда ачык асман алдында күнүнө үч-төрт, кээде алты-жети жолу концерт коюшкан.

Дүйнөлүк классиканы созгон булбул. Ырчы согуштан кийин "Евгений Онегиндин" Татьянасына даярдана баштайт. Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти алгачкылардан болуп Орто Азияда аталган чыгарманы аткарган. 1947-жылы Прагада биринчи жолу уюштурулган демократиялык жаштардын фестивалына катышат. Чыгармачылыгы оргуштап турган маалда СССРдин чоң театрына чакыртылып, ал жакта "Чио-чио-сан" операсында Баттерфляйдын партиясын ийгиликтүү аткарып, москвалык көрүүчүлөрдү багындарган.

© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСайра Кийизбаева Кыргыз ССРинин Жогорку Советине беш жолу депутат болуп шайланган
Народная артистка СССР, оперная певица Сайра Кийизбаева - Sputnik Кыргызстан
Сайра Кийизбаева Кыргыз ССРинин Жогорку Советине беш жолу депутат болуп шайланган

Беш чакырылыштын депутаты. Кийизбаева өзүнүн эмгекчилдигинин аркасында бир топ ийгиликтерди багындырган. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советине беш жолу депутат болуп шайланган. 1960-жылдары Опера жана балет театрын жетектеп, өлкөдөгү операнын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Андан сырткары, ырчы дүйнөнүн көптөгөн шаарларында чыгармачылыгын тартуулап, эл аралык сынактардын калыстар тобунун мүчөсү болгон.

Кечиккенди жактырбаган устат. Өзүнүн чыгармачылык жолунда ондогон дүйнөлүк чыгармаларды ырдап, тажрыйба топтогон кезинде мугалим болуп иштей баштайт. 1967-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда эмгектенет. Бул мезгил аралыгында Керим Турапов, Уразбай Иманалиев жана Сайра Чоткараева өңдүү бир топ мыкты аткаруучуларды тарбиялаган. Ал студенттерине талапты катуу койгон жана кечиккенди жактырбаган мугалим болгон.

© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСССРдин эл артисти, Сайра Кийизбаева үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн
Народная артистка СССР, оперная певица Сайра Кийизбаева - Sputnik Кыргызстан
СССРдин эл артисти, Сайра Кийизбаева үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн

Талапты катуу койгон эне. Ырчы үч кызды тарбиялап чоңойткон. Алардын улуусу Лира пианино чертип КРдин Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Ортончу кызы Айгүл илим тармагы менен кетип китепканада иштесе, күчүү кызы Зарема борбор калаадагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте сабак берип иштейт. Сахна жылдызы үйдө да кыздарына талапты катуу койгон. Кыргыз элинин алгачкы опера жылдызы 1988-жылы 11-октябрда оорудан улам 70 жаш курагында көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0