Көл жээгинде күрөшкөн Токомбаев менен Каралаев. Таберик сүрөттүн тарыхы

1426
(жаңыланган 00:37 09.11.2018)
Мирбек Сакенов
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
Көл жээгинде күрөшкөн Токомбаев менен Каралаев. Таберик сүрөт
© Фото / Из семейного архива Эркина Салиева

Улуу манасчы Саякбай Каралаев менен акын, жазуучу Аалы Токомбаевдин күрөшүп жаткан сүрөтү 1950-жылдары Ысык-Көлдө тартылган.

Ал жылдары Кыргызстанга орус акыны Алексей Сурков келип, аны кыргыз интеллигенциясы жылуу тосуп алган.

Ошол учурду адабий сынчы, коомдук ишмер Азиз Салиевдин уулу, режиссер Эркин Салиев мындайча эскерет:

"Атам бул сүрөттүн баянын айтып берген. Ошол жылы жайында Алексей Сурков Кыргызстанга келет. Биздин акын-жазуучуларыбыз сыйлуу конокту тосуп алып, Ысык-Көлгө алып барышкан экен. Алардын арасында акын-жазуучулар Муса Жангазиев, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, манасчы Саякбай Каралаев жана Жазуучулар союзунун ошол учурдагы төрагасы, менин атам Азиз Салиев да болгон. Чыгармачыл инсандар жайлоого чыгып, эл аралап, жергиликтүү тургундарга ыр окуп беришчү экен. Анан бир күнү көлгө түшкөнү келип, жээктен Токомбаев менен Каралаев күч сынашып күрөшө кетишсе, сырттан келген Сурков калыстык кылыптыр", — деди Салиев.

Ошондой эле ал жогоруда ысымы аталган инсандар бири-бири менен жылуу мамиледе болуп, жакшы катышкан замандаштар болгондугун кошумчалады.

1426
Белгилер:
таберик сүрөт, Аалы Токомбаев, Саякбай Каралаев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (44)
Тема боюнча
Дасторкон үстүндө жай баракат отурган кыргыздын каймактары. Таберик сүрөт
Чокморов Аринбасарованы эмнеге "таарынтты"? "Уландагы" таберик сүрөт
Шаар четине чыгып урушуп келишчү. Рыскулов менен Күмүшалиеванын таберик сүрөтү
Пикирлер