Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов уулу Эльдар менен. Архивдик сүрөт

Айтматов жана театр... Бишкекте эл аралык фестиваль өтөт

83
(жаңыланган 10:40 11.11.2018)
Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюлуп, фестивалдын катышуучулары кызыл килемден басып өтөт.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 12-17-ноябрь күндөрү "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалы өтө турганын Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Анын айтымында, салтанаттуу ачылыш 12-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 11.00дө башталат. Ага чейин Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюлуп, фестивалдын катышуучулары кызыл килемден басып өтөт.

Фестивалда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдери менен Кыргызстандын бардык театрлары, ошондой эле коңшу Казакстандын, Россия, Тажикстан, Азербайжандын актерлору өнөрүн тартууламакчы.

83
Белгилер:
спектакль, театр, Чыңгыз Айтматов
Тема:
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы (32)
Тема боюнча
Жээнбеков: Айтматовдун алтын балалыгы Сулайман-Тоонун этегинде өткөн
"90 жылдыкка 90 көркөм өнөр": Ошто Айтматовдун юбилейи белгиленет
Пикирлер