Кырсык болуп кетсе, шедевр тасмалардан кол жууйбуз. "Кыргызфильм" башчысы менен маек

© Sputnik / Азат Акаев"Кыргызфильм" киностудиясынын директору Айбек Жангазиев
Кыргызфильм киностудиясынын директору Айбек Жангазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 17-ноябрь, кыргыз киносунун күнү. 1941-жылы дал ушул күнү "Кыргызфильм" киностудиясы түптөлүп, ишке кирген. Улуттук кинобуз советтик мезгилде "Кыргыз керемети" деген ат менен бүткүл союзда эң алдыңкы орунда турган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги улуттук кинонун күнүнө карата "Кыргызфильм" киностудиясынын директору Айбек Жангазиев менен жолугуп, студиянын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү, азыркы кыргыз киносунун абалы тууралуу маектешти.

— Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз? Бул кызматка кантип келип калдыңыз?

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бөрү зынданды" Чыңгыз Айтматов сактап калган. Болот Шамшиев тасма тууралуу
— Мен өмүр бою кино тармагында жүргөн инсанмын. Кесибим боюнча кинооператормун. 40 жылдан ашык убакыттан бери бир топ тасмада иштедим. Төлөмүш Океевдин "Улан" тасмасында, Дооронбек Садырбаевдин "Махабат дастанында", "Кайран эл" даректүү фильминде оператордун жардамчысы, "Акбаранын көз жашында" экинчи оператор болуп эмгектендим. Андан сырткары, режиссер Геннадий Базаров менен көп иштештим. Азыркы кызматка келгенге чейин "Кыргызтелефильмдин" директору элем. Ал жактан кеткенден кийин эки-үч жыл чыгармачылык менен алектенип жүрдүм. Кийин чыгармачыл чөйрөдөгү адамдардын суроосу менен бул кызматка келип калдым. Мүмкүнчүлүк берилгенден кийин колдон келишинче иштеп жатам. Бактыма жараша, бул жерде мени өз ишин жогорку деңгээлде билген, чыныгы профессионалдар курчап турат.

— Кызматка келгениңизге бир жылдан ашып калды. Ушул убакыт ичиндеги ишмердигиңизге баа бере аласызбы?

— Өзүмө өзүм баа беришим туура эмес болуп калат го. Жалгыз мен эмес, бүткүл жамаат биригип көп жумуштарды аткардык. Мисалы, бул жылы үч толук, бир кыска метраждуу, үч анимациялык жана бир топ даректүү тасмалар тартылды. Кыргызстан эгемендигин алгандан бери студиянын алкагында анимациялык фильмдер тартылбай калган эле, азыр төртүнчү картинаны бүтүрүп жатабыз. Мурда шартка байланыштуу бир толук жана бир кыска метраждуу көркөм фильмдер, эки-үч даректүү тасма тартылчу.

© Sputnik / Азат АкаевАйбек Жангазиев: "Кыргызфильмде" мени өз ишин жогорку деңгээлде билген, чыныгы профессионалдар курчап турат
Директор киностудии Кыргызфильм им. Т. Океева Айбек Жангазиев - Sputnik Кыргызстан
Айбек Жангазиев: "Кыргызфильмде" мени өз ишин жогорку деңгээлде билген, чыныгы профессионалдар курчап турат

— "Кыргызфильм" башка киностудиялардан эмнеси менен айырмаланат?

— "Кыргызфильм" — өлкөбүздө гана эмес, бүткүл дүйнөгө аты чыккан улуттук бренд. Океев, Шамшиев, Базаров, Убукеев сыяктуу залкарларыбыздын ысымдары эч качан унутулбай, тарыхыбыздын бир бөлүгү катары түбөлүккө кала берет. Азыр менчик фильмдер көп чыгып жаткандыктан аларды "Кыргызфильмге" таандык тасмалар менен алмаштырып алгандар бар. Бизге таандык тасмалардын көпчүлүгү жогоруда айткандай түбөлүк тарыхта калат. Мисалы, "Караш-караш" фильмине быйыл 50 жыл болду. Бул фильм дагы 50 жылдан кийин деле элдин жүрөгүндө болот. Кыргызстан менен кошо "Кыргызфильмдин" да аты өчпөйт. Бул биздин улуттук маркабыз.

— Киностудиянын азыркы абалы кандай?

Съемки фильма Кочо Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
"Көчө" тасмасындагы Малике: окууга министр кайнатамдын чечими менен өткөм
— Сүйүнткөн да, капаланткан да жагдайлар бар. Мисалы, бардык эле тармактарда көйгөй болгон каражат маселеси бизде да бар. Акча бир аз көбүрөөк бөлүнсө, көптөгөн маселе чечилмек. Ошол эле кезде жакшы жаңылыктарыбыз да бар. Жакында эле кызматкерлерибиздин айлыгы 1,8 пайызга жогорулады. Мурда абдан эле аз болчу. Бирок ошентсе да кино тартууга бөлүнгөн акча жетпей калат. Адатта тартыла турган кинофильмдер боюнча материалдарды даярдап башкы планга киргизебиз. Ошого жараша акча бөлүнөт. Киностудияда техникалык жана административдик кызматкерлер гана иштешет. Чыгармачыл адамдарды кино тартылаарда гана сырттан чакырабыз.

Кез-кезде демөөрчүлөр менен иштешебиз. Каражат жетпей калганда жардам берген кино сүйүүчүлөр бар. Алар каражат кошуп, өзүбүз техникалык жагын көтөрүп, биргелешип бир топ эле картиналарды жаратуудабыз.

— Бюджеттен акча бөлүнүүчү тасмаларды кантип тандайсыздар?

— Бизге келген ар бир сценарий көркөм кеңештен өтөт. Көркөм кеңеш режиссер, актер, экономист, драматург сыяктуу кинонун жаралуусуна тиешеси бар адамдардан турат. Ар бири өзүнө таандык тармакты талдап, кеңешин берет. Долбоорлор жакшылап изилденген соң мен жогоруда айткан кеңеш чогулуп талкууга алат. Ал жерде катуу талаш-тартыш болот. Анан добуш берүү менен бюджеттен акча бөлүнүп, тартылчу тасмалар аныкталат.

— Азыр кино тармагында таланттуу жаштар аябай көбөйдү. Киностудиянын аларга карата атайын бир жардам берүү программалары барбы?

— Биздеги программа боюнча киностудия жылына бир дебюттук кыска метраждуу тасманын бюджетин көтөрүп берет. Бул алгачкы тасмасын тарткысы келген жаштарга чоң жардам. Себеби алардын башка жактан акча табуусу оор. Каражат менен кошо техникалык жардам да көрсөтөбүз. Бирок жылына бир тасма, албетте, аз. Азыр жок дегенде үч-төрт чыгармачыл жашка жардам берүү боюнча катуу иштеп жатабыз. Бул максатыбыз ишке ашса, киностудиянын колдоосуна ээ болгон таланттуу жаш режиссерлордун саны өсөт.

© Sputnik / Азат АкаевДиректор: "Кыргызфильмде" кинопленкага тартылган тасмалардын архиви бар. Бирок биздеги эң чоң көйгөй — аларды санарипке көчүрө турган профессионалдык аппараттын жоктугу.
Директор киностудии Кыргызфильм им. Т. Океева Айбек Жангазиев - Sputnik Кыргызстан
Директор: "Кыргызфильмде" кинопленкага тартылган тасмалардын архиви бар. Бирок биздеги эң чоң көйгөй — аларды санарипке көчүрө турган профессионалдык аппараттын жоктугу.

— Кыргыз киносу шедеврлерге бай. Топтолгон архивдин абалы кандай?

— "Кыргызфильмде" кинопленкага тартылган тасмалардын архиви бар. Бирок биздеги эң чоң көйгөй — аларды санарипке көчүрө турган профессионалдык аппараттын жоктугу. Менин билишимче, мындай техника Кыргызстан боюнча жок. Аны сатып алуу тууралуу өкмөткө кат жазып, ар кандай чогулуштарда айтып келе жатабыз. Негизи, көп деле кымбат турбайт. Ал эми жөнөкөй аппарат менен көчүрсөң, тасманын сапаты аябай начарлап кетет. Атайын чет өлкөдөн көчүртөйүн десең, ага көп каражат кетет экен. Тасмаларыбызды санарипке өткөрүү менен өзүбүздүн тарыхыбызды сактап калат элек. 70 жылдык пленкалар бар, кокус бир нерсе болуп өчүп кетсе, чоң жоготуу болот. Өзүбүз сатып алсак, болжол менен, кеминде 5 жылдын ичинде бүт өлкөдөгү пленкадагы материалдарды өткөрүп алат элек.

— Киностудиянын анимациялык бөлүмү ачылганына бир жылдан ашып калды. Бул жаатта кандай иштер жүрүп жатат?

Театр жана кино актрисасы, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреты Даркүл Күйүкова(солдон биринчи). Архив - Sputnik Кыргызстан
Панфиловду таң калтырган кыз. Даркүл Күйүкова тууралуу 6 факты
— Бул бөлүмдү ачуу иштери "Кыргызфильмдин" мурдагы директору Гүлмира Керимованын убагында, башкы инженер Канат Сартовдун катышуусу менен башталган. Мен келгенден кийин каражат бөлүнүп анимациялык цех ачып, чыгармачыл балдар келди. Сценарийлерди кабыл алып дароо эле жумушту баштадык. Өткөн жылы анимациялык эки тасма чыгардык. Бул жылы азырынча бирөөнү көрүүчүлөрдүн назарына сунсак, экинчиси тартылып жатат. Негизи, анимацияны тартуу аябай түйшүктүү иш. Өтө көп убакытты жана эмгекти талап кылат.

— Азыркы жалпы кыргыз киносуна кандай баа бересиз?

— Кино чөйрөсү жакшы иштеп жатат. Тарылган тасмалардын саны көбөйүп, убакыт өткөн сайын сапаты да жогорулоодо. Албетте, ар бир адамдан ката кетет. Чыгармачыл адамдардын жумушу кемчиликсиз болбойт. Бирок мени өтө сүйүндүргөн нерсе — киного кызыккан жаштардын көбөйгөнү. Тартылып жаткан кинолордон барып кабар алып турам. Алардын дээрлик 90 пайызы жаштар экендигин көрөм. Бул өтө сонун көрүнүш.

Ал эми массалык же болбосо коммерциялык тасмаларды ашыкча сындай бергенге каршымын. Алар да өз аракети менен жумушун жасап жатышат. Бирок тасма тартабыз дегендер баары бир маанилүү нерсени унутпашы абзел. Кино — бул аябай чоң идеология. Тасма тартуунун жоопкерчилигин татыктуу көтөрө билүү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0