Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан “Делбирим” тасмасынын башкы каарманы Мадина Талипбек. Архивдик сүрөт

“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды

1731
(жаңыланган 15:44 01.12.2018)
“Делбирим” тасмасы Өзбекстанда 16-ноябрдан тарта көрсөтүлө баштаган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан “Делбирим” тасмасынын башкы каарманы Мадина Талипбекке PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалында “Мыкты актриса” номинациясы ыйгарылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине кинонун продюсери Паризат Жакыпбекова билдирди. 

Сыгравшая главную роль в фильме Делбирим Мадина Талипбек выиграла номинацию лучшая актриса в международном кинофестивале PROlogue-2018
© Фото / Сарвар Каримов
Международный кинофестиваль PROlogue-2018

Ал эми актриса өзү буга чейин мындай номинацияга талапкер болуп жатканынан кабардар болбогонун жана учурда Бишкекте экенин айтты. Аталган фестиваль Ташкентте өтүп жатат.

“Мага азыр эле тасманын режиссеру Сарвар Каримов чалып жакшы кабарды айтты. Кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Кино жакында эле прокатка чыккан, ага карабай минтип сыйлыкка жетишкеним күтүүсүз болду”, — деди Талипбек. 

Белгилей кетсек, “Делбирим” тасмасынын Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү Ташкентте болгон. Ал эми Кыргызстандагы көрүүчүлөргө 5-декабрдан баштап тартууланат

Аталган фильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Делбирим" повестинин негизинде экрандаштырылган. Хронометраж 1 саат 40 мүнөт, анын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддору Кыргызстандын Балыкчы шаарында, Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган.

Сценарийин Керез Зарлыкова жазса, өзбекстандык Сарвар Каримов режиссерлук кылды.

Илиястын ролун белгилүү актер Адиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Эки актер тең Өзбекстандан. Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.

Тасманы “Өзбеккино” улуттук агенттиги жана Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору тартты. 

Мадина Талипбек аз күн мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип тасма тууралуу маек берген.

PROlogue — Эл аралык кинофестивалы Өзбекстанда негизделип, быйыл төртүнчү ирет өтүп жатат. Расмий сайтындагы маалыматта ага катышууга быйыл 60 өлкөдөн 289 тасмадан табыштама түшкөн.  Анын ичинен 8 толук метраждуу, 14 кыска метраждуу, 9 улуттук (Өзбекстан) кыска метраждуу тасма фестивалдын негизги сынагына өткөн. Буга кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” киносу да катышкан. Кинокартиналарды көрүп бүткөндөн кийин калыстар мыкты режиссер, мыкты актер жана актриса номинацияларын ыйгарышат.

1731
Белгилер:
актриса, номинация, сыйлык, "Делбирим" тасмасы, Мадина Талипбекова
Тема боюнча
"Делбирим" повести жөнүндө 11 факты. Асел - эки жигиттин кызыл жоолук жалжалы эле
Мадина Талипбек: Аселдин ролунан кийин турмуш курууга олуттуу карап калдым
Кыргыз-өзбек актерлору тартылган "Делбирим" тасмасынын трейлери чыкты
Пикирлер