Кыргыз Республикасынын Баатыры, КРдин эл артисти Сабира Күмүшалиеванын архивдик сүрөтү

Бишкекте кино ишмерлери Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеваны эскерет

94
(жаңыланган 17:53 27.12.2019)
Иш-чара 4-декабрь күнү саат 16.00дө башталат. Анын алкагында "Кыргызфильм" киностудиясында сакталган залкарлардын архивдик сүрөттөрүнүн көргөзмөсү, театралдаштырылган оюндар жана фильмдер көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Борбор калаада Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева жана Искендер Рыскуловду эскерүү кечеси өтөт.

Белгилей кетсек, быйыл СССРдин эл артисти, КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал эми анын жубайы Кыргыз Республикасынын Баатыры, КРдин эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгы жана алардын уулу, Кыргыз ССРинин эл артисти Искендер Рыскуловдун 60 жылдыгы өткөрүлүүдө.

Иш-чара 4-декабрь күнү саат 16.00дө башталат. Анын алкагында  "Кыргызфильм" киностудиясында сакталган залкарлардын архивдик сүрөттөрүнүн көргөзмөсү, театралдаштырылган оюндар жана фильмдер көрсөтүлөт. Аягында Төлөмүш Океев тарткан "Бакайдын жайыты" тасмасы тартууланат.

94
Белгилер:
эскерүү, Сабира Күмүшалиева, Муратбек Рыскулов, Бишкек
Тема боюнча
Эл артисти Сабира Күмүшалиева жөнүндө кызыктуу беш факты
Легендарлуу Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдык өмүрү. Сүрөттө калган ирмемдер

Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт

76
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Документальный фильм Манасчи — одна из первых картин Шамшиева. Рабочий момент съемок
© Sputnik / Александр Федоров

Колуна "Карачолок" аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү 1964-жылы Ысык-Көл облусунда "Манасчы" тасмасын жаратууда тартылган.

Ал жылы болочоктогу атактуу режиссёр манасчылык өнөр жана Саякбай Каралаев жөнүндө алгачкы тасмасын тартууга киришкен. Эмгек анын Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтун бүтүп жаткандагы дипломдук иши эле.

СССРдин эл артисти Болот Шамшиев көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:

"Тасманын сценарийин 22 жашымда жазгам, дипломдук ишим болчу. Башында тасма тартуу сунушум менен кайрылсам Саякбай Каралаев каршы болгон эмес. Ошентип жанында эки жылдай жүрдүм. Ал жылдары манасчы башынан оор күндөрдү өткөрүп жүргөн. Уулу Чубак бир баланы бычак менен сайып алып, 14 жылга эркинен ажыратылган эле. Ага карабай өзгөчө өнөр ээси сунушту түшүнүү менен кабыл алган. Анда жарым миллиондон ашык сапты жатка билген манасчы 70 жашта болчу", — деген ал.

Жаш режиссёрдун сценарийине Улуттук илимдер академиясынын академиги, искусство таануучу Азиз Салиев жардамдашкан. Кинофильмди жаратууда операторлук кызматты Нуртай Борбиев менен Александр Петров аткарган.

Болот Шамшиев өмүрүнүн аягына чейин "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартууну эңсеп, узак убакыт каржы булактарын издеп, мыкты кинокартинаны көрүүчүлөргө сунуштоого далалат кылган. Анын уулу Чыңгыз Шамшиев атасынын дүйнөдөгү эң ири эпосту экрандаштырууга аракет кылып жүрүп дүйнөдөн өтүп кеткенин айтты.

"Атам кесиби боюнча кинорежиссёр жана документалист, архивдик материал, сүрөт, видео менен иштөөнү мыкты билчү. Ошондуктан ал жараткан эмгектер сөзсүз ийгиликтерди багындырчу. Тартуу иштерине дыкаттык менен даярданып маалымат чогултуп, тарыхчылар менен иштеп, каармандарынын кийим-кечесин, жашоо-турмушун ошол учурдагыга окшоштурууга аракеттенчү. Азыр биздеги көптөгөн режиссёрлорго ошондой аракет, жөндөм жетишпей жатат. Мындан улам фильмдерде бир топ дал келбестиктер, так эмес маалыматтар кетип калууда. Ал эми "Манас" жөнүндө сөз кылсам, атам жазуучунун үй-бүлөсүндө өскөн. Чоң атам Төлөн Шамшиевдин үйүнө Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов көп келчү. Алардан элдик оозеки чыгармаларды, эпостор жөнүндө баяндарды угуп чоңойгон. Кийин эгемендүүлүк жылдары ал жөнүндө тасма тартууга аракет кылып акча издеп жүрдү. Көзү тирүү кезинде "Манасты" эң мыкты инсан гана тартыш керек. Бул вазийпаны тарыхты, эпосту билбеген бирөөгө табыштап, элди уят кылбаш керек дечү. Себеби "Манас" ал үчүн ыйык нерсе эле", — деди Чыңгыз Шамшиев.

"Манасчы" даректүү тасмасы Ысык-Көл облусунун Бостери, Ак-Өлөң, Темир айылдарында бир жылда тартылып бүтүп, 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, ошол эле жылы Германиянын Оберхаузен шаарындагы эл аралык сынакта баш байгеге татыган. Кийинки жылы Киевдеги Бүткүл союздук кинофестивалда илимий-популярдуу тасмалар арасында да сыйлыкка ээ болгон.

76
Белгилер:
таберик сүрөт, Болот Шамшиев, режиссер, Саякбай Каралаев, манасчы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү
Москва сахнасында кыргызды даңазалаган залкарлар. Таберик сүрөт
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт

Таластагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат

83
(жаңыланган 12:31 02.12.2020)
Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 4-декабрдагы "Манас күнүнө" карата Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү 11:00дө токтотулат.

Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен уюштурулат.

Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.

83
Белгилер:
"Манас Ордо" комплекси, Манас айтуу, Талас
Тема боюнча
Адистер манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдөө үчүн канынан анализ алды
Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннес китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

0
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

0
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды