Өзбек актеру Улугбек: "Делбиримде" жашадым, мен да Байтемирге окшошмун

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-өзбек киночуларынын биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасында Байтемирдин образын жараткан өзбек актеру Улугбек Кадыров
Кыргыз-өзбек киночуларынын биргелешип тарткан Делбирим тасмасында Байтемирдин образын жараткан өзбек актеру Улугбек Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Фатима менен Зухра" тасмасындагы ээгинде калы бар Шахрух эсиңиздеби? Улугбек Кадыров ошол тасма аркылуу эл оозуна алынып, атагы Өзбекстанга эле эмес, Кыргызстанга чейин жеткен. Андан бери бир нече ролдорду ойноп кино жылдызына айланды. Кыргыз-өзбек киночуларынын биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасында Байтемирдин образын жараткан.

5-декабрь күнү Бишкекте аталган тасманын бет ачары болот. Мунун алдында актер редакцияга баш багып, аны менен кабарчы Эламан Карымшаков маектешкен.

Улугбек Кадыров оор басырыктуу, аз сүйлөгөн жигит экен. Узун суроо узатсам да кыскача жооп келип жатты. Деген менен ачык, так сүйлөп турду. Студияга кирүүнүн алдында: "Эгер түшүнсөңүз өзбек тилинде сүйлөшсөм кантет? Мен да ичимдеги нерсени кенен айтып берейин",- деп калды. "Албетте, маселе жаратпайт, өзүм Ошто өзбек туугандар менен аралашып чоңойгом",- дедим. Ошентип маегибиз кыргыз-өзбек тилинде уланды.

© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуУлугбек Кадыров: Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында роль жаратуу мен үчүн чоң бакыт эле. Негизи "Жамийла" тасмасына тартылууну каалагам, бирок "Делбирим" буйруптур.
Съемки кыргызско-узбекского кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
Улугбек Кадыров: Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында роль жаратуу мен үчүн чоң бакыт эле. Негизи "Жамийла" тасмасына тартылууну каалагам, бирок "Делбирим" буйруптур.

— Сизге "Делбиримге" тартылуу шыбагасы кантип буюрду?

Съемки фильма Делбирим (Тополек мой в красной косынке) в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Мадина Талипбек: Аселдин ролунан кийин турмуш курууга олуттуу карап калдым
— Эрте жазда мени башка актерлор сыяктуу эле кастингге чакырышкан. Биринчи сүрөт, кийин видео сынагынан өтүп кеттим. Дегеле ушундай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында роль жаратуу мен үчүн чоң бакыт эле. Негизи "Жамийла" тасмасына тартылууну каалагам, бирок "Делбирим" буйруптур. Бул кино мурда үч жолу тартылган экен. Тилекке каршы, аларды көрбөптүрмүн, премьерадан кийин барып көрүп чыгам. Сөз берем! Өзүм тартылган фильмди да алиге чейин көрө элекмин. Ташкенттеги бет ачар аземине ден соолугума байланыштуу бара албай калдым. Буюрса, эртең сиздер менен чогуу көрөм.

— Тасмага чакыруу түшкөндө кандай кабыл алдыңыз?

— Абдан жагымдуу болду. Айтматовдун чыгармасынын негизинде жана анын 90 жылдыгына карата тартылып жатканын уккандан кийин ого бетер кубандым. Ошол кубанычыбыз дагы деле уланууда. Режиссер Сарвар Каримов актерлорго жакшы шарт түзүп берди, жыргап ойнодум.

— Улуу инсан жазып кеткен каармандын образын ача алдым деп ойлойсузбу?

— Мен азыр ишенимдүү түрдө эч нерсе айта албайм. Эгер актер өзүнө-өзү толук ишенип "мыктымын" десе болду, ошол жерде токтоп калат. Албетте, кемчиликтери да болушу мүмкүн… Мунун баарына көрүүчүлөр баа бериши керек.

Ачыгын айтканда роль ойногон жокмун, мен анын ичинде жашадым. Негизи бардык кинолордо эле чын жүрөктөн ойноого аракет кылам. Байтемир сыяктуу адамдар жашоодо аябай көп, балким биз кезиктирбей жаткандырбыз. Көчөдө калган аялды өз үйүнө киргизип, ага кам көргөн каарманды таап жазган Чыңгыз Айтматовдун кыраакылыгына дагы бир жолу ынандым. Мага ушул жери аябай жакты. Асел экөө бири-биринин көңүлүн таап бүлө курганы өзүнчө нерсе. Эгер Байтемирдин ордунда болсом, мен да ошондой кадамга бармакмын.

© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуКадыров: Мадина профессионал, бою узун, татынакай, театрда иштейт экен, демек жакшы актриса да
Съемки кыргызско-узбекского кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
Кадыров: Мадина профессионал, бою узун, татынакай, театрда иштейт экен, демек жакшы актриса да

— Кыргызстандык актриса Мадина Талипбек менен иштешүү кандай болду? Ага кандай мүнөздөмө берээр элеңиз?

— Башында кандай болот экен деп кыжаалат болгом. Мадина экөөбүз камеранын алдында бири-бирибизди жакшы түшүнүштүк. Ортодо пикир келишпестик болгон жок. Биздин мектебибиз, тамырыбыз бир да, жарым сөздөн түшүнүшүп иштей алдык. Ал профессионал, бою узун, татынакай, театрда иштейт экен, демек жакшы актриса да. Дароо эле эл аралык кинофестивалда "Мыкты актриса" наамын алып жатпайбы, эми ары жагын өзүңүз билип алыңыз… Режиссерду угуп айтканындай аткарды, чырдашкан жок, даяр актриса, ага ийгилик каалайм.

— Мурда-кийин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен тааныш белеңиз?

Актриса Элина Абай кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элина Абай кызы өзбек актерлору менен "Делбиримге" тартылат. Продюсер менен маек
— Мурда көп чыгармасын окубаганымды мойнума алам. "Делбирим" менен "Жамийланы" гана окугам. Институтта окуп жатканда мугалим "Чыңгыз Айтматовдун колуңарга тийген чыгармасын окугула" деген. Мен китепканага кирип эмнегедир "Жамийлага" көзүм түштү. Абдан жаккан, бул повесть менен үч жыл жашап жүрдүм. Ал эми "Делбиримди" окуганда минтип өзүм роль ойноп калам деп ойлогон эмесмин. Бирок Байтемирдин образы жаккан эле.

Баса, эми барып Айтматовдун бардык чыгармаларын окуп чыгам. Муну тасмага катышканым үчүн эмес, каалоом болгону үчүн айтып жатам. Анын дүйнөсү мени арбап алды, кызыгуум күчөдү.

© Sputnik / Табылды КадырбековУлугбек Кадыров жеке жашоодо дагы мүнөзү Байтемирге окшош экенин айтты. Ошондуктан анын образын ачуу жеңил болгон.
Узбекский актер, исполнитель одной из главных ролей в фильме Делбирим Улугбек Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Улугбек Кадыров жеке жашоодо дагы мүнөзү Байтемирге окшош экенин айтты. Ошондуктан анын образын ачуу жеңил болгон.

— Жеке жашоодо мүнөзүңүз кандай?

— Өзүмдүн мүнөзүмдү өзүм айтып бере албай жатам…

— Балким Байтемирге окшоштурсуз…

— Балким эмес, Байтемирдин дал өзүндөймүн (күлүп).

— Эмнеси менен?

— Аз сүйлөгөн, оор басырыктуу, жүрөгү таза десем туура болот го…

© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуКадыров: "Делбирим" тасмасы тартылып жатканда бир аз арыкташ керек болуп диета кармап жүргөм
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
Кадыров: "Делбирим" тасмасы тартылып жатканда бир аз арыкташ керек болуп диета кармап жүргөм

— Тасманы тартып жатканда эсиңизде калган окуяларды айтып берсеңиз?

— Өзүмдүн ролум тартылган күнү барып эле кайра кетип жаттым. Ошол учурда башка дагы эки тасмага түшүп жаткам. Анан бир аз арыкташ керек болуп диета кармап жүргөм. Кааласа нан, кааласа шоколад жеп жүргөндөр ар нерсеге аралашып кызыктуу окуяларга туш болушу мүмкүн. Мен анте алган жокмун.

— Кыргызстандык киночулар тасмага тартууга чакырса катышасызбы?

— Продюсер Паризат Жакыпбекова чынчыл, сөзүнө турган адам экен. Акырына чейин турду, "бул тасмага бир жарым жыл өмүрүм кетти" дегенде таң калдым. Ушундай адамдарыбыз көп болсо дагы бир топ кино жаратабыз деген ойдомун. Сиздер да келиңиздер, биз да баралы, көрүшүп турсак көп ийгиликке жетебиз. Бизди көп нерсе бириктирип турат, эки элдин ынтымагын бекемдөө үчүн иштей беребиз. Мисалы, ушул тасманын арты менен Бишкекке биринчи жолу келип отурам. Кичинемде бир келип базарга барган элек, аны элес-булас билем. Ал эми Ош шаарына көп эле барабыз, ар кандай иш-чараларга чакырып турушат.

© Sputnik / Табылды КадырбековКадыров: кыргызстандык продюсер Паризат Жакыпбекова чынчыл, сөзүнө турган адам экен. "Бул тасмага бир жарым жыл өмүрүм кетти" дегенде таң калдым.
Узбекский актер, исполнитель одной из главных ролей в фильме Делбирим Улугбек Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Кадыров: кыргызстандык продюсер Паризат Жакыпбекова чынчыл, сөзүнө турган адам экен. "Бул тасмага бир жарым жыл өмүрүм кетти" дегенде таң калдым.

— Буга чейин да чет өлкөлүк кесиптештериңиз менен роль жараттыңыз беле?

— Мындан жети жыл мурун казакстандык актерлор менен тартылгам. Бул экинчиси болду.

— Маектин соңунда үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Ата-энем, бир туугандарым, келинчегим, бир уул, бир кызым бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0