Арыкта аккан кан, өксүгөн Күйүкова. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

179
(жаңыланган 19:01 05.12.2018)
Мирбек Сакенов
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Арыкта аккан кан, өксүгөн Күйүкова. Ак кемедеги таберик сүрөт
© Фото / Александр Федоров

Белгилүү актриса, СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованын сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көлдө тартылган.

Ал жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тасма тартылып, актриса бүбүнүн образын жараткан.

Ошол учурду режиссер Болот Шамшиев мындайча эскерет:

"Ак кемеде" режиссер катары актерлерду өзүм тандагам. Бүбүнүн ролун ийнине жеткире аткарган Даркүл Күйүкова улуу калемгер Айматовдун чыгармасында сүрөттөлгөн улгайган кемпирге туура келген. Биз аны гримдеп мээрман энеге окшоштурганга аракет кылганбыз. Чындыгында актриса мындай образдарды эч кимди алдыга салбай ойночу. Ал эми жоо чаап келип кыргыздарды кырган жер Григорьев капчыгайында тартылып, атайын өрт коюп чындыкка жакын болтурууга аракет кылганбыз", — деди Шамшиев.

Тасмада ошондой эле Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Турсун Уралиев, Чоро Думанаев, Нургазы Сыдыгалиев, Сабира Күмүшалиева, Назира Мамбетова жана Айтурган Темирова роль жараткан.

"Ак кеме" 1976-жылы Фрунзеде өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге ээ болуп, аны тарткандар кийинки жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Өмүрүн театр жана киного арнаган Даркүл Күйүкова тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

179
Белгилер:
тасма, Сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, Даркүл Күйүкова, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (48)
Тема боюнча
Панфиловду таң калтырган кыз. Даркүл Күйүкова тууралуу 6 факты
Кожожаштын суйкайган Айкеси. "Ак илбирстин тукумундагы" таберик сүрөт
Ричард Тайсон менен кылыччан кыргыз балдар. "Чыңгыз хандагы" таберик сүрөт
Пикирлер